Аймак

ОБЛУС БОЮНЧА “АЛТЫН ТАМГА” ЭЭЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ

ОБЛУС БОЮНЧА “АЛТЫН ТАМГА” ЭЭЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ

 4,295 Бардыгы /

Быйыл Жалал-Абад областында 9019 бүтүрүүчүнүн 19у гана өзгөчө аттестатка ээ болду. Өзгөчө үлгүдөгү “Алтын тамга” аттестатын алууга 227 бүтүрүүчү талапкер болгон. Анын 19у гана артыкчылык аттестатына татыктуу экенин далилдешти. Бул жыйынтыкты район-шаарларга бөлүштүргөндө алды 5 окуучу болсо, арты эң чоң райондордон бир да окуучу алган эмес. Төмөндө сөз ушул тууралуу болмокчу…

Токомбай ТУРГАНБАЕВ, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун директорунун орун басары: “БЫЛТЫРКЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАГАНДА ҮЧ ОКУУЧУГА КӨП”

-Быйылкы 2018-2019-окуу жылында Жалал-Абад областы боюнча 9-классты 17 912 окуучу, 11-классты 9 019 бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат. Ал эми “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына 227 окуучу талапкер болуп, андан 19у аталган аттестатын алууга татыктуу болушту. Бул былтыркы окуу жылына караганда 3 окуучуга көп. Маалым болгон 19 окуучуну район-шаарлардан алганда Аксы районунан 3, Тогуз-Тородон 1, Чаткалдан 2, Жалал-Абад шаарынан 5, Кара-Көлдөн 2, Көк-Жаңгактан 1, Майлуу-Суудан 1, Таш-Көмүрдөн 4 окуучу артыкчылык аттестатына татыктуу болуп отурат. Ал эми Ала-Бука, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен жана Токтогул райондорунан татыктуу болгон бир да окуучу жок.

Билим берүү министрлиги тарабынан күбөлүк, аттестаттарды тапшыруу күнү да белгиленген. Экзамендерди бүткөндөн кийин 9-класстарга билими жөнүндөгү күбөлүктү 21-июнда, 11-класстарга аттестаттары 24-июнда тапшырылат.

Азимжан АБДРАШОВ, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси:  “БИР ОКУУЧУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ АПЕЛЛЯЦИЯ БОЛДУ”

-Быйыл өзгөчө үлгүдөгү “Алтын тамга” аттестатына Жалал-Абад шаарынан лицейлерди кошпогондо 33 талапкер катышты. Алардын ичинен төртөөсү аталган аттестатка ээ болду. Ал эми бир окуучунун бир предметинен баасы “4” болуп калганы үчүн апелляция болуп, Бишкекке жөнөтүлдү. Ал жакта тийиштүү комиссия карап чыгып, жыйынтыгын эми айтышат. Кызыгы ушул аттестатка ээ болгондордун баары С.Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейинин окуучулары болуп саналат. Мурунку жылдарга салыштырмалуу артыкчылык аттестатына ээ болгондор көп.

Күльнара МАМЫТОВА, С.Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейинин директору: “МУГАЛИМДЕРИБИЗДИН ТАЛЫКПАС ЭМГЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ”

-Биздин мектепте жалпы 2 100 окуучу билим алат. Анын ичинен 89у быйыл 11-классты бүтүп жатат. Ал эми “Алтын тамга” аттестатына 5 окуучуну сунуштаганбыз. Алар барып тест тапшырып келишкен. Жыйынтыгына ылайык ошол 5 окуучубуздун төртөөсү тесттен өтүп, өзгөчө аттестатка татыктуу болушту. Бирөөсү Ильич Осмоналиев деген окуучубуздун бир гана кыргыз тили предметинен баасы “4” болуп калгандыктан аны Бишкекке апелляцияга жөнөттүк. Буйруса ал да өтөт деген жакшы ниетте турабыз.

