Аймак

Токтогул ТУМАНОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: “Мен 4 жыл депутат болуп бир жер, бир үй же бир имарат сатып албадым”

 2,471 Бардыгы /

Токтогул ТУМАНОВ, Жогорку Кеңештин депутаты:   “Мен 4 жыл депутат болуп  бир жер, бир үй же бир имарат сатып албадым”

– Туктогул Туманович ишкердиктен саясатка киришиңизге эмне түрткү болду?

-Чынын айтканда 2010-жылга чейин мен саясатты ойлогон эмесмин. Ага чейин ишкердикте эле жүргөнмүн. 2005-жылдан баштап ишкердикке саясат тарабынан көз караш өзгөрүлүп, кысым көрсөтүлө баштады. Ишкердик оңой көрүнгөнү менен өтө оор иш. Ошондой кысым көрсөтүлгөндө миң таза иштеп, жакшы иш алып барып, элге кызмат кылсаң дагы бийликтин саясаты туура эмес болсо, ишкерлерге кысым көрсөтүлө берет деген ой келди, Биздин ишибиз туура болуп турса, саясатчылар тарабынан туура эмес нерселер болуп кетет. Мына ушундай кырдаалга да кабылдык. Ырас ошондой учурда да ишкердик болбойт экен, саясатка барыш керек деген ой болгон эмес.

2004-жылы шаардык кеңеште депутат болуп шайланып калдым. Өзгөчө Спутник кичи шаарчасына жардам берип, ал жердеги жашоочулардын жок дегенде бирден көйгөйлөрүн чечип бердим. Ошондон тарта элге кызмат кылып, элдин оозуна алынып калдым. Кийин партиялар иликтеп көрүп, сунуштарын бере башташты. Аларды таразага коюп көрдүм, анткени бир эмес, беш партиядан сунуш түшкөн. Анын натыйжасында саясаттын туура жолго түшүүсү үчүн, саясатты туура жүргүзбөй, экономиканы артка тартып, системаны бузууга жол бербей, андан алыс болуу максатында саясатка аралашып калдым. Саясаттагы системаны оңдоого салым кошсом, мамлекетке туура иштесем, элге кызмат кылсам деп ушул чөйрөгө аралаша баштадым.
-Сиз КСДП фракциясынан депутат болуп иштеп жатасыз. Депутат болгонуңуздан тарта сиз тараптан кайсы иштер демилгеленип ишке ашырылды?
-Депутат учурумда сот органдарына пайда боло турган бир топ мыйзамдарды сунушка киргиздим. Негизи сот системасындагы 5 мыйзамды биз толугу менен өзгөрткөнбүз. Ага мен чоң салымымды кошком. Анча-мынча мыйзамдарда ар кандай болот да, кээ бирине сунуш киргизилет, кээ бирин өзгөртүүгө туура келет. Ошондуктан көпчүлүк мыйзамдардын өзгөрүп, толукталышына салымым чоң десем жаңылышпайм. Учурда Президент түзгөн сот реформалоо борборунда 9 айдан бери мүчө болуп келем. Бул учурда 8 мыйзамга толук түрдө өзгөртүүлөр кирди.

-Кечиресиз, сиз кесибиңиз боюнча агрономсуз, анан депутаттыкка чейин өнөр жай тармагында ишкердик кылдыңыз. Депутат болгонуңуздан кийин эмнеге айыл чарба, өнөр жай, реформа жааттарына ыктабай, сот реформалоо багытына өтүп кеттиңиз?

-Менин эки жогорку билимим бар. Биринчи агроном болсом, экинчи юристмин. Чындыгында ишкердик кылып жүрүп юрист болуп иштеген эмесмин. Бирок ишкананы башкарганда юридикалык суроолорго көп кабыласын. Юристтер керек болуп, ишканабыз жаңы ачылганда өзүм юрист болуп иштеп, сот процесстерине катышып жүрдүм. Жогорку Кеңешке барганымда укуктук жана мыйзамдуулук комитетине барып калдым. Бирок аны ойлогон эмесмин. Ал жерде айыл чарбасы боюнча иштейм го деп ойлогом. Өзүмдүн кесибим мага аябай жагат. Ошол боюнча сынакка тапшырып өтпөй калгамын. Бирок атам өмүр бою органда иштегенине байланыштуу каныбызда бар экен, ошондуктан сот реформасынын юридикалык бөлүмүндө иштеп жатам. Сот комитетине жөнөкөй мүчө болуп кирип калганмын. Ал жерде 1 жыл 1 ай иштедим. Ал убакыт ичинде алардан бир топ тажрыйба алдым.

