Аймак

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН МААРАКЕСИН ӨТКӨРҮҮГӨ САЛЫМ КОШУШКАН ӨЗБЕК ЖАЗМАКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНЫШТЫ

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН МААРАКЕСИН ӨТКӨРҮҮГӨ САЛЫМ КОШУШКАН ӨЗБЕК ЖАЗМАКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНЫШТЫ

 1,451 Бардыгы /

                        ТАШКЕН. “Чыңгыз Айтматов жана Кыргыз-Өзбек адабиятынын байланышы” деп аталган Эл аралык конференциянын алкагында Өзбекстандагы “Эл аралык Айтматовдук клуб” ассоциациясынын жана котормочулардын, жазуучулардын, окумуштуулардын Эл аралык Айтматов академиясынын мүчөлөрүнө атайын сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу редакциябызга кабарлаган өзбекстандык журналист Төлөнбай Курбанов өзү дагы залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде уюштурууга кошкон салымы үчүн төш белги менен сыйланды.

            Буга улай мындай           сыйлыктар жазуучунун чыгармаларын өзбек тилине которгондугу үчүн өзбекстандык белгилүү жазуучу жана публицист Асил Рашидов жана Өзбекстандын эмгек сиңирген илимий ишмери Ибрагим Гафуровдорго дагы ыйгарылды. Ошондой эле «Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” борборунун директору, Өзбекстандын Улуттук университетинин профессору Ахмаджон Мелибоевге дагы сыйланды. Аталган сыйлыктар Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын Өзбекстанда 2018-жылы өткөнүнө байланыштуу берилди. Аларды Кыргызстандын бул мамлекеттеги элчиси Ибрагим Жунусов жана Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев ээлерине тапшырышты.

            Дүйнөгө таанымал Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында Кыргызстандын Талас облусундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен Германиянын Нюрнберг шаарында көз жумган. Ал – кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры эле. Анын чыгармалары дүйнөнүн жүздөн ашуун тилдерине которулган.

                        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17