Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,462 Бардыгы / БИШКЕК. 2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичилүүчү таза суу менен толук бойдон камсыз этилет. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, Мамкурулуштун Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору АскарбекТоктошев жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Бекжан Супаналиев […]
1,463 Бардыгы / БИШКЕК. 2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичилүүчү таза суу менен толук бойдон камсыз этилет. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, Мамкурулуштун Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору АскарбекТоктошев жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Бекжан Супаналиев […]
ПРЕЗИДЕНТ С.ЖЭЭНБЕКОВ 2024-ЖЫЛГА ЧЕЙИН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ИЧИЛҮҮЧҮ ТАЗА СУУ МЕНЕН ТОЛУК КАМСЫЗ БОЛОРУН УБАДАЛАДЫ
15.01.2019 / Автор aymak

1,464 Бардыгы /
БИШКЕК. 2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичилүүчү таза суу менен толук бойдон камсыз этилет. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, Мамкурулуштун Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору АскарбекТоктошев жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Бекжан Супаналиев менен жолукканда ачыктады.
Аталган жолугушуунун катышуучулары Калкты ичилүүчү таза суу менен камсыздоо Стратегиясынын жана Программасынын алкагында долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча дагы кең-кесири маалымат беришти. Маалыматка караганда, Кыргызстандын 21 шаарында ушул тапта 193 миллион еврого тете долбоорлор ишке ашырылып жатат. Таза суу менен камсыздоо Жалал–Абадоблусунда дагыле начар бойдон калууда. Анткени, аталган аймактын 148 айылында эмдигиче ичилүүчү таза суу жок! Ал эми Кыргызстан боюнча 390 айыл дал ушундай кейипте…
Таза суу менен камсыздоо долбоорлорун Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү Банкы, Азия өнүктүрүү Банкы, ЕРӨБ, ЕвроБиримдик, Швейцариялык конфедерация өңдөнгөн Кыргызстандын өнөктөштөрү абдан катуу колдоп келатышат. Алардан өлкөбүз көбүнчө грант иретинде жалпысынан 191 миллион доллар алынган. Мындан тышкары Сауд Аравиясы, Катар, Кувейт сыяктуу Араб өлкөлөрүнүн ар кандай фонддору дагы Кыргызстанды таза суу менен камсыздоо долбоорлоруна инвестицияларды тартып келүүгө абдан кызыкдар.
Ал эми мамлекеттик бюджет тарабынан 2019-жылга калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого 350 миллион сом каралып жатат. Ошол эле маалда 2018-жылы 250 миллион сом, ал эми 2014-жылы 25 миллион сом бөлүнгөн. Мамлекет башчысы айрым айылдарда калктын таза ичүүчү сууга зардыгы өлкөбүздөгү абдан курч көйгөйгө айлангандыгын жашырган жок.
– Биз милдеттүү түрдө калкыбызды таза суу менен камсыздоо стратегиясын ишке ашырышыбыз керек! Антпесек, биз экономикабызды таптакыр өнүктүрө албайбыз. Миграцияны дагы токтотуу кыйын. Дал ушунун өзү калкыбыздын ден соолугуна гана олуттуу кесепетин тийгизет. Кыргызстандын калкын таза суу менен камсыздоо программасы сөзсүз түрдө жүзөгө ашырылат. 2024-жылга дейре мекендештерибиз таза ичилүүчү суу менен толук бойдон камсыз этилет. Анткени, бул – бакубат мамлекетти куруунун дагы негизи, – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. – Жакынкы беш жыл аралыгында Кыргызстандын бардык аймактарын ичилүүчү таза суу менен камсыздоо менин президенттик мөөнөтүмдүн аягына чейинки эң артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калат. Муну үчүн ичилүүчү таза суу көйгөйү көбүнчө айыл жеринде байкалат жана таза сууга биринчи кезекте зар болгон кыштактардын тизмесин дагы аныктообуз абзел!
Жолугушуу маалында Президент Сооронбай Жээнбеков калкты ичилүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча Улуттук долбоорлорду ишке ашыруу тармагына сырткы инвестицияларды дагы байма-бай тартуу жараянын активдештирүү зарыл экендигин дагы баса белгиледи.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
17.01.2025 / Автор anarkan_kg АЛМАЛЫК АНКЛАВЫНДАГЫ 150 ОРУНДУУ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БҮТКӨРҮЛДҮ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.