Аймак

Жалал-Абадда КРнын Жогорку Кеңешинин комитетинин көчмө жыйыны өттү (Фото баян)

 2,072 Бардыгы /

Жалал-Абадда КРнын Жогорку Кеңешинин комитетинин көчмө жыйыны өттү              (Фото баян)Бүгүн, 21-апрелде Жалал-Абадда КРнын Жогорку Кеңешинин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев жетектеген комитеттин көчмө жыйыны болуп өттү. КРнын Жогорку Кеңешинин комитетинин көчмө жыйынында Жалал-Абад облусунда билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, дин, спорт, архив, массалык маалымат каражаттарынын иштеринин абалы жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндөгү маселе кеңири каралып, талкууланды.
КРнын Жогорку Кеңешинин комитетинин көчмө жыйынынын ишине Жогорку Кеңештин депутаты, комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев, комитеттин төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова, Жогорку Кеңештин депутаты, комитеттин мүчөсү Гүласел Садырбаева, бир катар министрликтердин орун басарлары катышты.
КРнын Жогорку Кеңешинин көчмө жыйынынын олтурумуна Жалал-Абад облусунун райондорунун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл аймактарынын башчылары, ЖОЖдордун жана мектептердин мугалимдери жана массалык маалымат, маданият, спорт жана архив тармагынын жетекчилери катышышты.
–Жалал-Абад облусунда учурда 472 мектептер иштеп жатат. Мунун ичинен 179 мектеп жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Мугалимдерди социалдык жактан колдоо максатында Базар-Коргон районунда 31 мугалимге өздүк турак-жайларын куруу үчүн жер аянттары бөлүнүп берилген. Жалал-Абад шаарында мугалимдерге коммуналдык тейлөө кызматтарына 5 млн. 34 миң сом, Кара-Көл шаарында 1 млн. 300 миң сом каралган. Ошону менен бирге учурда облуст боюнча 349 мугалимдер жетишпейт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 37 мектеп авариялык абалда деп аныкталган,–деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
КРнын Жогорку Кеңешинин Жалал-Абадда өткөн көчмө жыйынында КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов, КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Муктарбек Бектеналиев атайын маалыматтар менен чыгып сүйлөштү.
–23-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде КРнын Премьер-министринин отчету угулат. Бүгүн каралып жаткан айрым маселелер, эгерде актуалдуу болсо ошол жерде дагы Өкмөт башчысына суроо катары берилет. Ошондуктан конкреттүү сурооңуздар болсо бизге кат түрүндө дагы кайрылсаңыздар болот,- деди комиеттин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев.
— Сузак районундагы Орозалы Тажибаев атындагы орто мектептин директору Алмаз Бечеловдун үстүнөн мектептин жамааты мага атайын арыз менен кайрылышкан. Ал «Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» мектептин мугалимдер жамаатын «мен Сузак районуна райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болгонумда баарыңардын сазайыңарды беремин!» деп коркутуп-үркүтүп келет экен. Өзү мас болуп алып, жумалап, айлап ишке чыкпай коюшу көнүмүш адатка айланыптыр. Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин атасынын атын мектепке коёмун деп 150 миң сом акчасын алып, өзүнө иштетип жиберген. Мындай кадрларды эмнеге карабайсыңар?– деп Жогорку Кеңештин депутаты, комитеттин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова КРнын билим берүү жана илим министринин орун басарына кайрылды. Ал эми КРнын билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева азыр министрлик менен Алмаз Бечеловдун ортосунда соттошуу процессии жүрүп жаткандыгын билдирди.
КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, комитеттин мүчөсү Гүласел Садырбаева Сузак райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысынын бир жылдан бери шайланбай келе жатышы райондогу мугалимдер арасында окутуп-тарбиялоо иштерине тескери таасирин берип жаткандыгын баса белгилеп кетти. Бул жагымсыз абалды тез арада оң жагына чечүү керек деди депутат.
КРнын Жогорку Кеңешинин комитетинин көчмө жыйыны Жалал-Абад облусттук китепканасынын курулушун быйылкы жылы баштоо, К. Батыровдун улутташтырылган имаратын олимпиадалык резевдерди даярдоочу мектепке берүү, облусттук «Акыйкат» коомдук саясий газетасынын имаратын газетанын чыгармачыл эмгек жамаатына өткөрүп берүү маселелери колдоого алынды.
КРнын Жогорку Кеңешинин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев жетектеген комитеттин көчмө жыйынында жыйындын катышуучулары тарабынан бир катар суроолор берилип, аларга тиешелүү министрликтердин орун басарлары жана Жогорку Кеңештин депутаттары ынанымдуу жоопторду беришти. КРнын Жогорку Кеңешинин комитетинин көчмө жыйынында каралып талкууланган маселелер боюнча атайын чечимдин долбоору кабыл алынды.

Жалал-Абадда КРнын Жогорку Кеңешинин комитетинин көчмө жыйыны өттү              (Фото баян)Жалал-Абадда КРнын Жогорку Кеңешинин комитетинин көчмө жыйыны өттү              (Фото баян)
Жалал-Абадда КРнын Жогорку Кеңешинин комитетинин көчмө жыйыны өттү              (Фото баян)
Жалал-Абадда КРнын Жогорку Кеңешинин комитетинин көчмө жыйыны өттү              (Фото баян)

Жолдошбай Осмонов, журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17