Аймак

УКРАИНА ОРУС ПАСПОРТТОРУНА БАЙЛАНЫШТУУ БУУга КАЙРЫЛДЫ

УКРАИНА ОРУС ПАСПОРТТОРУНА БАЙЛАНЫШТУУ БУУга КАЙРЫЛДЫ

 930 Бардыгы /

Орусия президенти Владимир Путиндин Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын жашоочуларына орус паспортторун берүүнү жеңилдетүү жөнүндөгү жарлыгына байланыштуу Киев БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылды. Бул тууралуу Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Владимир Ельченко билдирди.

 

Volodymyr Yelchenko

@YelchenkoUN

 

За дорученням ⁦⁦@poroshenko⁩ вже звернулися до Ради Безпеки ООН. Цей зухвалий крок суперечить схваленим Радою Безпеки Мінським домовленостям! https://www.ukrinform.ua/rubric-ato/2688382-putin-sprostiv-otrimanna-pasportiv-dla-ldnr.html 

Путін спростив отримання паспортів для “Л/ДНР”

Президент РФ Володимир Путін дозволив жителям окупованої частини території Донецької та Луганської областей отримати російське громадянство у спрощеному порядку. — Укрінформ.

ukrinform.ua

422 человек(а) говорят об этом
 
 

Дипломат Орусия Минск келишимин бузуп жатканын айтты. Буга чейин Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленскийдин штабы паспорт берүүнү жеңилдетүүгө байланыштуу дипломатиялык жана санкциялык басымдарды күчөтүүгө үндөгөн.

АКШ Мамлекеттик департаментинин Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер жаңжал жүрүп жаткан аймактардын жашоочуларына жарандык берүүнү чагымчыл аракет катары баалап, бул идеа “оккупациялоо планынан” алынганын белгилеген.

 

Kurt Volker

@SpecRepUkraine

 

Donbas is ???????? and the people there – regardless of preferred language – are Ukrainian. Russia’s recent decision to issue passports is highly provocative & is straight from its “occupation playbook” and undermines efforts to implement Minsk & restore Donbas to Ukrainian control.

843 человек(а) говорят об этом
 
 

Шаршембиде Орусия президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн райондордун жашоочуларына жеңилдетилген түрдө орус паспортун берүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Кремль сайтында жарыяланган документке караганда, жарандык берүү шарттарын жеңилдетүү – “гуманитардык максатты”, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону көздөйт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17