Аймак

Жүрсүнбек ӨМҮРЗАКОВ: “АЙРЫМ ТАҢКЫС АДИСТЕРИБИЗДИ АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮ КОНТРАГЫН ТӨЛӨП, ЖОЖдорго ӨЗДӨРҮ ОКУТУП ЖАТЫШАТ!”

Жүрсүнбек  ӨМҮРЗАКОВ: “АЙРЫМ ТАҢКЫС АДИСТЕРИБИЗДИ АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮ КОНТРАГЫН ТӨЛӨП, ЖОЖдорго ӨЗДӨРҮ ОКУТУП ЖАТЫШАТ!”

 3 Бардыгы /

Жашырып не. “Элет жерегесине жаш жана жаңы адистер таптакыр жолбой жатышат” деп ыйлактайбыз. А мындан ветеринария тармагы деле кур эмес! Бирок, эптеп эбин, жазгырып жолун таап, кендирди куп гана кескен бул көйгөйдөн ыкчам арылсак деле болчуудай. Ушул өңүттө Ош облусуна караштуу Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси Жүрсүнбек ӨМҮРЗАКОВ менен тоо жергесиндеги кеңсесинде кең-кесири ой бөлүштүк.

  • Жүрсүнбек мырза, аймактык-административдик

реформага ылайык Алай районундагы 14 айыл өкмөтү өз ара бириктирилип, эми булардын жетөөсү гана калтырылбадыбы. Деги мындай аракеттин кесепети Сиздерге тийген жокпу?

  • Жо-жок! Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын

штаты эч кандай өзгөртүүсүз калтырылды. Биздин мекемебизде жалпы жонунан 12 эле кызматкер эмгектенишет. Тактап айтканда, булардын жетиси – мамлекеттик кызматкер. Экөө – мамлекеттик эмес кызматкер. Ал эми үчөө – техперсонал жана кенже кызматкер.

  • Сиздер деле Ала Тоонун боорунда жамбаштап

жатпасаңыздар керек. Айтылуу Алай жергесиндеги мал-жандыктардын эсебин сөзсүз түрдө алып турасыздар да, туурабы??

  • Албетте! Сатистикалык маалыматтарга таянсак, Алай

районунда 41 419 – ири мүйүздүү мал, 156 771 – кой-эчки, 52 641 – канаттуу, ошондой эле 1 636 ит багылат. Ушулардын баары тең Докс программасынын бирдиктүү базасында дагы толук бойдон катталган.

  • Айтмакчы, бүгүнкү заман талабына жараша жылкылар

дээрлик идентификацияландыбы?

  • Ооба! Районубуздагы жылкыларды толук идентификациялоо

максатында 20 400 чип жана дагы 46 скайнер алынып келинип, буларды биз айыл өкмөттөрүнүн ветеринардык адистерине жана дагы биздин башкармалыктын тескөөчүлөрүнө калыс түрдө бөлүштүргөнбүз. Ошентип, районубуздагы 18 134 жылкынын баарына тең чип салынып, а түгүл электрондук базага дагы дароо эле киргизилди.

  •   Баса, бийик толуу аймактарда Сибирь жарасы, шарп,

кыргын, кутурма, чечек өңдөнгөн мал дарттары ыраса актвидешпедиби. Аталган дарттарга каршы мал-калдарди толук эмдөө жагы деги кантти экен?

  • Өзүңүздөр деле кыдырып көрбөдүңүздөрбү. Алай жергесин

байырлашкан жылкылар Сибирь жарасы, ал эми мүйүздүү малдар кан, бруцеллез, эмидедиант, чечек, кыргын, иттер бруцеллез, кутурма дарттарына каршы толук бойдон эмделишти.

– Жашырып каякка барасыздар. Жергеңиздерди жолбун иттер беймарал жойлошуп, ал эми мышыктар деле абдан күчөптүр го. Ошондуктан, буларды жок кылуу – кыруу дагыле көңүл борборунда тургандыр?

– Биз куралдандырган жана ок-дары менен камсыздаган мергенчилер дал ушул тапта айылма-айыл тегиз кыдырып жүрүшөт. Айыл өкмөттөрүнөн Тилектеште – 5, Курманжан Даткада – 71, Жибек Жолунда – 89, Жаңы-Алайда – 21, Памир-Алайда – 80, Ал эми Гүлчөдө – 294, жалпы жонунан дээрлик 560 жолбун ит атылып, толук бойдон өлтүрүлдү. Баса, союлган жылкыларды, ошондой эле атылган иттерди атайын Беккер чуңкуруна көмүүчү элек. Чындыгында, бул жараян деле чоң каражатты талап кылат. Быйыл районубуздан акими Чыңгыз Бапаевдин  түздөн-түз жардамы аркасында Беккер чуңкурунун саны дагы көбөйтүлдү.

Айтмакчы, бүгүнкү замандын талабына жараша Сиздердин башкармалыктын деле өзүнчө ветеринардык лабораториясы бардыр?

– Ооба! Заман талабына шайкеш Ветеринардык лабораториябыз бар.  Анда мал-калдин дартынын 52 түрүнө анализ жасалат. Бул жагынан шартыбыз абдан оңдолду десек эч жаңылышпаймын!

– Айтылуу Алай жергесиндеги мал базар, мал-кал союлуучу цехтер жана жеке касапканалар деги Сиздердин башкармалык тарабынан такай көзөмөлдөнүн турабы?

– Ананчы! Алайдагы жалгыз мал базар, 14 мал-кал эттерин соодалаган жай (касапкана) жана дагы жападан жалгыз мал союучу жай биздин ветеринардык лабораториябыздын, ошондой эле дасыккан адистерибиздин такай көзөмөлүндө турушат. Демек, эпизоотикалык жактан кооптонууга эч кандй негиз жок!

– Жүрсүнбек мырза, көптөгөн райондордо ветеринардык дарыгерлер таңкыс! Ошондуктан, бул тармакта дагыле пенсия курагындагылар аргасыздан иштеп жүрүшөт. А Сиздердечи?

– Кудайга шүгүр, көз тийбесин! Бизде мындай таңкыстык азырынча жок! А түгүл арым жаш адистерибизди айыл өкмөттөрү өздөрү контрагынын акчасын төлөп окутуп деле жатышат. Ошол себептүү алар ЖОЖдорду аяктагандан кийин кичи мекенине сөзсүз кайтышып, айылдарда милдеттүү түрдө иштеп беришет. Биз койгон талап деле кудум ушундай!

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Маектешебиз – Ош облусуна караштуу Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси Жүрсүнбек ӨМҮРЗАКОВ 40 жашта. Кыргыз Агрардык академиясынын ветеринардык дарыгер адистигин бүтүргөн. Үй-бүлөлүү. 6 баланын атасы. Буга дейре салык тескөөчүсүнүн жардамчысы, айыл башчысы, ветеринардык тескөөчү, ветсервис башчысы, Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматтарын абийирдүү аркалаган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17