Аймак

15-ФЕВРАЛЬ — ТАРЫХТА КАЛГАН КҮН!

15-ФЕВРАЛЬ — ТАРЫХТА КАЛГАН КҮН!

 8,196 Бардыгы /

Мурдагы Совет мамлекетинин Ооганстандан өз аскерлерин чыгарганына үстүбүздөгү жылдын 15-февралында 30 жылдын жүзү болот. Кыргызстандан Ооган согушуна 7 миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 252 адам каза тапкан жана 1500гө жакын кыргыз аскерлери жаракат алышкан, 600гө жакын жоокер майып болуп мекенге кайткан. Кыргызстандан эрдиги жана каармандыгы үчүн 2 жоокер курман болгон кийин “Советтер Союзунун Баатыры” деген наамга ээ болушкан. Алардын бири – Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында туулган – Исламов Юрий Веркович болгон.

Канткен күндө да жоокерлер өз моюндарына тагылган милдетти абийирдүүлүк менен аткарып мекен, эл алдында жүздөрү жарык болуп отурат. 30 жылдык маанилүү датага ылайык биз Жалал-Абад областындагы Ооган согушунун ардагерлери менен баарлаштык. Алар менен болгон маекте көздөрүнөн жаш ала согуш апаатын эскеришип, жакын досторунан айрылгандарын айтышты.

Толубай ЭННАЗАРОВ, Жалал-Абад областтык Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы:

-Биздин уюм Советтер Союзу тарай элек мезгилде 1990-жылы түптөлгөн. Ооган согушунун катышуучулары эч качан кароосуз калбасын, булардын башы ар дайым биригип турсун деген максатта уюм бардык өлкөлөрдө түзүлгөн. Ардагерлердин төрагалары өздөрүнүн милдеттерин аткарып, жаш муундардын мекенчилдик сезимдерин козгоо үчүн бүт аракеттерин көрүп келишүүдө. Биздин областтагы уюмдун карамагында миңден ашуун мүчөсү бар. Согушту көргөн муун катары биз эч качан аны унутпашыбыз керек. Биздин согуш мезгилин басып өткөн жолубуз келечек муундарда кайталанбашы керек.

Мамлекет тарабынан 2010-жылдан тартып Ооган согушунун ардагерлерине 6 миң сомдон, майып ардагерлерине 7 миң сомдон акчалай компенсация берилип келет. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде чындыгында жакшы. Анан ооруканага барсаң да ардагер деп жакшы карашат. Жалпысынан мамлекет ал-абалына жараша колдон келген жардамын көрүп жатат.

Ооган согушунун ардагерлери учурда көбү ооруй баштады. Мисалы, былтыр эле Сузак районунан 6 ардагер өттү. Себеби ошол согуштун запкысы жаш  улгайган сайын таасир берүүдө. Ушундан улам ардагерлерден мамлекет  тарабынан мурун курортторго дарыланууга берилчү жолдомону кайра кайтарып беришсе деген суранычтары айтылууда. Ошол жолдомо менен бир жылда бир ден соолугун чыңдап алышмак.

Быйыл Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылганынын 30 жылдыгы белгиленүү алдында турат. Бул күнү КРдин Президентинин катышуусунда Бишкек шаарында чоң иш-чара өтөт. Ага бардык аймактардагы район-шаарлардын төрагалары баштаган чоң делегация барып катышып келет. Ал эми биздин Жалал-Абад областыбызда бардык район-шаарларда 15-февралдын тегерегиндеги күндөрү жергиликтүү башчылардын катышуусунда 30 жылдык маареке өткөрүлмөкчү. Ал эми 20-февралда областтык деңгээлде жалпы коомчулуктун катышуусунда эскерүү митинги жана Барпы театрында салтанаттуу бөлүгү, андан кийин ардагерлерге сый-тамак берилмекчи.

