Аймак

“КУДАЙ МАГА УЗАК ЖАШТЫ БЕРИПТИР” РЫСАЛАТ АПА 101 ЖАШТА

“КУДАЙ МАГА УЗАК ЖАШТЫ БЕРИПТИР” РЫСАЛАТ АПА 101 ЖАШТА

 3 Бардыгы /

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндө өлкөдө жашы бир топко келип калган жарандардын көңүлдөрүн көтөрүү максатында түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, белектер тартууланат. Мына ушундай маанилүү майрамды утурлай “Аймак” редакциясы Ноокен районунда жашаган 101 жаштагы Умарова Рысалат апа менен жакындан маек куруп, апанын башынан өткөргөн күндөрүн эскерип, жашоо турмушуна саресеп салып келди. Кылым жашты өткөргөн Рысалат апа 101 жашта. Ал аталган райондун Аримжан айылында уул баласынын үйүндө жашайт. Ардагер апа бир уул, бир кыздын, 7 небере 18 чеберенин сыймыктуу апасы, бак дөөлөтү чоң эне тай энеси.


“СОГУШ БОЛУП ЖАТСА ДА СОВЕТ ӨКМӨТҮ БИЗДИ ОКУТКАНДЫ ТОКТОТКОН ЖОК”

– Мен Умарова Рысалат. Быйыл 101жашка толдум. Өзүм Бөбүй кыштагынын сарыбагыш уруусунун кызымын. Кудайга шүгүр, кудай мага узак жашты бериптир. Мен өзүмдүн үй – бүлөмдө алты бир туугандын эң кичүүсү элем. Эл улуубуз агабыз болчу. Агам Улуу Ата мекендик согушка кеткен бойдон үйгө кайтпай калды. Мындан үч төрт жыл мурун да бир тууган эжем да кайтыш болуп кетти. Бир туугандардын ичинен мен жалгыз эле калдым. Ошентип мен өз заманында мектепти 7 классга чейин окудум, бирок чоң окуу жайга тапшырган эмесмин. Анда биз түшкө чейин окуп, түштөн кийин колхоздо иштейт элек. Ал учурда азыркыдай түрдүү тамак кайда дейсиң? Бирден токоч нан менен жарма берсе, ошону алып алып сүйүнүп, кара курсакты тойгозгондун айласы менен убара болуп иштейт элек. Эгерде иштебесен ошол токоч нан дагы жок болчу. Ошентип менин тагдырым катаал согуш учуруна туш болгон экен. Бирок согуш болсо да Совет өкмөтү окуугандарды токтоткон жок. Биз чоң окуу жайга болбосо да мектепти бүтүрдүк. Жада калса немес тилин да окутту. Мен немес тилинде сүйлөгөндөрдү түшүнөт элем. Ошентип окуп да, колхозго иштеп да бердик. Анда акча кармай турган заман эмес эле. Ошол мезгилде Совет өкмөтү ата- бабаларыбызды “кулак” дешип, кулактын балдары деп окууга да алышпай, колунда бар нерселерин тартып алып, көп кыйнап койду. “Кулак” деп колунда бар адамдарды айтат эле. Ал тургай куугунтуктап, үйсүз колотко боз үй тигип күн кечирген да мезгилдер өттү. Ал гана эмес ошол доордо үйлөр мектеп да дүкөн да болуп калган. Мен ойлойм да көрсө менин атам да ошондой табышкер колунда бар адам болгон экен. Мен анда жаш болчумун атам ыраматылык мен алты жашымда кете берди. Качан кулак өлдү деген кеп тараганда анан куугунтуктоо деген токтоду. Ошентип жаштыгым көп кыйынчылык жана кара мээнет менен эсте калды. Ал заман башкача эле. Азыркыдай техника деген болгон эмес. Ат менен кош айдап, пахта терип, кетмен чабат элек. Ошентип жүрүп турмушка да чыктым. Так эсимде жок бирок, мени эрте эле турмушка берип коюшкан. Ал учурда кайда дейсиз азыркыдай үйлөнүү мени согушка жиберебиз деп коркутуп эле берип коюшкан. Жолдошум 1914- жылкы эле менден бир топ жаш улуу болгон. Ыраматылык 73 жашында көзү өтүп кетти. Турмушка чыккан соң көп жыл төрөбөй жүрүп, бир уул, бир кызды жарык дүйнөгө алып келдим. Шүгүр эми минтип баламдын төрүндө сыйын көрүп олтурам. Балдарды окуттук! Балдар окууган учурда биз Кочкор-Ата шаарында жашайт элек. Ал жакта “Ломоносов” деген мектеп интернаты бар болчу. Ошол жерде 20 жылдан ашык аш позчу болуп иштедим. Абышкам болсо экономист эле өз кесиби. Ошол иши боюнча эле иштейт эле. Биз иштеген учурда өзүмдүн апам балдарды карап турат болчу. Иштен келгенден кийин өзүбүз карайт элек. Биздин жашоо, биздин заман мына ушундай болуп өтүп кетти. Азыр ошол учурдагы эмгектерибиз бааланып ардагер апа болуп олтурам, шүгүр. Ар жыл сайын майрамдарды күтөмүн. Анткени мени куттуктап келишкендер, чакыргандар көп. Көбүнчө 9-майда келишип сыйлыктарын беришип, көңүлүмдү көтөрүп коюшат. Убагында көп медалдарды дагы алганмын. Алгачкы медалды согуш токтогондон кийин Сталиндин доорунда алдым. Андан кийин орус президенти Владимир Путин да медал ыйгарган. Кийин өзүбүздүн районадан да келип беришкен. Анткени менин жолдошум согушка барып экинчи топтогу майыптыгы бар адам эле да. Мен өзүм да ошол доордо иштегеним үчүн да, майыптыгы бар жолдошумду караганым үчүн да жыл сайын сыйлыктарды берип турушат. Мен өзүм согушка барбасам да, катышкандай эле даражада экенмин деп ойлойм. Ошентип мен өзүмдүн эле эмес кайын журтумдун да балдарын кошо бактым. Ал тургай айылга да көптөгөн пайдамды тийгиздим. Кудайга шүгүр ошого жараша кадыр баркым да артып калган экен , учурда да сыйлагандар сыйлашып келип учурашып турушат.

