Аймак

ТАЗА СУУГА КАЧАН ЖЕТЕБИЗ?

ТАЗА СУУГА КАЧАН ЖЕТЕБИЗ?

 3,619 Бардыгы /

 Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттары Жер кодексине өзгөртүү киргизбесе Кыргызстан 2023-жылга чейин таза суу менен толук камсыз боло албай калышы толук ыктымал. Президент Сооронбай Жээнбеков 2023-жылы Кыргызстан таза суу менен толук камсыз болот деген убадасын берди. Бирок Жалал-Абад областы боюнча таза суу департаменти айрым айыл өкмөттөрдө суу 2024-2025-жылга дейре кечигиши мүмкүн экенин айтат. Анын жүйөлүү себептери тууралуу Жалал-Абад областы боюнча таза суу департаментинин өкүлү Таалайбек ДОЛДОЕВ айтып берет.

 

КАЙСЫЛ АЙЫЛДАРДА ТАЗА СУУ КӨЙГӨЙҮ КУРЧ?

 Таза суу департаментинин негизги максаты – инвестиция тартуу. Эл аралык уюмдардан  инвестиция тартып келип, АРИС жана капиталдык курулуш департаменти аркылуу тендерге берүү.  Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областы боюнча 8 райондо 409 айыл бар, алардын 179унда таза суу түтүкчөсү такыр курулган эмес. Бул 3 этапка бөлүнгөн изилдөөнүн жүрүшүндө аныкталды. Биринчи этапка 1950-жылдан 1970-жылга чейин курулган суу түтүктөрү кирет. Экинчи этапка 1970-жылдан 1990-жылга чейин суу түтүкчөлөрү курулган айылдар кирсе, үчүнчү этапка 2000-жылдан 2017-жылга чейин курулгандары кирет.

Эң эле эскилиги жетип колдонууга болбой калгандар 1-этаптагы суу түтүктөрү, алар областта 50 айылда курулган экен. Андан кийин такыр таза суу түтүкчөсү курулбаган 179 айылды кошкондо бүгүнкү күндө 232 айылда ичүүчү суу көйгөйү курч. Андан сырткары 2000-жылдан 2009-жылга чейин Жалал-Абад областында 53 айылды камтыган чоң таза суу долбоору болгон. Мында бардык айылдарда жумуш башталып тилекке каршы, алардын 24 айылында иштер 60-70 пайыз гана аткарылган. Бүгүнкү күндө ал чоң көйгөй жаратып келет. Азыр эң ириде биринчи этаптагы жана такыр суу түтүкчөсү курулбаган айылда иштер жүрүп жатат.

 

КАНДАЙ КӨЙГӨЙ ЖАРАЛУУДА?

 Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2023-жылга чейин Кыргызстанды толук таза суу менен камсыздоо долбоору кабыл алынган. Анын негизинде 5 жылдык “Ала-Тоо” программасы иштеп жатат. Эл аралык уюмдар жана фонддор менен ошондой эле жергиликтүү, республикалык бюджеттин каржылоосу менен учурда 53 айылда таза суу долбоору аяктоо алдында турат. Ал эми көйгөйлүү маселелердин бири – жер. Суу тосмосун курганы жер керек. Биринчиден суу тосмосунун көлөмү аныкталып, ал жерде жашаган калктын санына каралат. Миң адам  суунун орточо нормасы менен күнүнө 150 литр керектейт.  Аны 15 жылга көбөйтөбүз. Мисалы, миң адам жашаган жерге 500 куб суу деген сыяктуу бир сумма келип чыгат. Ага болжол менен 60-70-сотых жерди ээлеген тосмо курулат.

Мисалга, Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтү “Ислам өнүктүрүү  банкы” аркылуу долбоорго киргизилген, бирок эки жылдан бери жер көйгөйү чечилбей жатат. Себеби айыл өкмөттүн балансында жер жок. Жер токой чарбасына тиешелүү, ал эми токой чарбасынын жерин алуу машакаты күч. Мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гана токтому чыгышы керек, өкмөттүн токтомуна жетиш үчүн 8 ведомстводон өтүү абзел. Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин 3 окуусунан өтүүсүнө чейин эле канча убакыт кетет.

