Аймак

АРСТАНБАПТАГЫ СЕЛДИН СЕБЕПТЕРИ АНЫКТАЛЫП, БИР КАТАР МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

АРСТАНБАПТАГЫ СЕЛДИН СЕБЕПТЕРИ АНЫКТАЛЫП, БИР КАТАР МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

 6 Бардыгы /

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Арстанбап айылында болуп өткөн селдин себептери жана шарттары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.      Бул тууралуу КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары тарабынан 2006-2019-жылдар аралыгында суу коргоо зонасында жайгашкан 15 жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Андан соң Арстанбап-Сай дарыясынын жээгинде бир катар соода объектилери курулган.

2024-жылдын 23-июлунда болгон селдин кесепетинен Арстанбап-Сай дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен ички чарбалык жолдордо сел жүрүп, имараттарды, соода объектилерди жана турак жайларды сел каптап, аймакта өзгөчө кырдаал абалы түзүлгөн.

Башкача айтканда, Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жана жеке жактарга  24 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде  кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17