Мен Ооганстандын Кишим деген жеринде болдум, полктун борбору Кундуз шаарында эле. Сергей Шулгин деген орус жигити менен жакын элем. Ал: “Мейли кыргыз, жакшы жүр. Мен жакында кетем” деп айтып калчу. Себеби “аялым кош бойлуу, мыйзам боюнча аялым төрөсө, мага отпуск берет” дечү эле. Эң өкүнүчтүүсү ал курман болуп, бир жумадан кийин Сергейге “Серега поздравляем у тебя дочка родилась!” -деп ата-энесинен кат келген. Биз болгону вертолет келгенде нан жана кат күтөт элек. Нан тартыш болуп бир полкко 1 бөлкөнү берген учурлар болгон.

Орозали САРТБАЕВ, Ооган согушунун ардагери:

-Мен 1981-жылы апрель айылында Базар-Коргон районунун Сейдикум айылынан Ооган жергесине чакырылганмын. Биз биринчи барганда эле Түркмөнстандын Кушка деген шаарында 2 ай атайын даярдыктан өттүк. Анда согушка тиешелүү кыймылдарды үйрөтүп, кийин Ооганстанга алып өткөн. 1981-жылдын июнь айында Ооган жергесиндеги Шындант деген шаарына бардык. Ошол жердеги учактар конуучу аэропортун коруш керек болгон. Ал жерде бир жарым жыл кызмат кылдык. Ошондон кийин гана мекенибизге кайтып келдик. Ооган жергесинде жүргөндө чындыгында көп душмандар менен күрөштүк. Арабызда жүргөн көп адамдарды жоготтук… 18 жашыбызда эч нерседен (өрттөн, суудан, өлүмдөн) коркпогон убагыбыз экен. Бөтөн эл, бөтөн жер болсо да коргоп, кыргыздын намысы үчүн  кызмат кылып келдик.

Камчыбек САБИРОВ, Жалал-Абад шаардык Ооган согушунун ардагер уюмунун төрагасы:

-1984-жылы апрель айында советтик армиянын катарына өтүп, аны Казакстандын аймагында СССР  менен Кытайдын чектешкен жеринде чек арачы болуп баштадым. Алты ай өткөндөн кийин Афганистан чек арасында абалды чыңдоо максатында 6 жоокер жөнөп кеттик.

Афганистанда Файзабад провинциясында ДШМГда пулемётчик, андан кийин снайпер болуп кызмат өтөдүм. Катардагы жоокер болгондугума карабастан бөлүктү жетектеген учурларым болду. Взводдо жалгыз кыргыз бала болдум. Орус жоокерлери жогорку даярдыкта келген жоокерлер эле. Спорттун кандидаттары жана чеберлери болушчу. Согуш учурунда эң сонун каармандыкты көрсөтүштү.

1985-жылы сентябрь айында курчоого түшүп калдык, командирлер жоокерлерди токой тарапка чегинүүгө, бизди пулемётчик болгондугубузга байланыштуу согуш талаасында калууга буйрук беришти. Жоокерлерди аман сактап калдык. Атышып жатканда төрт пулемётчик  жарадар болуптурбуз. Бактыга жараша курман болгондорубуз болгон жок. Согуштан кайтарда каармандык үчүн деп пулемётчиктерди “Кызыл Жылдыз” ордендери менен сыйлады.

Жогорку билимдүүмүн. Учурда Укук, бизнес жана билим берүү академиясында эмгектенип  жатам.  Бир уул, бир кыздын атасы болдум.

Жунусали СУЛТАНОВ, Майлуу-Суу шаардык Ооган согушунун ардагерлер уюмунун төрагасы:

-Мен Майлуу-Суу шаарынын Ооган согушунун ардагерлер уюмунун 2 жылдан бери төрагасы болуп келем. 1987-жылы ноябрь айында Советтик армияга кызмат өтөөгө кеткем. Ошол эле жылы Түркмөнстан өлкөсүндө  алты ай Ооган согушуна даярдык көргөнбүз. 1988-жылы май айында Өзбекстан аркылуу Ооганстанга киргенбиз. Ал жакта Таш-Коргон деген шаарында эң акыркы партия болуп биз кызмат кылдык. Ошондо биз менен барган балдардан (кыргыздардан) бир бала курман болгон. Андан кийин Россиянын Ленинград шаарында да алты ай кызмат кылдым. 1989-жылы аман-эсен өз үйүмө кайтып келдим. Учурда эки уул, эки кызым, үч неберем бар. Бизге эч кандай айлык төлөнбөйт. Бирок Ооган согушунун жоокерлерине карата биздин шаарчада уюштурулган иш-чараларга согушту көрүп келген адам катары барып, курман болгон баатырларыбыз жөнүндө айтып жеткиргенге аракет кылабыз. Майлуу-Суу шаарынан 9 жоокер барып, сегизибиз кайтып келдик.

