Аймак

Тамырчыдан кеңеш: КЫЗЫЛЧА ООРУСУ

 16,087 Бардыгы /

Тамырчыдан кеңеш: КЫЗЫЛЧА ООРУСУ Кызылча — бул мурун менен тамактан алган жугуштуу оору. Мында баланын денеси ысыйт, тынымсыз жөтөлөт, мурундары бүтүп, тамагы каргылдап, көзү кызарып аллергия сымал болот. Кызылча күчүнө киргенде бүт денеге чыгат. Бул оору алгачкы 1-2 күндө байкалбайт. Бала жөн гана грипп болгондой тумоолоп жөтөлүшү, мурдүу бүтүшү мүмкүн. Ошол арада кусушу жана ичи өтүшү да ыктымал. 2-3 күндөн кийин тилинде же моюндарында кызыл бүдүрлөр байкалып калат. Бара-бара ал көбөйүп денесин каптап кетет.

Кызылча кантип жугат? Оорулуу киши жөтөлгөндө, чүчкүргөндө вирус аба аркылуу тарап, башка иммунитетти начар адамга бат эле жугат. Бул оору киши тандабайт. Аял, эркек, бала баары ооруйт. Бул оору менен сүт эмип жаткан балдар асыр эсе оорубайт. Анткени балада эмизген эненин иммунитети берилет, ошого кошумча күч берип турат.

ООРУ ЭТАПТАРЫ

1- этап 2-3 күнгө созулат. Бул башталгыч этап болуп, мында кадимки тумоолоп калгандай эле болот. Жөтөлөт, тамактары буулат. Кусушу жана ичи өтүшү мүмкүн…

2- этапта 4-5-6 күнгө созулушу мүмкүн. Бул учурда алгач моюн, тил жана беттерин кызыл басып, анан бүт денесин каптайт. Эң кооптуу этап ушул экинчи этап эсептелет. Анткени бул учурда бала организми ооруга каршы күрөшүү үчүн болгон иммунитетин ишке салат. Эгер иммундук кубаты төмөн болсо, бул абал өтө кооптуу.

3- этапта 7-8-9-10-11-12 күнгө созулушу мүмкүн бул учурда баланын денесиндеги кызыл бүдүрлөр акырындап тарап жоголо баштайт. Баланын абалы бир оңолуп, кайра начарлап, сакайгандай болуп, кайра температурасы көтөрүлүп организм туруктуу абалга келгенче кыйналат. Ошентип акыркы 10-11-12 күндөрүндө температурасы чыкпай эле, кургак жөтөлүп калат. Бирок бул сакайды дегенге жатпайт. Ал дагы 2-3-5 күнгө созулуп, анан токтошу мүмкүн.

Дарылоо

1- этапта баланы абалы начарлаганын байкаган учурдан тартып, жакынкы кичи ооруканаларга көрсөтүңүз. Эгер кызылча экенин аныктап үйдө дарылоого уруксат берсе, дарылоону төмөнкүчө баштаңыз. Биринчи күндөн эле баланы жылуу кармаңыз. Бала канчалык көп тердесе, ошончо бат сакаят. Сүт, айран, өрүк жана мейизди кайнатып компот кылып бериңиз.

2- этапта күндө эрте менен эшиктерди ачып, үйдү желдетүү керек жана оорулуу жаткан шейшептерди бат-кургактап алмаштыруу максатка ылайык болот. Башта айткандай экинчи этап оор болуп, бала көп кыйналат. Тамактары кургап, эриндери жарылат. Бөйрөккө күч келип көзүнүн алды көгөрүп калышы да мүмкүн. Суюктукту – өрүк, мейиз ширеси, сабиз согу, айран, сүт азыктарын көп бериңиз. Тамакты жеңил тамактар берилет. Эт, такыр бербеңиз!

3- этапта денедеги кызыл бүдүрлөр тарай баштаганда кадимки тамактарга аралаштырып баштаңыз. Акыркы 10-11-12 күндөрүндө тамагын күчтөңүз. Бала эмне жегиси келсе бериңиз. Ушул үчүнчү этапта эт кошулган тамактарды берсеңиз болот. Өзгөчө кой шорпосу жакшы болот.

Кошумча: үч этапта тең баланы төшөккө жылуу ороп, мүмкүн болушунча тердетүү керек. Экинчи этапта ооз-эриндери кургап, көздөрү кызарып кетет. Андыктан жылуу сууга таза матаны нымдап, ооз жана көздөрүн аарчып туруңуз. Алое, сарымсак суусу, сейдана майын, арпа бадиям, алтын тамыр, имбирди кайнатып аралаштырып күндө бир маал ичирип турсаңыз жакшы жардам берет.

Эскертүү: үйдө кароо эрежесин билбесеңиз же сакайтууга көзүңүз жетпесе, сөзсүз түрдө ооруканага алып барыңыз. Анткени бала чала сакайып калса же сакайбай өтүшүп кетсе, өпкөсү чыңалып кийин өпкө оорулуу болуп калышы мүмкүн.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17