Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,983 Бардыгы / КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан райондук, шаардык бөлүмдөрү менен биргеликте өрткө каршы жүргүзүлгөн иш-чараларга карабай, 2019-жылдын 5 айында облус аймагында 157 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 76 млн. 65 миң 600 сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 5 жаран каза болуп, 4 жаран жарат алышса, 17 тонна тоют, 10 мал жандыктары, […]
1,984 Бардыгы / КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан райондук, шаардык бөлүмдөрү менен биргеликте өрткө каршы жүргүзүлгөн иш-чараларга карабай, 2019-жылдын 5 айында облус аймагында 157 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 76 млн. 65 миң 600 сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 5 жаран каза болуп, 4 жаран жарат алышса, 17 тонна тоют, 10 мал жандыктары, […]
КР ӨКМНИН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ: ЖАЙКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
04.06.2019 / Автор aymak

1,985 Бардыгы /
КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан райондук, шаардык
бөлүмдөрү менен биргеликте өрткө каршы жүргүзүлгөн иш-чараларга карабай, 2019-жылдын
5 айында облус аймагында 157 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 76
млн. 65 миң 600 сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 5 жаран каза болуп, 4 жаран жарат алышса, 17
тонна тоют, 10 мал жандыктары, 20 үй канаттуулары жабыркаган. Өрт өчүрүүчү-
куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам 12 атуул, 3 автоунаа жана 286 млн. 458 миң
сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынган. Өткөн 2018-жылдын ушул
мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 7,1 % азайганы менен, өрттөн келтирилген
материалдык зыян 2,5 эсеге өскөн. Тактап айтканда, 2018-жылдын 5 айында 169 өрт кырсыгы
катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 29 млн. 970 миң 218 сомду түзгөн.
Жогоруда катталган өрт кырсыктары негизинен электр жабдыктарын колдонууда
эрежелердин бузулушунан (67 өрт), мештерди колдонууда эрежелердин бузулушунан (18 өрт),
отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан (25 өрт), жаш балдардын от менен ойноосунан (12
өрт), автунааларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан (3 өрт) келип
чыкса, 109 өрт (жалпы өрт кырсыгынын 69 % түзөт) турак-жай секторунда, 14 өрт автоунаада, 10
өрт ачык аймакта, 4 өрт коомдук-административдик обьектиде, 6 өрт соода жайларында, 7
өндүрүш обьектилеринде катталган. Турак-жайларда катталган өрт кырсыктарынан келтирилген
материалдык зыян 10 млн. 930 миң 707 сомду түзүп, жалпы чыгымдын 14,4 % түздү.
Жайкы өрт кооптуу мезгилдин башталышы менен ачык аймактарда, жол четтериндеги
куураган чөптөрдө өрт кырсыктарынын катталуусу күч алды.
Жайкы өрт кооптуу мезгилде куураган чөптөрдөгү өрт кырсыктарын алдын алуу максатында
КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча Өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдын 20-майындагы
“Областтын аймагында тоют топтоо, айыл чарба эгиндерин оруп-жыйноо мезгилинде өрт
кырсыгынын алдын алуу чаралары жөнүндөгү” № 273-б сандуу буйругу чыгартылды.
Куураган чөптөрдө өрт кырсыктарын алдын алуу үчүн өчүрүлбөгөн тамеки калдыктарын туш
келди таштабоону, жаш балдардын от менен ойноосуна жол бербөөну, тоют топтоо өнөктүгүнө
катышкан техникалардын учкун өчүрүүчү жабдыктарынын оң абалда болуусун, өз аймактарын
куураган чөптөрдөн арылтууну КР ӨКМнин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгы
эскертет.
КР ӨКМнин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери бөлүмүнүн улук офицери майор Кааров Руслан.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
05.03.2026 / Автор anarkan_kg 8-МАРТ – АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
17.03.2026 / Автор anarkan_kg МАДАНИЯТ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ 117 ЖАҢЫ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.