Аймак

Султанбек ҮСӨНОВ: “УШУЛ КҮНГӨ КАРАТА КАРА-СУУЛУК ПЕНСИОНЕРЛЕРГЕ 3 МИЛЛИАРД 327 МИЛЛИОН 205 МИҢ 54 СОМ ТАРАТТЫК!”

Султанбек ҮСӨНОВ: “УШУЛ КҮНГӨ КАРАТА КАРА-СУУЛУК ПЕНСИОНЕРЛЕРГЕ 3 МИЛЛИАРД 327 МИЛЛИОН 205 МИҢ 54 СОМ ТАРАТТЫК!”

 3 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда деле пенсия чектелгендердин катары мезгил өткөн сайын улам калыңдап гана баратат. Ошентсе дагы, чектелген каражаттын убагында төлөнүшү деги жайында бекен? Ушул өңүттө Кара-Суу райондук Социалдык Фонд башкармалыгынын жетекчиси Султанбек ҮСӨНОВду жумушунда кармап, капыл-тапыл кепке тарттык.

-Султанбек мырза, Сиздерге пенсия чектөө жаатында кайрылгандар арбын экен. Эмнеге?

-Заман талабына жараша биздин түйшүгүбүз дагы, албетте, ого бетер көбөйбөдүбү. Ушул жылдын 1-октябрына карата 3133 жараныбыз пенсия чектөөнү суранып бизге арыз жолдошту.

-Эмне, буларды кагазга каттап эле кутуласыздарбы?

-Жо-жок! Мамлекеттик пенсия чектөөнүн өзүнчө жол-жобосу жана дагы катуу тартиби бар. Муну үчүн атайын иш-кагаздары жана дагы толгон-токой документтер талап кылынат. Ошолордун баары толукталгандан кийин гана мыйзам чегинде мамлекеттик пенсия сөзсүз чектелет.

-Деги Сиздер жанагыл 3133 жарандын жаш курагын, жемайыптуулугун жана багуусунан ажырагандыгын текшерип-териштиресиздерби?

-Албетте! Баарын тең дыкаат текшерип-териштиргенден кийин гана жаш курагы боюнча – 2124, майыптыгына карап – 931, багуусунан ажыраган – 78 кишиге акыры пенсия чектедик.

-Мамлекеттик топтомо пенсиялык Фонду бар да. Демек, анын казынасынан канча пенсионерге жана кары-картаңдарга каражат – пенсия төлөндү?

-Мамлекеттик топтомо пенсиялык Фондунун 2 пайыз топтомо бөлүгүнөн 329 пенсионерге – 8 802 783 сом, ал эми булардын ичинен 11 пенсионердин мураскорлоруна – 435 699 сом төлөндү.

-Жалпысынан Кара-Суу жергесин ушул тапта канча пенсионер байырлашат?

-Ушул жылдын 1-октябрына карата пенсионерлерибиздин саны 40 930 кишини чапчыды. Жаш курагы боюнча чыккандар – 32 571, майыптыгы барлар – 6 689, ал эми багуучусунан биротоло ажырагандар – 1 618. А аскерде кызмат өтөгөндөр – 52.

-Ошондо буларга орточо канча сомдон пенсия чектелиптир?

-Ушул тапта пенсиянын орточо өлчөмү – 7 968 сом. Албетте, азыркы шартта жаман деле эмес!

-Ай сайын булар акчаларын – пенсияларын кантип алып турушат?

-32 950 пенсионер акчаларын биз менен келишим түзгөн 18 банк аркылуу гана алышат. Буларга ай сайын 251 773 0 074 сом түз эле которуп турабыз. Буга улай “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынын 39 Байланыш бөлүмдөрү аркылуу 7 971 пенсионер тейленет. А буларга ай сайын 70 664 151 сом которулат.

-Султанбек мырза, ошондо ушул күнгө карата деги канча сом пенсионерлердин өз колуна тийди экен?

-Кара-Суу районунда ушул тапта 40 930 пенсионерибиз бар. Булардын баарына тең 3 миллиард 327 миллион 205 миң 54 сом тараттык. Демек, ушул күнгө карата мамлекеттин пенсионерлерге бир тыйын дагы карызы жок!

        Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17