“ЭНЕМ МАГА КАЙЫН ЭНЕЛИК КЫЛГАН ЖОК” Султаналиева Малика келини

-Малика. 70 жаштамын. Өзүм болсо 21 жашымда турмушка чыкканмын. Учурда төрт уулум неберелерим бар. Балдарымдын баары окуп, үйлөнүп өздөрү менен өздөрү болуп калды. Энем жөнүндө айта турган болсом. Энем өтө жакшы кайнене болгон. Ушул жерге келип энемдин колунан көп нерсени үйрөндүм. Азыр да болсо көп нерселерди айтып үйрөтүп турат. Дагы да үйрөнө элек нерселери болсо керек. Энем менен жашаганыма быйыл 50 жыл болот. Бул жылдар ичинде энем мени такшалтып койду десем болот. Анткени эч бир келип баарын билип келбейт да. Акырын акырын үйрөттү баарын. Ошондуктан ызаатап, сыйлайм.

“ЭНЕМ МЕНИН КЕҢЕШЧИМ” Каримжанов Азимжан улуу небереси

-Биз энемдин колунда чоңойдук. Көп тарбияны энемден алдык. Мен чоң небереси болгонум үчүн учурдагы жетишкен ийгиликтеримдин баары чоң энемдин тарбиясы менен деп айтат элем. Азыр баардык нерсе коммерция болуп калды го. Көрсө энем бул нерсени канча жыл мурда эле билген экен да. Энемден алган тарбия азыр өзүмө эле эмес жумушка да жеңилдик берет. Анткени энем бирөө менен урушпа, бирөөнү капа кылба деп көп насааттарын айтат эле. Ошондуктан мен ойлойм биздин оңой жашаганыбыздын баары ушул чоң энемдин салымы менен деп. Бир окуяны айтып берсем. Мен кичинекей мезгилимде чоң энемди жаман көрөт элем да. Анткени бизди кечке талаага алып чыгып иштете берет депчи. Ал учурда бала болгонбуз да балалык кылып ошентет элем. Ошондо да чон энем урушпай эле бир сөз айткан да. Ушундай бир күн келет, ошондо аябай жакшы жашайсыңар депчи. Анан күтөт элем да ал күнү качан келет экен деп. Мына ошол күн да келди кудайга шүгүр жашообуз жакшы. Ушул нерселердин баардыгы ушул кишинин аркасынан да. Биз эле эмес азыр небере, чеберлери дагы энемдин кичине коңур үнүнөн да сестенип турушат.Муну демек чоң энемди ызааташат деп түшүнөм. Себеби көп жаш балдар чоң энелердин айтканын угушпайт го. А бизде андай нерсе жок баары тең энемдин айтканын угуп ызааташат. Чоң энем убагында катуу да мээнеткеч да аял болгон да. Ишти да жасайт эле тарбияны да берет эле. Ушул кишинин кеңешинен биз жакшы жашоого мээнет кылганга умтулуп үйрөндүк десем болот. Азыр деле көп иш кылганда энемден кеңеш сурап айтып иш кылам да. Мындайча айтканда энем менин кеңешчим болуп калды.

Эске салсак, бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. Саамалыкты белгилөөнүн максаты бул дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдурууга багытталган. Алгач бул датаны Европада, андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аягында бүт дүйөн белгилей баштаган. 1-октябрь күнү көптөгөн өлкөлөрдө түрдүү фестивалдар, майрамдар, акциялар жүрөт. Мунун баары улгайган адамдардын укуктарын коргоо, аларга көмөк көрсөтүү үчүн жасалат. Өкмөттүк эмес уюмдар ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп, радио жана теле берүүлөрдө карылардын көйгөйлөрүн чагылдырышат.

Кепке тарткан Алтынай Урматбек кызы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17