Каныбек ӨМҮРАЛИЕВ, Ала-Бука райондук Ооган согушунун ардагерлер уюмунун төрагасы:

– Өзүм 1985-жылы майда аскерге кетип, 1988-жылы кайтып келгенмин. Азыр райондо 52 ардагер жашайт. Ооган согушунан келгенден кийин 7 жоокер ошол жактан алган жаратынан каза табышты. Райондо “Ала-Бука афганец” деген өзүбүздүн бирикмебиз бар. Бул уюмду түзүүнүн негизги максаты – согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү, согушка катышкан ардагерлердин социалдык-экономикалык абалын, жаштардын патриоттук сезимдерин көтөрүү максатында иш-чараларды уюштуруу менен бирикмени түзгөнбүз. Азыркы күндө биздин 30 жылдык маарекебизге райондун аймагында чоң даярдыктар жүрүп жатат.  Учурдан пайдаланып, областыбыздагы Ооган согушунун ардагерлерин 30 жылдык маарекеси менен куттуктаймын. Баарыңыздардын ден соолугуңуздар чың болуп, жакшылыктарда жолугушуп жүрө берели.

Абдишүкүр ШЕРАЛИЕВ, Ооган согушунун ардагери:

-Мен Сузак районунан 1978-жылы май айында Советтик армиянын катарына чакырылдым. Анда Душанбе шаарына түшкөм. 1979-жылы 26-декабрда согушка чакырык болуп, Амур дарыялары менен Ооганстанга өтүппүз. Аны түнкү саат 03:20 өткөндө Россиядан “Силер Афганистанга өттүңөр” деп айтканда анан билгенбиз. Кабулга жакындашканда армиянын штабы бар экен. Ошол жерде кызмат өтөп баштадым. 1980-жылы майда дембель болуп, өз жерибизге кайтып келдим. Согушта айланамдагы жоокерлер жарат  алышты,  айрымдары көз алдымда өттү…

Эми быйыл 30 жылдык маарекени белгилегени жатабыз. Мен жалпы куралдаш досторума, афганецтерге ден соолук каалайм.

Бердаалы БАРЧЫКОВ, Ооган согушунун ардагери:

-1981-жылы 4-апрелде Ош шаарынан Советтик армиянын катарына чакырылып, Түркмөнстандын Кушка шаарында бир жарым ай даярдоо курсунан өтүп, андан ары Ооганстанга алып кетти. Бизди чындыгында ал жакка барасыңар деп да айткан эмес. 16-майда Герат шаарына түштүк. Ошол жерде 2 жыл кызмат кылдым. Албетте согуш болгондон кийин жоготуулар болуп жатты. Эң жакын сузактык Сейдакматов Абдыманап деген досум окко учуп, аны Бишкекке алып келип, сөөгүн ата-энесине тапшырып кеткем. Андан кийин да барып бир жыл кызмат кылдым.

Калдарбай КАДЫРОВ, Базар-Коргон райондук Ооган согушунун ардагерлер уюмунун төрагасы:

-1987-жылы 22-май күнү Советтик аскерлердин катарына чакырылып, 24-майда Өзбекстандын Самарканд шаарына бөлүндүм. Ооганстанга жоокерлер керек болуп калган экен, бир айдан кийин Кабулга, андан Баграм шаарына которушту. 24-июндан баштап Баграм жергесинде кызмат өтөп калдым. Биздин негизги милдет аэродромду жана анын жанындагы бомба кампаларын коруш керек эле. Негизги кызматым күзөтчү болуп, бир жыл кызмат өтөгөндөн кийин бизди колонна күзөтүнө өткөрүштү. Ошол кызматта турганда “Жаныңардагы кыштакка душмандар тобу келди, сак болгула!” деген кабар келди. Биз ар дайым эле сак турчубуз. Ошол түнү бизге кол салуулар болуп, анда эки бала жаракат алып, бир бала каза болду. Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы кол салуу болду. Мен өзүм жалгыз элем, жатып бекинчү жер жок, бир гана столбалар бар эле. Ошолордун бирөөсүнө барып жашындым. Алардын кайсыл жерден атып жатканын көрүп турам. Үч жерден атып жаткан, анткени ок атканда анын жарыгы көрүнүп турду. Аткан октору менин жанымдан бир метр, жарым метр жакындыкта өтүп жатты. Кудайдын сактаганы болсо керек, мага тийбеди. Автоматтын үнүн уккан шериктерим жардамга келишти. 50-60 метр аралыкта артымдан келип жерге жатып калышты. Мен болсо жата турган жер таппай жатам. Столбанын артында туруп душмандар менен ок атыштым. Артымда бирөө “кыргыз жатпа-а-а” дейт. Бир жагынан күлкүлүү, бир тарабынан таң каласың. Алар жатып алышса, мен тик туруп атыша берсем, ушуну эстеген сайын күлкүм келет. Жатып алгандардын бирөөсү менен жолугушуп турабыз. Ооганстанда 4 жоокерибиз каза болгон.

Согуштан келгенден кийин алган жаратынан 30 бала каза болду. Азыр биздин райондо 179 ардагер бар. Алардын кудайым өмүрлөрүн, ден соолугун берсин.

Асаналы КОЙЧУКЕЕВ, Токтогул райондук Ооган согушунун ардагерлер уюмунун төрагасы:

-Мен аскердик кызмат өтөөгө 1984-жылы май айында чакырылдым. Алты айлык машыгуудан кийин Ооганстанга жөнөтүшкөн. Биз советтик аскердик базалардын баарын күйүүчү майлар менен камсыздап кызмат кылчубуз. 1986-жылы февралда жолдун четинде жайгашкан труба туташтыргычтарды көзөмөлдөө учурунда душмандар тарабынан ок атылып, бир адам каза болгон. Көп адам (мен дагы) жаракат алып, госпиталга түштүк. Ал жерден айыгып, кайра жылдын аягына чейин кызмат өтөп, үйгө кайтып келдик. Эки-үч айдан кийин мамлекет тарабынан сыйлоо баракчалары, медалдар ыйгарылды.

Бүгүнкү күндө райондо 52 ооган согушунун ардагери бар. Мындан башка 3 жоокерибиз Ооганстандын өзүндө кызмат өтөө убагында курман болгон. Андан кийин ушул убакка чейин 17 жоокерибиз каза болду.

Маарекеге карата районубузда спорттун үч түрү (воллейбол, шахмат, күрөш) боюнча чоң деңгээлде иш-чара өтөт.  Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар бар. Ошондой эле кайтыш болгон ардагерлердин үй-бүлөлөрүнө да материалдык жактан жардам берилет. Жаш муундар менен да тыгыз байланышта иш алып барабыз. Мектептерге чакырышат, аларга согушту көргөн муун катары патриоттук сезимдерин козгоо үчүн талыкпай баштан өткөн кездерди айтып беребиз.

Абдыманап АШИРБЕКОВ, Ооган согушунун ардагери:

-1981-жылы 16-октябрда Самарканд шаарында кызмат өтөдүм. Ал жерде эки ай машыгуу курсунан өтүп, Түркмөнстанга кеттим. Ооганстанга жардам иретинде азык-түлүктөрдү жөнөтүп жаттык. Самаркандга келип, Тузелге жөнөтүштү. 1982-жылы Ооганстанга өтүп кеттик. Биринчи барганыбызда Кундузда болдук. Анан Майманада алты ай болуп, Файзилатка келдим. Бизге кайсыл жерде кол салуулар  болсо, бизге кабар беришет эле. Биз барып аларды курчоого алганга аракет кылат элек. 1983-жылы декабрда өз жериме аман-эсен кайтып келдим. Келгенден кийин Горбачевдин орденин алдым. Андан соң “За отвагу” деген медаль алып, бир нече ардак грамота менен сыйландым.

