Аймак

НООКАТТА ОН ЧӨӨ АТЫЛЫП, ЖОК КЫЛЫНДЫ

НООКАТТА ОН ЧӨӨ АТЫЛЫП, ЖОК КЫЛЫНДЫ

 2,132 Бардыгы /

ОШ. Ноокат районуна караштуу Төөлөс жана Жал айыл өкмөттөрүндө бир күндө эле он чөө атылып, жок кылынды. Бул жөнүндө Ош-Баткен аңчылар коомунун тескөөчүсү Улукбек Сейдалиев кабарлады.

Маалыматка караганда, жырткычтарды жок кылуу максатында жүрүп жаткан атайын рейд мындлан ары Ош облсунун  бардык райондорунда дагы улантылат. Бул иш-чараны Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу жетекчисинин орун басары Турат Сатимбаев өзү жетектеп атат.

– Жырткычтар соңку тапта айыл чарбасына жана коен, суур, кекилик, кыргоол сыяктуу жапайы жаныбарларга кесепетин тийгизип жаткандыктан ушундай рейд уюштурулду. Буга жыйырмадан ашык мергенчи катышып, жалпысынан он чөө жайланды, – деди Ош-Баткен аңчылар коомунун тескөөчүсү Улукбек Сейдалиев.

Айтмакчы, карышкырларды жана чөөлөрдү аткандарга сый акы дагы белгиленген. Карышкырдын дөбөтү жана канчыгы үчүн  — 6000 сом, а бөлтүрүгү үчүн — 1500 сом, а чөө үчүн — 2000 сом төлөнөт.

Эске салчу жагдай: жырткычтарды жок кылуу иш-чарасы Кыргыз Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 89 «Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун негизинде гана жүргүзүлүп жатат.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17