-Комитетке биринчи кирген убактарыңызда ММК тарабынан активдүүлүгүңүздү көрсөтүп жаттыңыз эле. Акыркы кездери бир аз солгундап кеткендей сезилет?

-Чынын айтканда комитетте көп керектүү мыйзамдарды караганда ММКга чыгып жаттым. Андан кийин комитетте кандайдыр бир өзгөртүүлөр болгон учурда солгундап калды. Бүгүнкү күндө кайра ушундай убакыт келди, мыйзамдар боюнча тегерек столдорду өткөрөбүз, өз пикирлерибизди айтабыз, облустарга чыгабыз. Пикирибизди, сунуштарыбызды элге жеткиребиз. Бул жерде кээ бирки депутаттарга ар кандай суроо менен келсе, жооп берип коё беришет да. Мыйзамдар болгондо, ой-пикирлер болгондо интервью берем да. Анан кайра-кайра интервью берем деп ээрчип албайм.

-Убагы менен шайлоочуларга жолугуп турасыз. Ал учурларда эл тарабынан сизге кандай муктаждыктар айтылып жатат?

– Жалал-Абадда эл менен жолугуштук. Ар бир жерде өздөрүнө жараша көйгөйлөр бар. Биринде суу болсо, биринде дагы башка көйгөй. Көп жерлерге суу жетпей, сугат жерлер иштелбей жатат. Жакында мында көрдүңүздөр Аксыда Иринжит каналы ачылды. Ал канчалаган кургак жерлерди сугарып койду. Мындай көрүнүш Майлуу-Сууда дагы болууда. Негизинен элдин үнү сыртта калып калбасын, иштер четтеп кетпесин деген максатта иштейбиз да. Андан башка дагы элдердин көйгөйлөрү четтен чыгат. Бул маселелердин баарын өкмөткө коёбуз. Маселелерди ар жылда бюджет кабыл алып жатканда киргизебиз. Ошентип орчундуу көйгөйлөр чечилип жатат.
Ал эми элдин кичинекей көйгөйлөрүн жеке ишкер катары ошол ордунда туруп чечүүгө аракет кылам. Маселени жеринде чечип, акчаны ошол заматта тапшырган учурлар да болот.

-Сиз Жалал-Абадда жашап, ишкердик кылганыңызга бул жакта сизди түйшөлткөн кандай көйгөйлөр бар?

-Жалал-Абадда эң негизгиси шаардын жарымында каниализция бар жарымында жок. Андан сырткары жылуулук жагы дагы толук камсыз болгон эмес. Ошонун негизинде долбоорлор менен иштешип, финансы маселесин көтөрүп, аталган көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатабыз. Ал жерде жаңы конуштар, жол маселелери бар. Бирок кандайдыр бир тепмпте иштер жүрүп жатат. Жалпысынан алганда бир топ иштер алдыга жылып, акыркы 3 жылдын ичинде Жалал-Абадда курулуштар болуп жатат.

-Көп эле депутаттар, саясатчылар өздөрүн пиар кылышып публикада жүрүшөт. Сиздин пиардан алыс экениңиз байкалат. . Колуңуз да, чөнтөгүңүз да куру эмес. Дүңгүрөткөн улак берип, той кылып эл алдында мартабаңызды көрсөткүңүз келбейби?