Шаар боюнча жалпы мектептердин арасынан ушул “Алтын тамга” аттестатына биздин окуучуларыбыз ээ болуп турганы биринчи кезекте биздин мугалимдерибиздин талыкпас эмгеги деп билем. Мен 2018-жылдын сентябрь айынан бери иштеп жатам. Келгенден тартып эле биринчи кезекте окуучулардын билим сапатына көп көңүл буруудабыз. Мындан сырткары “Энелер мектебин” түздүм. Анын негиздөөчүсү КРдин Эмгек сиңирген мугалими Г.Мадаминовдун семинарларына катышып, ошол агайдан да көп нерсе угуп, билип үйрөндүм. Ойлонуп көрсөм чын эле баланын окууга кызыгуусуна ата-энелердин түздөн-түз салымы бар экен. Ата-эне окубайын, бала окубайт экен. Ошондуктан ушул энелер мектебин түзүп, ата-энелерге өзүм сабак өтүп жатам. Кудай буйруса Г.Мадаминовдун убактысы болсо, биздин ата-энелерге семинар өтүп бериңиз деп чакырдым. Мектептеги ата-энелер чогулуштарына да өзүм катышып, алар менен тыгыз иш алып барууга аракеттенип жатам. Мына ушундай аракеттердин натыйжасында алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерге жетип, өлкөбүздүн келечегине жараган чыгаан уул-кыздарды тарбиялоо аракетин кыла бермекчибиз.

“Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүнүн жыйынтыгына ылайык област боюнча эң жогорку көрсөткүчтү Жалал-Абад шаары көрсөтө алды. Ага катышкан 33 талапкерден 5 бүтүрүүчү (апелляция болгон окуучуну кошкондо) аталган аттестатка татыктуу болуп олтурат. Андан да эң кызыгы 5 окуучунун баары №14 инновациялык мектеп-лицейинин бүтүрүүчүлөрү.

 

Нуриза БОРУБАЕВА, “Алтын тамга” аттестатынын ээси: “ЖАШООМО ЧОҢ СТИМУЛ БЕРДИ”

-Тестти 8-май күнү тапшырдык. Мен орус класстан барганым үчүн орус тили, математика, химия, тарых предметтеринен тапшырдым. Чынын айтсам өтөм деп ойлогон эмесмин, башкача айтканда өзүмө ишенген эмесмин. Жыйынтыгын угуп аябай кубандым. Жашоомо чоң стимул берди деп айта алам. Биринчи кезекте өзүмө ишенүүнү шарттады. Бул ийгиликке жетишиме мугалимдеримдин, ата-энемдин салымы чоң. Убакыттан пайдаланып аларга ыраазычылыгымды билдирем. Жакында эле жогорку республикалык тестирлөөгө катыштык. Анын жыйынтыгын да буйруса жакшы болот деп ниет кылып жатам. Окууну бүтүп, Бишкектеги эл аралык мамилелер факультетине тапшырсамбы деп турам.

Ильичбек УСМАНАЛИЕВ, “Алтын тамга” аттестатынын талапкери: “ЭКИ КҮН ЖАКШЫ УКТАЙ АЛГАН ЖОКМУН”

-“Алтын тамга” аттестатына тест 8-май күнү шаардагы №4 мектепте өттү. Төрт предметтен – математика, кыргыз тили, химия жана тарыхтан тапшырдым. Биздин мектептен 5 окуучу барганбыз. Тесттин жыйынтыгына ылайык өтөм деп ойлогом. Тилекке каршы 2 балл жетпей калыптыр. Чынын айтайын жыйынтыгын уккандан кийин 2 күн жакшы уктай алган жокмун. Учурда менин жыйынтыгымды Бишкекке жиберишкен, ал жактан комиссиялар кайра карап жатышат. Өтүп калсам экен деген жакшы ниетте турам. Мектепти бүтүп, буйруса энергетика тармагын аркалоо же инженер болуу максатын коюудамын.

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17