Аймак

ӨЗГӨНДҮК ЧЕКИСТТЕР ҮЙЛҮҮ БОЛУШТУ

ӨЗГӨНДҮК ЧЕКИСТТЕР ҮЙЛҮҮ БОЛУШТУ

 6 Бардыгы /

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Өзгөн райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн курулган кызматтык туракжайларды пайдаланууга тапшырды.

УКМКнын маалыматына караганда, бул турак жай 4 үй-бүлөгө ылайыкташкан жана жашоо үчүн зарыл  бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Үй тапшыруу аземине УКМКнын ардагердери, ошондой эле жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы катышышты. Иш-чарада Камчыбек Ташиев кийинки жылы президент Садыр Жапаровдун талаптарына ылайык, УКМКнын бардык кызматкерлерине үйлөр берилет жана бир дагыУКМК кызматкери үйсүз калбайт деп ишендирди. 

– Бирок, ошол эле учурда атайын кызматка коюлган талаптар дагы ого бетер күчөтүлөт. Өлкөдөгү ички жана тышкы коопсуздугун толук кандуу камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте мыйзамдуулук жана мамлекетке берилгендик менен кызмат кылышыбыз зарыл! Элибиз тынчтыкта жана коопсуздукта жашоого акылуу, – деп баса белгиледи Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев

УКМК ардагерлер тарабынан Камчыбек Ташиевге өлкө башчысы тарабынан ыйгарылган генерал-полковник жогорку аскердик чини менен куттуктоо ирээтинде белек тапшырылды. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, ъз кабарчыбыз 

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17