– Ооба ММК аркылуу өзүмдү пиар кылбайм. Баардык нерселерди эле чагылдыра берсем боло бербейт го дейм. Себеби элге жакшылык кылып, аны кайра пиар кылып алсаң ал жукпайт деп ойлойм.
Мен алгач шаардык кеңешке депутат болгонумда Кыз-Көл айыл өкмөтүнө барып калдык. Анан ал жерден бир аксакал туруп «Эмнеге сен улак өткөрбөйсүң?»- деп суроо берип калды. Анан мен аларга айттым «Кыргыздын салтында улакты атасына аш бергенде, уул той бергенде гана берсе болот. Ал эми башка күндөрү улак берип, акчаңды короткондун ордуна жардамга муктаж бирөөгө жардам берип койсоң сообу көбүрөөк тиет эмеспи. Ошентип өзүн пиар кылбай, Алла талланын алдында өзүн керектүү жакка иштөөгө үндөсө, ошол пайдалуурак болот. Эгерде ошондой эле акчасы ашып-ташып жатса, элдин керегине иштетсе жакшы болуп, кудайга да жакмак эле»-деп айтсам, аксакалдар мага ыраазычылыктарын билдирип, батасын беришти эле.
-Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынан сиздин Оштон,Жалал-Абаддан жерлерди тартып алгандыгыңыз жана талаш жерлерге депутат катары кийлигишип жатканыңыз айтылууда. Чын эле ушундайбы?
-Бул жөн эле кара пиар. Ал кара пиар мага жөн жерден чыккан жок да. Ошол 7-каналдын жетекчиси Алтынбек Жумаев экөөбүздүн ортобузда мамиле болгон. Ал мамиле “Келечек” ишканасында иштеп жүрүп, андагы бактын жанында 22 сотых жер бар, ал жерди мага жакшы иштегеним үчүн деп белек кылып беришкен. Ошого эле чек аралаш үйдү Алтынбек алган. Ал алганда башка бир киши жашайт эле. Ал 4 сотых эле. Караса жанында жер турат. Кимдики десе Тумановдун жери болуп чыгат. Анан Бишкекке барат, ал жерден мага «Сиздин жериңиздин жанынан жер алдым эле. Тар болуп жатат. Ошол жерден берсеңиз, сиз менен жакшы иштешели. Пиар кылып турабыз. Эгер бербесеңиз, анда башкача сүйлөшүп калабыз» -деген сөздөрү менен соодалашуу жолуна барды. Анысында жок дедим. Кайра дагы барды, анда да жок дедим. Кийин Жалал-Абадга келгенимде дагы келди, мунусунда да жок деген жообумду бердим. Мен үчүнчү жолу жок деген жообумду бергенимде, “сиз мага жерди бербей койдуңуз, биз дагы көрүшөбүз”- деп мага капа болуп кеткен. Эмнеге мен пешене терим менен тапкан жеримди бирөөгө берип коюшум керек. Ал 7-каналдын жетекчиси экен, эртең мага кара пиар кылып койбосун деп жеримди беришим керек беле?
Мен көп эле журналисттер менен сүйлөшкөм. Бирок мындай эмес башкача болчу. Бул биринчи маселе. Экинчи маселе, мына ЦУМдун тушунда Кадыржан Батыровго тиешелүү жер бар. Ал жерди К.Батыров 1990-жылы эле менчикке алып койгон. Ал Турсунтай деген өзү менен бирге иштешип жүргөн кишиге сатып жиберген экен. 2010-жылда Батыров менен тополоңго тиешелүү бардык адамдар камакка алынган. Ошол учурда Турсунтайдын аялынын досу Хурматхан Авилованын колунда үй алам деген 25 миң доллар акчасы бар экен экен. Ошол акчаны берип, камактан чыгарып алганы менен Х.Авиловага кайра кайтарып бере албай, ордуна жерди өткөрүп беришиптир. Андан кийин бул жерди аз акчага сатып коюпмун, үстүнө дагы акча кош деп ортолорунда тополоң жаралат. Эми бул жөнөкөй эле эки адамдын ортосундагы уруш. Анан сотко беришип, соттон Авилова утуп алган. Кийин эле Камчы Ташиев көз салат. Жерди болсо Турсунтайдын Манасов Мухтар деген досу бар, ал кайра эле Авилованын агасы болот. Эки жолу наркотик менен кармалып, акырында жинди деген кагазы менен камактан кутулуп чыгып кеткен.
Бул жерди Камчыга алып беребиз деп тиги аялга барышат. Ал аял жок деп коёт. Турсунтайдын аялы соттошо баштаганын угуп калып, ага жардамга барышат. Ал аялды кысымга ала башташат. Бул аял анан Президентке арызданат. Ал жерден көзөмөлгө алуу органдарына жөнөткөнбүз. Ал жактан кандай иликтенди бизге, белгисиз. Биз органдардын ишине кийлигишүүбүз мүмкүн эмес. Ошого байланыштуу алардын кандай өткөнү бизге белгисиз. Буларда Туманов жардам берип жатыптыр деген ой пайда болот. Ал эженин айтымында аны коркутуулары боюнча дисктер бар экен, телевидениеге интервью бергени тууралуу айтты. Ал эжени коркутуп, курортко алып чыгып, дискке пистолет такап, Туманов зордуктап жерди алам деди деп айт деп коркутушкан. Ал тургай ал дискти мага да жиберишкен. Эгерде жерди бербесең муну телевидениеге чыгарабыз деп коркутушкан.
