Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
10 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун түздөн-түз тапшырмасына ылайык Ош облусуна караштуу Араван районунда дагы дайындалган пенсияларды индексациялоо жана кайрадан эсептөө толук кандуу жүргүзүлдү. Мунун чоо-жайын Араван райондук Социалдык Фонд башкармалыгынын жетекчиси Расул АТТОКУРОВдон атайылап барып сураштырдык. -Расул мырза, Араван району – Ош облусундагы гана эмес бүтүндөй Кыргызстандагы эң чоң жана дагы калкынын саны […]
11 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун түздөн-түз тапшырмасына ылайык Ош облусуна караштуу Араван районунда дагы дайындалган пенсияларды индексациялоо жана кайрадан эсептөө толук кандуу жүргүзүлдү. Мунун чоо-жайын Араван райондук Социалдык Фонд башкармалыгынын жетекчиси Расул АТТОКУРОВдон атайылап барып сураштырдык. -Расул мырза, Араван району – Ош облусундагы гана эмес бүтүндөй Кыргызстандагы эң чоң жана дагы калкынын саны […]
Расул АТТОКУРОВ: “ОРТОЧО ПЕНСИЯ МУРУНКУ ЖЫЛДАРГА САЛЫШТЫРГАНДА 1481 СОМГО КӨТӨРҮЛДҮ”
04.10.2024 / Автор anarkan_kg

12 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун түздөн-түз тапшырмасына ылайык Ош облусуна караштуу Араван районунда дагы дайындалган пенсияларды индексациялоо жана кайрадан эсептөө толук кандуу жүргүзүлдү. Мунун чоо-жайын Араван райондук Социалдык Фонд башкармалыгынын жетекчиси Расул АТТОКУРОВдон атайылап барып сураштырдык.
-Расул мырза, Араван району – Ош облусундагы гана эмес бүтүндөй Кыргызстандагы эң чоң жана дагы калкынын саны абдан арбын Аймак. Демек, жергеңиздерди ушул тапта жалпы жонунан канча канча пенсионер туруктуу байырлашат?
-Ооба. Көз тийбесин! Кыргыз Республикасынын президентСадыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун түздөн-түз тапшырмасына ылайык районубуздун аймагында жашап жатышкан 14 183 пенсионердин 96сынын иш кагаздары Борбордук Аппаратка кайрадан эсептөө үчүн жөнөтүлдү.
Ал эми майыптыгы боюнча 2625 пенсионерибиз бар эле. МСЭКтин (медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын) корутундусунун мөөнөтү бүтүп калгындыктан, булардын 35инин пенсиясы токтотулган. Ушуга улай багуусунан ажырагандардын 537сине пенсия чектелген. Тилекке каршы, булардын арасынан 60 адамдын пенсиясы окуу жайынан аныктама жоктугуна байланыштуу 1-сентбярдан тартып эле аргасыздан токтотулган.
-Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон “Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Араван районунда деле пенсиялар индексацияланып жана кайрадан эсептелип жаткандыр?
-Ооба! Жалпысынан пенсионерлерибизди камсыздандыруу бөлүгүнө – 18 пайыз, башкча айтканда, 1000 сомдон кем эмес эсептелинди. Ошондо 6900 сомго жетпеген пенсионерлердин пенсиясы эң кеминде 6900 сомго дейре жогорулатылды. Демек, ошентип, орточо пенсияга мурунку жылдарга салыштырганда дээрлик 1481 сомдон кошулду.
-Деги кары-картаңдар пенсиясын өз убагында кантип алып жатышат?
-Бул өңүттө эч кандай проблема жок! Пенсиянын 20 пайызы дагыле жер-жерлердеги почталар аркылуу гана ээлерине таратылат. Ал эми 80 пайызына өздөрүнүн финкарточкаларына “АйылБанк”, “Кыргызстан”, “Элдик Банк”, “Айыл Банк”, ЭкоИсламикБанк,, “БТА Банк”, “ФинансКредитБанк, “Компаньон” жана дагы “Финка” банктары аркылуу милдеттүү түрдө которулат.
-Демек, мурункудай пенсия таратуудагы коррупция жана дагы тааныш-билишчилик дээрлик тыйылыптыр да?
-Сиз жогоруда санактаган коррупциялык жоруктардын дал ушул тапта аты түгүл, жыты дагы жок! Башыбызды куп гана ооруткан ошол көйгөйлөрдөн биротоло арылдык десем мен эч жаңылышпаймын!
-Расул мырза, демек, орточо пенсия дагы көтөрүлдү деңизчи?
-Ооба! 2023-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда орточо пенсия 8024 сом болсо, ал эми бул көрсөткүч ушул тапта 9506 сомду чапчыды. Демек, көз тийбесин, байкалаарлык жылыш бар, эй!
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Маектешибиз – Араван райондук социалдык фонд башкармалыгынын жетекчиси Расул АТТОКУРОВ 1994-жылдын 12-октябрында Ош облусунун Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргон кыштагында төрөлгөн. Саналуу күндөрдөн кийин гана 30 жашка араң толот. Академик Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетин бүтүргөн. Адистиги – экономист-финансист. Эмгек жолун Чоң-Алай районунда баштап, катардагы кызматкерликтен Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгына дейре эмгектенген. 2023-жылдын 18-январынан тартып Араван райондук Социалдык Фонд башкармалыгын абийирдүү гана жетектеп келатат.


Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
17.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна БЫЙЫЛ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ 2-СЕНТЯБРДА ГАНА БАШТАЛАТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.