Хайтбай МАТКАСЫМОВ, Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер уюмунун төрагасы:

-1981-жылы 5-апрелде Сузак районунун аскер комиссариатынан кызмат өтөөгө кеттик. Алгач Түркмөнстандын Кушка шаарында эки айга даярдоо курсунда болуп, андан соң бизди Ооганстанга алып барышты. Мен Герат шаарында 2 жыл кызмат өтөдүм. Ал жерде бөлүмдүн командири, взводдун командиринин орун басары болуп кызмат кылдым. Негизи Сузактын Кара-Дарыя айылынан 10 бала барганбыз.1983-жылы баарыбыз өз жерибизге кайтып келдик.

Бул жакка келгенден кийин Жалал-Абад шаарында милиция кызматында иштедим. 18 жылдан бери пенсиядамын. Үйлөнгөм, 2 уул, 2 кызым бар.

 

Эмилбек КАРАТАЕВ, Ооган согушунун ардагери:

-Биз 1982-жылы кадимкидей эле Советтик армиянын катарына тартылдык. Армияга баргандан кийин Ооганстанга барат деп эч кандай сөз болгон эмес. Ошол 1982-жылы алты ай даярдоо курсунан өткөн кийин эле бир күнү согушка чакырык болуп, 250 аскерди учак менен жөнөткөн. Учактан түшкөндөн кийин эле биз Ооганстанда экенибизди билдик. Ошондо Сузак районунан Назаров Абдимитал деген жигит мени менен бирге кеткен. Экөөбүз даярдоо курсунда да бир болдук, Ооганстанда да бир ротада жүрдүк. Өлкөбүзгө келерге бир ай калганда ал 19-апрелде душмандар койгон минага түшүп курман болду. Азыркы күндө үй-бүлөсү менен катташып турам, бир көчөсүнө анын аты ыйгарылган.

Бактыбек МУРЗАБАЕВ, Ноокен райондук Ооган согушунун ардагерлер уюмунун төрагасы:

-1984-жылы күзүндө Советтик армияга чакырылдым. Бизди Оштон Түркмөнстандын Ашхабад шаарына даярдоо курсуна алып кеткен. 5 айдан кийин учак менен Ооганстанга алып барышкан. Ал жерде бир жарым жыл кызмат кылдым. Бизде Ноокен району боюнча 156 жоокер Ооганстанга барган. Согуш учурунда 2 аскерибиз (Шерматов Рустам, Кенжебаев Сабыралы) курман болгон. Андан кийин бул жакта көзү өткөн 43 ардагер болду. Чындыгында статистикага ылайык да бул көп сан. Көбүнчө ошол жактан алган жаратынан улам өтүп кеткендер көп, алар жүрөк оорусунан, нервден каза табышкан.

Таалайбек КОҢКОБАЕВ, Таш-Көмүр шаардык Ооган согушунун ардагерлер уюмунун төрагасы:

-Биз 1988-жылы Ош областынан Өзбекстандын Термез шаарына жөнөп кеттик. Ал жерде алты ай атайын даярдоо курсунда болдук. Андан кийин учак менен Ооганстандын Кандагар шаарына бардык. Бизди роталарга бөлүштү. Кандагарда 1 жыл, 3 ай кызмат өтөп, Түркмөнстандын Кушка шаарына чыктык. Эки ай Сахалинде медициналык реабилитацияда болдук. Ушул эле жерден дембель болуп, баарыбыз өз жерлерибизге тарап кеттик.

Ооган согушуна Таш-Көмүр шаарынан 75 жоокер катышкан. Союз тарагандан кийин биздин көп улуттуу ардагерлерибиз башка шаарларга кетип, бизде бүгүнкү 32 ардагер калды.

 

Катарыбызда аман жүргөн ардагерлерибизге редакциянын атынан 30 жылдык маарекеси менен куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Дүйнөдө тынчтык, өлкөбүздө биримдик ыроолосун демекчибиз.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17