Ал жерде Камчы Ташиев мени чакырып Токтогул сен ал аялга жардам берип жатыптырсың. Тийишпе, ал жерди менин инилерим алышат. Жер «чужойлорго» кетпей, барпылыктарга калыш керек деген. Сен депутат болуп Бишкекке кетип калдың, Бишкекте эле кал. Жалал-Абадда не кыласын? -деп мага жакпаган сөздөрдү айткан.
-Эй, Камчы, койчу! Башты оорутпачы! Сен бирөөнүн мүлкүнө асылып жатасын, эки адамдын тирешүүсүнө кийлигишип сен бир адамды куугунтуктап, бирин коргоп жатасың десем, сен коргобо биз өзүбүз чечип алабыз деп айтты. Экөөбүздүн сөзүбүз ошентип бүтүп кетип калганбыз. Анан эле алар 7-каналга Ошто Ак-Буурадан 6 гектар жерди депутат болуп жүрүп сатып алды деп, Тумановду шайлабайбыз дедиртип 2 «дежурный» чалга, 1 аялга баа бердиртип коюшуптур. Бааны негизи эл бериши керек. Анан менин Ошто эч кандай жерим жок эле деп, мен таң калдым. Депутат агаман “сиз Оштон жер албадыңыз беле деп андан сурасам, ал жок” деп жооп берди. Дагы бир агамдан сурасам ал жерди 1990-жылы бир киши сатып алып, анын көзү өткөндөн соң жер аялынын атына өтөт. Ал жердин кызыл китеби бар болуп, 2001-жылы «Келечек» ААКты сатып алат. Андан соң ал жерди балык бага турган жайга айландырышкан. Элдерди иштетип, жашылдандырып келатышкан экен. Аны мен билбептирмин. Чынын айтканда агам эмне кылды, качан жер сатып алды, кийлигишпейм. Анын өз үй-бүлөсү, ишканасы бар. Аны Токтогул Туманов депутат болуп жүрүп сатып алды, кысым көрсөтүп жүрүп деген имиштерди таркатып жиберишиптир. Депутаттыгынан пайдаланды деп элге жаман көрсөтүп жатышат. Булар биринчиден, Алтынбек менен Камчынын өч алгандыгы. Экинчиден, шайлоо алдындагы кара пиары. Өзүңүздөр билгендей шаардык кеңешке 10 партия ат салышкан, алардын үчөөсү гана өтүшкөн. Мисалы, КСДПнын куратору мен болсом, Өнүгүүнүкү Бакыт Төрөбаев, ал эми Ата Журттуку болсо Камчы Ташиев. Булардын негизги максаты болуп Тумановдун Жалал-Абаддагы авторитетин төгүп, КСДПнын добушун азайтуу болгон. Мындан сырткары булар үч багытта иш жүргүзүшкөн. Алардын бири жанагы жер маселеси болуп саналат. Ал аялды коркутуп үркүтөбүзбү, акча беребизби, эң негизгиси ал жер бизде калыш керек, бизден башка эч ким ал жерге татыктуу эмес, ал аял да татыктуу эмес. Баары бир биз алабыз, биз албасак башка эч ким албайт- деген политиканы жүргүзүшкөн. Мен ойлойм, бул эски бай, манаптык «замашка». Негизи партиянын лидери, Президент болом деген адам андай жолго барбаш керек. Ошондуктан биз 21-кылымда жашап жаткандан кийин мыйзамдуулук менен, маданияттуулук менен, адамдык сапат менен маселелерибизди чечишибиз керек. Менин оюмча бирөөнү коркутуп, үркүтүп, зордуктап алган нерсе буйрубайт. Ал бир күн эмес, бир күнү тешип чыгат. Ошон үчүн мен андай жумуштар менен алектенбейм. Чынын айтканда мен 4 жыл депутат болуп бир жер, бир үй же бир имарат сатып албадым. Башкача айтканда депутат болгонго чейин кандай мүлкүм бар болсо, ошол бойдон турат. Ал эми ишканамдан тапкан пайданы мен үй-бүлөмө жумшап жатам. Ачыгын айтыш керек, ал менин атымда эмес, себеби депутат бир ишкананын ээси боло албайт. Ал эми ал ишкана аялымдын атында, ал жердеги иштерди ал өзү жүргүзүп жатат. Ал жерден түшкөн каражатты үй-бүлөмө, элге иштетип жатам. Депутат катары айтып жатканымдай эле өкмөттүн акчасын өкмөткө, ал эми бюджет кабыл алынып жатканда бекиткенге аракет кылып, жардам беребиз. Жеринде чечилчү маселелерге ишканамдан түшкөн акчадан жардам берем.

