Аймак

“АДЕПТҮҮЛҮККӨ ТАРБИЯЛОО” АТАЛЫШЫНДАГЫ СПОРТТУН ФУТБОЛ ТҮРҮ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

“АДЕПТҮҮЛҮККӨ ТАРБИЯЛОО” АТАЛЫШЫНДАГЫ СПОРТТУН ФУТБОЛ ТҮРҮ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

 3 Бардыгы /

Адеп дегенибиз − адамдын жүрүм-турум нормасын аныктоочу моралдык эреже жөнүндөгү этикалык түшүнүк. Сылыктык, сыпайыкерчилик, кичипейилдик, уяттуулук сыяктуу түшүнүктөр адептүүлүккө жакын. Алар адептүүлүккө кирип, бири-бирин толуктайт, бирок алар маанилеш эмес. Алардын ар биринин өзүнүн мааниси, өзгөчөлүктөрү бар. Адептүүлүк − маданияттуу жүрүш-туруштун тышкы көрүнүшү, ал коомдук жана жекече турмуштагы өз ара мамилени сактоого багытталат. Кыргызда улууну сыйлоо, кичүүнү ызаттоо жогору бааланат. Адептик тарбия деп − максатка ылайык аң-сезимдүүлүктү, адептик сезимди, (адептүү) жүрум-турум көндүмдөрүн калыптандырууну жана адептик ыкмаларды өнүктүрүүнү айтабыз. Адептүүлүккө тарбиялоо деп − коомдогу адамдардын моралдык аң-сезиминин максатка жараша калыптанышын, ызааттуулук жактан өсүшүн, жүрүм-турум менен көндүмдөрүнүн иштелип чыгышын, о.э. эзелтеден келе жаткан өз элинин үрп-адаттарын, адептин прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоону, байытууну, башка улуттардын маданиятын үйрөнүүнү, салтын урматтоону, аларга сезгичтик менен мамиле кылууга тарбиялоону түшүнөбүз. Адептүүлүк түшүнүгү − гуманизм, достук, чынчылдык, адилеттүүлүк, коллективизм, альтруизм, ар ким өз жүрүм-турумун сын көз караш менен кароо, башкалардын кемчилигин адилет сындоо, патриотизм, интернационализм, эмгекти сүйүү ж.б. түшүнүктөрдү ичине камтыйт. Элдин пикиринде баланын билимге, өнөргө жетишүүсү үчүн ал кунт коюп кызыгуусу, ынтызар, ыкластуу болуусу зарыл, анткени кызыкпаган балага билим жукпайт -дешкен. “Окусаң озоорсуң, окубасаң тозоорсуң”. “Окуу билим азыгы, билим ырыс азыгы”, “Окуган жарык, окубаган – чарык” “Издесең − табасың, көздөсөң – аласың” – деп ырасташкан. “Адептик аң-сезими тарбияланбагандыктын, билимсиздиктин, маданиятсыздыктын натыйжасында жамандык менен жакшылык жөнүнүдөгү түшүнүктү толук ажырата албагандар бар. Аны кийин өздөштүргөндөр бала чакта өздөштүргөндөй туруктуу болбойт-деген.

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Райымбек Кулуев атындагы №11 жалпы орто билим берүүчү мектебинде окуучулар арасында спорттук иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Спорттук мелдештер жаштар арасында сергек жашоону калыптандыруу, бош убактыларын пайдалуу өткөрүү, ынтымакты чыңдоого өбөлгө болот. Чоң спортчулар ушул айылдагы кичи мелдештерден өсүп чыгат. Ошондой эле  алардын мекенчилдик сезимин ойготуп, патриоттуулукка үндөйт. 

Жылдагыдай салтка  айланган 2024-2025-окуу жылындагы 11-класстын окуучулары (эркек балдар) тарабынан спорттун футбол түрү боюнча мелдеш  демилгеленип, мектеп директору А. Мамбетова, дене-тарбия мугалимдери                   А. Наралиев жана А. Азимовдордун жетекчилиги астында 7-8-9-10-11-класстар (эркек балдар) арасында футбол оюну өткөрүлдү. 

    Мелдештин соңунда 1-орунду 9-а класс, 2-орунду 8-а класс, 3-орунду 10-класс жеңип алышты.  Жеңүүчүлөрдү  мектеп жетекчилиги тарабынан дипломдор менен  сыйланышты. Мындан сырткары оюнчулар «мыкты дарбазачы»,  «мыкты чабуулчу», «мыкты коргоочу» номинацияларына татыктуу болушту.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17