Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы айланма жолдун ачылыш аземине катышты.Мамлекет башчысы өз сөзүндө айланма жол салуу менен өлкөбүздүн транспорттук инфратүзүмүн эле өнүктүрбөстөн, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багыт алган маанилүү салым болгонун айтты. “Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айында башталган бул долбоорду мына декабрь […]
2 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы айланма жолдун ачылыш аземине катышты.Мамлекет башчысы өз сөзүндө айланма жол салуу менен өлкөбүздүн транспорттук инфратүзүмүн эле өнүктүрбөстөн, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багыт алган маанилүү салым болгонун айтты. “Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айында башталган бул долбоорду мына декабрь […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ӨЗГӨН РАЙОНУНДАГЫ АЙЛАНМА ЖОЛДУ АЧТЫ
06.12.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна3 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы айланма жолдун ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө айланма жол салуу менен өлкөбүздүн транспорттук инфратүзүмүн эле өнүктүрбөстөн, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багыт алган маанилүү салым болгонун айтты.
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айында башталган бул долбоорду мына декабрь айынын башында ишке берип жатабыз. Долбоордун алкагында жаңы жол гана салынбастан, Кара-Дарыяга 197 метрлик жана Жазы дарыясына 77 метрлик эки чоң көпүрө салынгандыгын баса белгилеп кетейин. Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарттар түзүлүп, айланма жолдо мал айдап өтүүсү жана ички айылдардын каттамы үчүн жолдун асты менен өтүүчү өтмөктөр дагы курулду”, – деди Садыр Жапаров.
Президент Өзгөн шаар ичин аралап өткөн бул жолдун азабынан жаралган тыгын маселесин 2022-2023-жылдардагы Элдик Курултайда да көтөрүлгөнүн эске салды.
“2023-жылдын соңунда “Өзгөн шаарын айланып өтө турган автожол салуу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгым чыккан. Эми мурунку жолдун шаар аралап өткөн бөлүгүн сыртка алып чыгуу менен Өзгөн шаарында тыгын азайып, шаар ичиндеги каттам жөнгө салынат деген ишеничтебиз. Буюрса, мындан ары жергиликтүү элдин убактысын алып, беймазага салып, ары-бери өтүүдө жол кырсыгы сындуу тобокелчиликтер жоюлат”, – деп Мамлекет башчысы баса белгиледи.
Садыр Жапаров бул Өзгөн айланма жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы менен ишке ашырылган жол куруу тармагындагы биринчи долбоор экенин айтты. Ушундай эле ыкма менен бардык каалоочулар башка альтернативдүү, акы төлөп жүрө турчу жолдорду курууга катыша алышат.
Президент өз сөзүндө жаңы жана пландаштырылып жаткан альтернативдүү жолдордун курулушу региондордун жол инфраструктурасын кыйла жакшыртары жөнүндө айтып берди.
Негизги долбоорлордун катарында Суусамыр – Арал альтернативдүү жолу (115 км), Алматы – Кемин – Ысык-Көл авто жолу (150 км), Бишкек – Кемин айланма жолу (105 км), Ош (35 км), Ноокат (12 км). Мындан башка дагы альтернативдүү жолдордун долбоорлору даярдалып жатат, алардын ичинде Токтогул суу сактагычынын ортосун кесип өтө турган жол салына турган болсо азыркы жол 80 чакырымга кыскартылат, дагы Төө-Ашууда азыркы туннелден миң метрге төмөнкү деңгээлде альтернативдүү туннелди куруу аркылуу жолдо жүрүү убактысын кыйла кыскартууну караган долбоор да бар. Бишкектен “Манас” аэропортуна жетиш үчүн Маевка, Озерное айылдары аркылуу өтө турган 27 чакырымдай альтернативдүү төлөнүүчү жол бар.
Садыр Жапаров жолдордун өзүн-өзү актоосу өтө узак мезгилге созуларын баса белгиледи. Бирок жол инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгын эске алып, мамлекет эл аралык жана улуттук маанидеги жолдорду курууну улантууда.
“Биз кошумча жолдорду салууну жеке жактарга берүүгө даярбыз. Эң биринчи кезекте ички инвесторлорубузга артыкчылык беребиз. Керек болсо өзүбүздүн ишкерлерге конкурсу жок, түз эле берүүгө макулбуз”, – деп, Мамлекет башчысы акчаларды ушундай элге пайда алып келе турган долбоорлорго жатырым кылууга чакырды.