-Анан @кураторство» деп калдыңыз, көп учурда КСДПны сизди тейлейт деген пикирлер айтылып калууда жана кадрдык маселеде, депутаттардын саясатына көп кийлигишет деп айтып калышат. Ушул чынбы? Сиздердин чечимсиз, сиздердин уруксатсыз бир чечим кабыл алынбайт. Мисалы, Жалал-Абад шаарында, шаардык кеңештерде же болбосо райондорго координаторлорду дайындоо маселесинде сиздин кадрларыңызды түртөт деп нааразы болуп калышат?

-Жок,андай эмес. Жалал-Абад областын алсак, 8-район 6 шаар бар, ал эми 8 район 6 шаардан бир гана Аксы районунун акими КСДПдан болуп эсептелет. Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри КСДПдан деп эсептелет, бирок мүчө эмес, мүчө болбогондон кийин «КСДП» деп айтуу кыйын. Өзүңүздөр карап көрүңүздөр, мисалы үчүн Жалал-Абадда бийликте тургандардын 90%ы КСДП эмес, бул биринчиден, ал эми экинчиден, кураторлор облустарга бөлүнүп, ал жердеги элдердин жашоо турмушун, көйгөйүн алып чыгат. Партиялык линияда депутаттарды биринчи партиялык организация шайлайт. Ошол эле координаторлорду өздөрү шайлайт. Мисалы, биз Жогорку Кеңештин депутаттары же бийликте тургандар ал деңгээлге тушпөйбүз да. Ал системада өз алдыңча көп маселелерди ортого таштай албайсын. Алар баарын өздөрү чечип, өздөрү даярдап, протоколун бизге штабга жөнөтөт. Анан өздөрүнчө линия менен кетет. Анан жана айтып жатышпайбы Туманов шаардык кеңешти жана кадрлар маселесин тейлейт деп. Ал жерде 15 “Өнүгүү”,8 “Ата Журт”, 8 КСДП болсо, Туманов эмнени тейлей алышы мүмкүн? Депутат ошол регионду карайт. Баары бир эле статистикага келиши керек. Анан прокурорду кантип Туманов тейлейт? Аларды мен эмес, Президент карайт. Биз өзүнчө бир сот тандоо кеңешин түзгөнбүз. Ошолордун жыйынтыгы менен таза чыкса, Президент өзү гана кароого мүмкүн. Ал эми бизде ошол эле прокурорлор депутаттардын үстүнөн иш козгоп жатышат. Ошондой эле акыл эси таза иштеп жатат. Кадр маселеси боюнча мен карабайм.
Аким, мэрлерден партиябыздын мүчөсү жок. Азыр шаарда кадр маселеси боюнча сөз болуп жатат, бирок биз 2010-жылы деле кадры жок барганбыз. Быйыл дагы ошентип кадры жок эле барабыз. Мына шаардык кеңештерде, башкармалык, ишканаларда кадрларыбыз жок. Аны эл өзү жакшы билишет. Факты менен алганда Туманов эч качан андай жолго барбайт. Эгер бара турган болсо, партиянын мүчөлөрү ушундай кыла турган болсо, анда партиянын рейтинги түшө баштайт.
Бизде ушундай система кабылданып калган, ошол эле прокурорлор депутаттардын үстүнөн иш козгоп, жоопко тартып жатышпайбы. Азыр эгерде бирөөгө жолуга турган болсоң, телефондон бирөөгө дайындай турган болсоң бат эле тарап, туура эмес маалыматтар кетип калат. Анык факты болбогондон кийин жарыялоо өзү туура эмес. Биздин шаарда кадр маселеси кандай болуп жатканы тууралуу менин маалыматым жок экен.
-Азыр партиялар арасында биригүүлөр кетип жатпайбы? Сиздер да партиялар менен биригели деген ойлор барбы?
-Эми биздин партия өзү бирөө менен биригебиз деген ою жок. Бирок кайсыдыр бир партия КСДПга кошулам десе жок дебейт. Кыргызда эң жаман нерсе түндүк-түштүк болуп бөлүнүү. Канчалык бөлүнүп жарылуу болсо, иш ошончолук артка кетет. Өнүгүү жолуна түшүү кыйынга туруп калат. Бизде партиялар майдаланып бөлүнүп кеткен да, ошолор кайрадан биригип жатат. Бул туура эле процесс, анткени баары эле башында бөлүнөт, жарылат, анан кайрадан чогула баштайт. Ал партиялар биригип олтуруп Кыргызстанда чоң бир 5 партия калат. Алар Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн чоң бир аракеттер менен иш алып барышат деп үмүт кылам. Биригүүлөр ошол процесстин башталышы.

Маектешкен: Орозалы КАРАСАРТОВ, “Аймак”

Редакциядан: Бул маекте айтылган пикир боюнча кайчы пикирлер болсо ага да орун беребиз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17