Аймак

АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ ЖАНА БААЛАРГА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ

АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ ЖАНА БААЛАРГА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ

 45 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал–Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык, облус аймагында азык–түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, эт азыктарынын бааларына туруктуу мониторинг жүргүзүү, алып–сатарлыкка жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча иш–чаралар улантылууда.

Социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөө максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Аталган иш-чаралардын алкагында бүгүн Сузак районунун Сузак айыл аймагында эт саткан соода түйүндөрүнө рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө соодагерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эттин баасы 680–690 сомдун чегинде гана сатылышы керектиги эскертилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бааларды негизсиз жогорулатуу фактылары аныкталып, мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17