Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,679 Бардыгы / Өзбекстандагы Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропорттору баш кеңсеси Москвада жайгашкан «Новапорт» холдингинин башкаруусуна өтүшү мүмкүн. Тиешелүү макулдашууга орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин Ташкентке сапарынын алкагында өткөн өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган. Маалыматка караганда, «Новапорт» холдинги менен өзбек өкмөтү Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропортторун модернизациялоо тууралуу макулдашууга 30-майда Ташкентте кол коюшкан. – Болжолдуу макулдашууга […]
1,680 Бардыгы / Өзбекстандагы Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропорттору баш кеңсеси Москвада жайгашкан «Новапорт» холдингинин башкаруусуна өтүшү мүмкүн. Тиешелүү макулдашууга орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин Ташкентке сапарынын алкагында өткөн өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган. Маалыматка караганда, «Новапорт» холдинги менен өзбек өкмөтү Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропортторун модернизациялоо тууралуу макулдашууга 30-майда Ташкентте кол коюшкан. – Болжолдуу макулдашууга […]
ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ҮЧ АЭРОПОРТ ОФФШОР КОМПАНИЯНЫН БАШКАРУУСУНА ӨТҮШҮ МҮМКҮН
07.06.2019 / Автор aymak

1,681 Бардыгы /
Өзбекстандагы Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропорттору баш кеңсеси Москвада жайгашкан «Новапорт» холдингинин башкаруусуна өтүшү мүмкүн. Тиешелүү макулдашууга орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин Ташкентке сапарынын алкагында өткөн өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган.
Маалыматка караганда, «Новапорт» холдинги менен өзбек өкмөтү Самарканд, Ургенч жана Наманган аэропортторун модернизациялоо тууралуу макулдашууга 30-майда Ташкентте кол коюшкан.
– Болжолдуу макулдашууга холдингдин башчысы Роман Троценко менен Өзбекстандын транспорт министринин биринчи орун басары Ильхом Махкамов кол койду. Бирок бул меморандук деңгээлиндеги гана макулдашуу. Азыр консалтинг компаниялар долбоордун экономикалык жактарын карап жатышат. Бул боюнча корутунду чыккандан кийин укуктук милдеттерди бекиткен акыркы документке кол коюлат», – деди «Новапорт» холдингинин өкүлү.
Анын айтымында, документке кол коюлгандан кийин аталган үч аэропорт концессионалдык макулдашуунун негизинде узак мөөнөткө орусиялык холдингдин башкаруусуна өтөт.
Өзбекстанда бардык аэропорттор мамлекеттин башкаруусунда. Аларды башкаруу боюнча ыйгарым укук «Узбекистон хаво йуллари» улуттук авиакомпаниясына таандык. Өзбек өкмөтү буга чейин аталган үч аэропортту чет өлкөлүк компаниялардын башкаруусуна берүү планы тууралуу эч нерсе билдирген эмес. Бул долбоорго кызыккан компаниялардын арасында ачык тендерлер дагы өткөрүлгөн эмес.
«Новапорттун» өкүлү алар бул үч аэропортту жүргүнчүлөрдүн санын кескин көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү жогору экендиги менен түшүндүрдү.
2007-жылы негизделген «Новапорт» холдингинин акцияларынын жарымы орусиялык олигарх Роман Троценконун башкаруусундагы AEON Corporation фирмасына, экинчи бөлүгү Meridian Capital деп аталган казакстандык инвестициялык компанияга таандык. Бул эки компания тең «Новапорт» холдингине Кипрде 2005-жылы каттоодон өткөн T.S. Trans Siberia Co Limited компаниясы аркылуу ээлик кылат. Бул оффшор компаниянын чыныгы ээлери тууралуу маалымттар жашыруун сакталып келет.
Эл аралык бизнес-авиация тармагындагы өз булак «Новапорт» Кремлге жакын олигархка таандык холдинг болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.
«Новапорттун» ээси Роман Троценко. Ал «Росгазнефть» башкармалыгынын төрагасы Игорь Сечиндин оң колу, көптөгөн жылдар бою анын кеңешчиси болуп иштеген. Сечин болсо Владимир Путиндин жакын санаалашы болуп эсептелет. «Новапорт» Орусияда экинчи даражадагы аэропортторду башкарат. Учурда компаниянын карыздары көп экени айтылууда. «Новапорттун» негизги түзүүчүсү Кипрде, анын чыныгы ээсин эч ким билбейт. Анын Кремлге тиешеси бар деген божомолдор бар. Азыр Өзбекстандагы үч аэропорт тендерсиз эле карызы көп бул холдингге берилгени жатат», — деди булак.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg АВТОЭЭНБАШТЫК ЖАСАГАН АЙДООЧУГА 15 МИҢ АЙЫП САЛЫНДЫ
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна СУЗАКТА 150 ООРУНДУ ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.