Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,309 Бардыгы / Ыркыраган рынок заманында саламатчылыгыбыз жөнүндө кам көрүүнү, чынында, таптакыр унуттук. Эптеп акча табууга гана азгырылып, жапжаш туруп ден соолугунан айрылгандар чекеден эле табылат. Бул туташ көйгөйдөн мекендештерибизди арылтуу максатында Кыргызстандын түштүк башкалаасында биринчи жолуп “Мотиватор” фитнес борбору ишке киришти. – Айланайындар, карыганда накта сообубузга калышпадыбы! – дейт кубанычы койнуна батпаган эмгек ардагери Капар Төрөкулов. – “Мотиватор” […]
2,310 Бардыгы / Ыркыраган рынок заманында саламатчылыгыбыз жөнүндө кам көрүүнү, чынында, таптакыр унуттук. Эптеп акча табууга гана азгырылып, жапжаш туруп ден соолугунан айрылгандар чекеден эле табылат. Бул туташ көйгөйдөн мекендештерибизди арылтуу максатында Кыргызстандын түштүк башкалаасында биринчи жолуп “Мотиватор” фитнес борбору ишке киришти. – Айланайындар, карыганда накта сообубузга калышпадыбы! – дейт кубанычы койнуна батпаган эмгек ардагери Капар Төрөкулов. – “Мотиватор” […]
МОТИВАТОР” ФИТНЕС БОРБОРУ СЕРГЕК ЖАШООГО КАЛЫПТАНДЫРАТ
07.06.2019 / Автор aymak

2,311 Бардыгы /
Ыркыраган рынок заманында саламатчылыгыбыз жөнүндө кам көрүүнү, чынында, таптакыр унуттук. Эптеп акча табууга гана азгырылып, жапжаш туруп ден соолугунан айрылгандар чекеден эле табылат. Бул туташ көйгөйдөн мекендештерибизди арылтуу максатында Кыргызстандын түштүк башкалаасында биринчи жолуп “Мотиватор” фитнес борбору ишке киришти.
– Айланайындар, карыганда накта сообубузга калышпадыбы! – дейт кубанычы койнуна батпаган эмгек ардагери Капар Төрөкулов. – “Мотиватор” фитнес борбору заманбап спорт жабдыктары менен камсыз этилиптир. Мен деле мурда керээли кечке көчө таптап, айлам таптакыр куруганда неберелеримди эрмектеп, эптеп күн өткөрчүмүн. Эми минтип “Мотиваторго” байма-бай каттап, таза оңуп калбадымбы, эй! Борбор шаардын чок ортосунда. Эң башкысы:бекер эле машыгам.
– Жаш эле туруп рынок шартында өлө чайналдык. Айрыкча мен курактагылар гөртирилик деп жүрүп ден соолугуна дегеле кам көрбөй калышпадыбы, – деп чындыкты моюндады Ош шаарынын дагы бир тургуну Алтынбү Ажимаматова. – Моминтип “Мотиватор” фитнес борборуна баш багып, саламатчылыгымдын кадырын эми гана түшүнүп олтурам. Убакыт таап, күн сайын моминтип машыгып жатамын. Эң башкысы: дене-боюм кыйла жеңилдеди. Көңүлүм дагы чайыттай ачылып, мурункудай болоор-болбос нерселерге ашкере күйпөлөктөбөй деле калдым. Аттиң… Ошто, мен билгенден, ишкерлерибиз толтура. Тилекке каршы, Фитнес борбор – жападан жалгыз! Алар деле жердештеринин саламатчылыгына аз дагы болсо кам көрүшүп, Байыш Назарбаев өңдөнүп Ош шаарынын ар бир кичи районуна өзүнчө фитнес борбор ачышса, чындыгында, карапайым калктын сообуна гана калышмак. Анан бара-бара бул демилге бүтүндөй республикабызга жайылтылса, кичинекей Кыргызстаныбыз чукул арада бакубат өлкөгө айланаарында шегим жок!
Айтмакчы, 28 жаштагы ишкер Байыш Назарбаев Ош технологиялык университетинин курулуш факультетин ийгиликтүү аяктаган. Ушул тапта “Мотиватор” фитнес борборун негиздеп, аны абийирдүү жетектеп дагы жатат. Жаш бизнесмен “Кыймыл – сергек жашоо булагы” деп эсептейт.
– “Мотиватор” фитнес борбору – адамдарда кадимки сергек жана узак жашоо образын калыптандырып, денесине дайыма күч-кубат берип турат, – дейтОш шаарындагы”Мотиватор” фитнес борборунун директору, жаш ишкер Байыш Назарбаев. – Албетте, мунун келечеги кенен. Бирок, Кыргыз Өкмөтү ушундай жайларды ыксыз текшерүүлөргө мораторий жарыяласа, мындан баарыбыз тең утмакпыз. Буга улай ушул өңүттө мамлекеттик деңгээлде жеке ишкерлерди туруктуу колдоо саясаты дагы ырааттуу түрдө улантылса, биз деле мамлекетибиздин бакубат өлкөгө айлантууга абдан дилгирбиз!
Кыскасы, “Дени сак улут – бакубат өлкө!” ураанын жүзөгө ашырчу мезгил эми келди. Буга чыйыр салып жаткандарды мындан ары дагы мамлекет өзү республикалык алкакта туруктуу колдоосу кажет!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУ ШААРЫНДАГЫ «МАНАС” СТАДИОНУ ЖАКЫНДА ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17






You must be logged in to post a comment.