Аймак

ОШТО МЫЙЗАМСЫЗ АҢЧЫЛЫК КЫЛГАНДАР АКЧАЛАЙ АЙЫПКА ЖЫГЫЛЫШТЫ

ОШТО МЫЙЗАМСЫЗ АҢЧЫЛЫК КЫЛГАНДАР АКЧАЛАЙ АЙЫПКА ЖЫГЫЛЫШТЫ

 6 Бардыгы /

Ош облусунда эс алуу күндөрү аңчылык эрежелеринин сакталуусу жана браконьерликтин алдын алуу боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Аталган рейд Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын облустук тескөөчүлөрү жана Германиянын табиятты коргоо уюму (NABU) тарабынан уюштурулган «Барс-2» тобунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Рейд маалында олуттуу мыйзам бузган 6 жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык 6 протокол түзүлдү. Мыйзам бузуучуларга ар бирине 12 500 сомдон, жалпы 75 миң сом айып салынды.

Кыргыз Респуликасынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы табигый ресурстарды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы иш-аракеттерин мындан ары дагы ырааттуу түрдө улантат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17