Садыр Жапаров ички инвесторлор келбесе, же алар кайсыл бир долбоорлорду технологиялык же каржылык тоскоолдуктардан улам ишке ашыра албаса, анда сырттан келген инвесторлорго бергенге аргасыз болорун баса белгиледи.
Ошону менен бирге Президент ыркырашып-чыркырашып, жакшылыктарды жамандыкка буруп, ниети бузук журналисттер жалган маалыматты чындай кылып таратып турган өлкөлөрдөн тыштан келген инвестор эмес, ички инвесторлор да тышка качып, чыгып кетишерин айта кетти.
“Мисалы, биздин бай жарандарыбыз буга чейин завод-фабрикаларды салып, ошол жакта бизнес кылып келишкенин бардыгыңыздар жакшы билесиздер. Азыр ошолордун баарына мамлекет тарабынан кепилдик берилип, өлкөнүн ичинен инвестиция салдырып жатабыз. Кечээ Өмүрбек Бабановду кабыл алдым. “Азия Молл” соода борборунун аянтын чоңойтуп, тышки келбетин жакшыртыш үчүн 18-20 млн доллар акча салып атат. 50 млн долларга технопарк куруп, январдын аягында ачылышы пландалып жатат.
Башка ички инвесторлорубузга көлдүн жээгинен 10-20 гектарлап жер бердик. Алар 100-150 млн долларлык 5 жылдыздуу отель, пансионаттарды салып башташты. Эки жылда аларды ишке киргизип калабы, деп болжолдоп жатабыз”, – деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы акыркы 3 жылда Кыргызстанда бир дагы митинг болбогонуна токтолду.
“Стабилдүүлүк орноду, ички дүң продукциябыз өстү. Ошол үчүн тыштан келген инвесторлор азыр кезекке келип тура башташты. 2021-жылдан бери биздин өлкөгө түз жана кыйыр түрдө 5 млрд доллардан ашык тыштан инвестиция келди. Ошондуктан биз каралоочуларга көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштеп, адал иш менен жеңебиз”, – деди Президент.
Садыр Жапаров жол инфратүзүмү мамлекеттин кан тамыры болуп эсептелгендиктен, бул тармакты өнүктүрүү менен өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүнө шарт түзүлөрүн айтты. Жаңы жолдор аймактын логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, соода жана туризм тармактарынын алдыга жылышына чоң өбөлгө болот.
“Аймактар аралык жолдор жакшырып, каттамдар артса, өлкө экономикасы дагы өсөт. Бүгүнкү күнү Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу дээрлик бүттү, жаңы тоннель да жакында ачылат, аны менен аймактардын каттамы дагы арбый тургандыгына шек жок. Ошондой эле Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Түп-Кеген жана Корумду-Балбай баатыр автожолдорунун курулуштары келерки жылы толугу менен бүткөрүлөт”, – деди Мамлекет башчысы, ал эми эл аралык мааниге ээ “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушунун баштоо үчүн ушул айдын соңунда “мезгил кутусу” салынарын маалымдады.
Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жолдун курулушуна катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.
Автор Акбермет Орозалиевна
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
06.12.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ӨЗГӨН РАЙОНУНДАГЫ АЙЛАНМА ЖОЛДУ АЧТЫ
-
06.12.2024 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ТЕРГӨӨЧҮГӨ 4 МИҢ ДОЛЛАР ПАРА СУНУШ ЭТКЕН ЖАРАН КАМАЛДЫ
-
06.12.2024 / Автор anarkan_kg 73 ЖАШТАГЫ МЕКЕНДЕШИБИЗ ЖӨӨ-ЖАЛАҢ ЖҮРҮП БАТКЕНДЕН БИШКЕККЕ ДЕЙРЕ ЖЕТТИ
-
-
15.12.2023 / Автор anarkan_kg САЛЫК КЫЗМАТЫ: БАЗАРДА ИЖАРА АРЗАНДАГАНЫ КЕЛЕРКИ АЙДА БАЙКАЛАТ
-
25.12.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДАГЫ АБАКТЫН ОРДУНА АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТТАР КУРУЛАТ
Маек
Жумабай ТОКТОСУНОВ: “КАРА-КУЛЖА СУГАТ СУУГА ЗАР ЭМЕС!”
Жашырып не. Азык-түлүк коопсуздугун толук кандуу камсыз кылууда суу чарба…
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.