Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,927 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Жалал-Абад областынын бир катар аймактарын кыдырды деп билдирет өкүлдүн басма сөз катчысы. Алгач, КРнын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун азыркы абалы менен таанышты. Жалал-Абад аэропортуна акыркы жылдары финансылык каражаттардын тартыштыгынан улам самолёт учуп-конбой калган. Тоолуу аймака кирген Жалал-Абад аэропорту «Д» классына кирип, 1945-жылы ишке […]
1,928 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Жалал-Абад областынын бир катар аймактарын кыдырды деп билдирет өкүлдүн басма сөз катчысы. Алгач, КРнын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун азыркы абалы менен таанышты. Жалал-Абад аэропортуна акыркы жылдары финансылык каражаттардын тартыштыгынан улам самолёт учуп-конбой калган. Тоолуу аймака кирген Жалал-Абад аэропорту «Д» классына кирип, 1945-жылы ишке […]
КРнын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Жалал-Абад областынын бир катар аймактарын кыдырды (Фото баян)
05.02.2015 / Автор orozalieva1,929 Бардыгы /
![]()
![]()
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Жалал-Абад областынын бир катар аймактарын кыдырды деп билдирет өкүлдүн басма сөз катчысы.
Алгач, КРнын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун азыркы абалы менен таанышты. Жалал-Абад аэропортуна акыркы жылдары финансылык каражаттардын тартыштыгынан улам самолёт учуп-конбой калган. Тоолуу аймака кирген Жалал-Абад аэропорту «Д» классына кирип, 1945-жылы ишке киргизилген. Аэропорттун учуучу-конуучу аянты узуну 1780 метр, туурасы 35 метрди түзөт. Аэродром «Манас» Эл аралык аэропортуна карап, 3-класстагы ЯК-40, Л-410, Ан-24 жана Ан-26 аба кемелерин күндүзгү шартта тейлөөгө эсептелген. Жалал-Абад аэропорту 1972-жылдан тартып капиталдык ремонттоодон өткөрүлгөн эмес. 2014-жылдын октябрь айынан тартып самлёттордун учуп-конуулары токтогон. Учурда аэропортто иштеген кызматкерлердин эмгек маяналары жана керектелүүчү финансылык чыгымдар ААК «Манас» Эл аралык аэропортунун Оштогу филиалы тарабынан каржыланат.
Жалал-Абад шаарынын архитектуралык курулушун өнүктүрүүдө жана инфраструктурасын кеңейтүү жагын эске алганда аэропорттун шаар ичинде жайгашуусу талапка туура келбейт.
КРнын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Жалал-Абад шаарындагы №10 жаза аткаруу колониясынын абалы менен дагы таанышты. Бул жаза аткаруу колониясы 1963-жылы ишке киргизилген. Келечекте Жалал-Абад аэропорту менен №10 жаза аткаруу колониясын шаардын аймагынан сыртка көчүрүп чыгаруу жагы акырындык менен ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү А. Маматалиев Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Сейитказы айылын аралап өтүүчү каналдын курулуш иши менен дагы кенен таанышты. Жалпы жонунан 2134 метрди түзгөн селге каршы курулуп жаткан каналдын долбоору 92 млн. сомду түзөт. Азыркы күнгө чейин 14 млн. сом каражат иштетилди. Каналдын курулушун Ош шаарына жайгашкан ЖЧК «Тэрон» уюмунун куруучулары жүргүзүп жатышат.
Бул аймакта 2011-жылы 8 жолу, 2012-жылдары 11 жолу катуу сел жүрүп, 1000ден ашуун кожолуктардын үйлөрүн суу каптап, айыл чарба эгиндерине олуттуу зыяндарды алып келген. Ушул жылдары келтирилген жалпы зыян-чыгаша 250 млн. сомду түзгөн. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 12 млн. 700 миң сомдук жумуштар аткарылды. Каналдын боюнча жайгашкан беш үй-бүлө коопсуз аймактарга көчүрүлүп, мамлекет тарабынан аларга компенсация төлөнүп берилген. Ал эми Базар-Коргон—Арстанбап жолундагы ушул каналдын көпүрөсүн куруу ишин КРнын транспорт жана коммуникация министрлиги өз мойнуна алган. Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Дөлдөев КРнын вице-премьер-министринен ушул каналдын курулушуна кошумча каражаттан жардам берүүсүн өтүнүп кайрылганда республикалык бюджеттен 10 млн. сом кошумча бөлүнөөрүнө көмөк көрсөтөөрүн Өкмөт мүчөсү ишендирип кетти.
КРнын вице-премьер-министри А. Маматалиев Ноокен районундагы Бүргөндү жана Достук айыл аймактарындагы насостук суу чыгаруучу станцияларды дагы бир сыйра көздөн кечирип чыкты. Өкмөт мүчөсүнүн Жалал-Абад областы боюнча иш сапарын Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев баштаган бир катар жетекчилер коштоп жүрүштү.
Жолдошбай Осмонов, журналист
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.