Аймак

ӨРТ КЫРСЫГЫ БИР ҮЙДҮ ЖАЛМАДЫ

ӨРТ КЫРСЫГЫ БИР ҮЙДҮ ЖАЛМАДЫ

 9 Бардыгы /

Көпчүлүк өрт турак үйлөрдө болот. Адамдардын отко шалаакы жана камырабастык менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себеп болууда. Туш келди ташталган тамеки калдыгы, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, кароосуз калтырылган балдар, бузулган мештерди колдонуудан орду толгус кырсыктар болуп өтөт. Өрттүн кесепетинен үйлөр, үй мүлктөрү, мал жандыктар күйүп, айрым учурларда адамдар каза болот.

Жаңырган жылдын 27-январь күнү Жалал-Абад шаарынын М.Сыдыков көчөсүндөгү №14 даректе жайгашкан турак үйдө өрт кырсыгы катталды. Өрт кырсыгы турак үйдүн жылытуу үчүн от жагуучу меш жайгашкан бөлмөсүнөн чыгып, натыйжада төрт бөлмөдөн турган турак үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен кычыраган кыштын күнүндө бир үй-бүлө үйсүз калды.

Бул үчүн өлкөбүздүн ар бир жараны өрт коопсуздугунун жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин так сактоо керек.

Өрттүн чыгуу себептери:

– турак үйлөргө жана имараттарга жакын таштандыларды күйгүзүү;

– отко этиятсыздык мамиле кылуу;

– балдардын от менен ойноосу;

– чагылгандын оттору;

– майланган материалдардын өзүнөн-өзү күйүүсү;

– автотранспорттун иштелип чыккан газынын учкундары;

– айнек менен күндүн нурунун фокусталуусу (күчөтүлүүсү) натыйжасынан келип чыгат.

Ар дайым эсиңизде болсун: балдарды кароосуз калтырбаңыз; ширенкелерди балдардан катып салыныз;күйүп турган ширеңке, тамеки калдыктарын таштап салбаңыз;тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон калтырбаңыз;электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз;

имараттарга жакын от жакпагыла, өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөңүз; ачык күйгөн от менен жылытпаңыз; күйүп турган газ плитасынын үстүнө кургатууга кир жайбаңыз; бузук электр гриляндалары менен балатыны кооздобонуз; чатырларда, жер төлөлөрдө жана тепкич менен аянтчаларда күйүүчү материалдарды сактабаңыз; газ шаймандарын (плиталарын, суу жылытуучу колонкаларды) түнкүгө же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз;

жашы жете элек балдардын алардын колдонуусуна жол бербеңиз;

өрт кооптуулугу бар суюктуктар жана заттар менен иштөө учурунда этият болуңуз.

Өрт учурундагы аракеттер: өрт учурунда зарыл түрдө өрт жөнүндө үн чыгаруучу сигналдар менен жана 101 телефону боюнча кабарлоо; адамдарды эвакуациялоо, жардам көрсөтүү; колдо бар каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү; материалдык баалуулуктарды жана жаныбарларды эвакуация кылуу.

Өрттү өчүрүүнүн ыкмалары: жалындап күйүп жаткан керосинка, керогаздарды жууркан-төшөк менен бышык же кийим менен жаап салуу;жерге төгүлүп күйүп жаткан суюктуктарды кум же топурак менен;күйүп жана жаткан эмеректерди буюмдарды суу менен төгүү менен өчүрүү керек.

Бул нускоодо баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо сиздин турак жайыңызды жана мүлкүңүздү өрттөнүүдөн сактайт.

Эскерте кетебиз, шаардык өрткө каршы кызматынын телефону «101» же “112”.

Айбек ИМАНОВ, Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдалдар бөлүмүнүн

өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы, майор                                                             

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17