Аймак

ОРОЗАЛЫ АР ДАЙЫМ КЫРЧЫНДАЙ ЖИГИТ БОЙДОН, ТАЛАНТТУУ ЖУРНАЛИСТ КАТАРЫ ЭСТЕ КАЛАТ

 2,995 Бардыгы /

ОРОЗАЛЫ АР ДАЙЫМ КЫРЧЫНДАЙ ЖИГИТ БОЙДОН,  ТАЛАНТТУУ ЖУРНАЛИСТ КАТАРЫ ЭСТЕ КАЛАТОрозалы мезгилсиз дүйнө салыптыр деген суук кабарды Таласка, айылыма баратып, радиодон уктум. Кеч уктум. Аны акыркы сапарга узаткандардын арасында боло албаганыма өкүндүм. Көз алдыма ар дайым жүзүнөн жылмаюу кетпеген, баскан-турганы элпек, тармал чачтуу, дайыма үн көтөрбөй жай сүйлөгөн, бир да адамга жаман сөзү жок, эч убакта калп айтпаган, эч кимге каяшасы жок илбериңки, жаркылдаган мүнөзү бар, ишине тың, келечегинен үмүттөндүргөн жаш жигиттин элеси тартылды…
Оо, ал кезде ордо шаарыбыздын тарыхында биринчи жолу ачылган кыргыз тилиндеги “Фрунзе шамы” гезитинин редакциясында Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келишкен, жүрөгүндө жалыны бар таланттуу жаштар чогулган эле! Чаткалдан Атантай Акбаров менен Самидин Стамбековду, Кетмен-Төбөдөн Базарбай Буканбековду, кочкорлук Чолпонбек Абыкеевди өзүм айылдан чакыргам, Оштон – Муртаза Ашымов, Айгүл Бакеева, Гүлсүнай Маамова, Жалал-Абаддан – Орозалы Карасартов, Көлдөн – Чынара Асаналиева, Нарындан – Акил Адамалиев, Чүйдөн – Бекин Качкымбаев, Шүкүрбек Абдрасулов, Таластан – мен… Арабызда 2-3 улуу муундагы аксакалдарыбыз бар, калгандарыбыз баарыбыз элеттен келген жаштарбыз. Ар бир күнүбүз романтикага жык толо эле. Жумасына беш жолу чыккан гезиттин ар бир санын чоң эргүү, берилүү менен жасачу элек. Редакцияда укмуштуудай чыгармачыл кырдаал үстөмдүк кылып турчу. Кызматкерлердин жазгандары бириникинен бириники өткөн курч, жугумдуу, өтө көйгөйлүү темаларга арналган макалалар эле. Гезит 50 миңге жакын нуска менен чыгып, анын ар бир саны эл арасында, айрыкча интеллигенция, жаштар арасында чоң резонанс туудуруп, “Фрунзе шамы” тез эле журтка алынып кетти. Биздин гезитти шаардыктар да, айылдыктар да кызыгып окуй башташты. Авторлорубуздун саны да, сапаты да өстү. Дооронбек Садырбаев, Кусейин Исаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяс Молдокасымов, Зайнидин Курманов, Асан Ормушев жана башкалар чыгаан публицист катары эң алгач биздин гезит аркылуу таанылышкан…
Мына ушулардын баарын эстеп, ошол күндөрдүн элесин көз алдыман сыдыра Орозалыны жоктоп келаттым… Орозалы университетти аяктаган соң журналисттик эмгек жолун мына ушундай чөйрөдө, таланттуулардын чордонунда жүрүп баштаган. Эң башкысы, ал АТААНДАШТЫК, ЖАШТЫК ЖИГЕР, ДЕМИЛГЕЛҮҮЛҮК, КУРЧТУК, АДИЛЕТТҮҮЛҮК, МЕКЕНЧИЛДИК, ТАЗАЛЫК сыяктуу “Фрунзе шамында” иштегендер туу тутунган баалуулуктарды жан дили менен кабыл алган жамааттын таланттуу жаштарынын бири болчу.
ОРОЗАЛЫ АР ДАЙЫМ КЫРЧЫНДАЙ ЖИГИТ БОЙДОН,  ТАЛАНТТУУ ЖУРНАЛИСТ КАТАРЫ ЭСТЕ КАЛАТ…Орозалы кыргыз журналистикасына өзүнүн чыйырын калтырып кетти. Ал чыгармачылык сапарын катардагы кабарчылыктан баштаса, кийинчерээк басылманын башкы редактору болду. Көп жылдар бою республикалык басылмалардын аймактагы баяндамачысы болуп иштеди.
Орозалыны партиянын катарына өткөрүп, аны Борбордук Комитеттин басма сөз секторундагы кызматка көтөрүү үчүн өзү менен макулдашып, аны резервдеги партиялык кадрлардын курамына киргизгенбиз. Эгерде заман өзгөрүп кетпегенде Орозалы жакшы партиялык, мамлекеттик кызматкер, жөндөмдүү жетекчи болмок. Анын билими, тарбиясы, жоопкерчиликтүүлүгү, өз ишине жасаган кылдат мамилеси, жибектей созулган мүнөзү ошого татыктуу эле. Орозалынын көп жылдар бою областтык мамлекеттик администрацияда жооптуу кызматта үзүрдүү иштегени мунун таасын далили.
Жаш кезинде “Фрунзе шамынын” мектебинен тарбия алган Орозалы демилгелүү, жигердүү, ар дайым изденүүдө жүргөн калемгер эле. Ошондуктан ал кесели катуу экенине карабастан, эркин «Аймак» коомдук саясий газетасын ачты. Кийинчерээк Жалал-Абад областынын тарыхында биринчи болуп «Аymaк.kg» интернет сайтын ачты. Азыркы мезгилде газета менен интернет сайт республиканын маалымат айдыңында өзүнүн татыктуу ордун ээлеп, өз окурмандарын тапты.

…Орозалынын арабызда жок экенине ишенүү кыйын болсо да, жазмышка баш ийбеске чара жок. Менин көз алдымда Орозалы ар дайым жапжаш бойдон, таланттуу журналист катары калат.
Кош, кайран иним Орозалы, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун
!

Мелис АЙДАРКУЛОВ,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо
бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Орозалы Карасартовдун алгачкы жетекчиси

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17