Бул жагдайды эртерээк чечип, даярдап туруусу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, жетекчиликтерге дайындалып жатат. Анткени бул маселелер – алардын милдети. Аталган маселе тууралуу  Жогорку Кеңештин депутаттарына Жер кодексинин мыйзамына өзгөртүү киргизүү суранычы менен кайрылуу жасалган. Суу тосмосун курганы 60-70 сотых жер керек. Ушул үчүн айылдык кеңештин депутаттарына ыйгарым укук берсе эле маселе чечилет. Эгерде Жер кодексине өзгөртүү кирип калса, анда 5 жылдык программаны да аткарса болот. Болбосо 2024-2025-жылга чейин кечигиши толук ыктымал. Анткени менен буга керектүү каражат, инвестиция жетиштүү бар.

 

КАЙСЫЛ ЖЕРДЕ КАНДАЙ ИШТЕР АТКАРЫЛЫП ЖАТАТ

Азыркы учурда Базар-Коргон районунан Кеңеш айыл өкмөтү Сейитказы, Могол- Коргон, Акман айыл өкмөтүнөн Жараке, Баймундуз деген жерлер, Могол айыл өкмөтүндө Чарбак, Кызыл-Суу айылдарындагы жерлер боюнча кайрылууну өкмөткө жөнөткөнбүз. Азыр иш өкмөттө, аны карап  Жогорку Кеңешке сунуштайт, алар чечим кабыл алып кайра өкмөткө тапшырат. Ошентип жер маселеси чечилсе иш башталат. Ала-Бука, Токтогул Ноокен районунда кээ бир жерлердин документин даярдап жатабыз. Айрым жерлерде суу булагы жок болуп, издеп жатабыз. Эл аралык уюмдар менен каржыланып бүтүп жаткандардан Аксы районунун Кербен шаарындагы 7 айылда Бүткүл дүйнөлүк банк аркылуу иштер жүрүп, 60% жумуштар бүтүп калды. Жалпысы 207 миллион сомдук 2 аткаруучу компания  иштеп жатат. Калган айылдардын долбоорлору даярдалууда. Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан шаарлардагы жана район борборундагы суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча чоң инвестиция тартылган. Алгач Жалал-Абад шаарында башталып, биринчи фазасы аягына чыккан. Учурда экинчи фазасы даярдалып жатат. Майлуу-Суу шаарында консультанттар иштеп жатат. Токтогул шаарында жакында жумуш башталат. Негизи шаарлар боюнча көйгөйлөр жок. Бардык айылдар боюнча кандай иштер аткарылышы керектиги такталган. Ноокен району боюнча Европа өнүктүрүү банкына сунушталган, азыр долбоору каралып жатат. Чындыгында көйгөйлүү аймак. Себеби ал жерде Тоскоол-Ата деген агынды суудан ичишет. Дагы бир көйгөйү анда суу булагы жок. Ошого бизде ишке ашкан долбоор бар. Анда таза суу Арстанбаптан келет, андан Кызыл-Октябрдан 5 километр алыстыкта жайгашкан Гөлөгөн суусуна келет. Ошол Гөлөгөндөн Шайдан айылына, андан ары Масыга чейин түшөт деп долбоор түзүлгөн.

 

АЙЫЛДА АБАЛ КАНДАЙ?

Кадырбек АКМАТКУЛОВ, Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы:

“КАЛКТЫН 70 ПАЙЫЗЫ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛГОН”

-Демөөрчүлөрдүн жардамы менен жергиликтүү тургундар өздөрү да акча чогултуп жардам көрсөтүп салым кошушту.  Жакында эле 5 чакырым алыстан таза суу тарттырып келдик. Санэпидемстанциядан өткөн, ичүүгө боло турган таза суу деп жыйынтык чыгарып беришкен. Биздин айыл аймакта 8 айыл бар, аларда 12 650 калк жашайт, бүгүнкү күндө 70 пайыз эл таза суу менен камсыз болду. Азырынча таза суу менен камсыз боло элек Каба, Көк-Алма айылдары калды. Алардын маселесин да быйыл жетишпей калсак кийинки жылы чечебиз деп пландаганбыз. Конкреттүү иш пландар бар. Айыл өкмөт өзүбүз да жеке демөөрчүлөрдү тартып жатабыз. Мисалы, айылдан чыккан чыгаандар жардам беришүүдө. Ушул эки айылды эле камсыздап алсак бизге таза суу көйгөй эмес болуп калмак.

 

Жаныбек ЭШЕНКУЛОВ,  Масы айыл өкмөтүнүн башчысы:

“ЭҢ НЕГИЗГИ КӨЙГӨЙ ТАЗА СУУ”

-Калкты таза суу менен камсыз кылуу бизде эң көйгөйлүү маселе болуп келет. Элдер таза сууну сатып алып ичишет. 1968-жылы коюлган түтүктөр бүгүнкү күнгө чейин алмаштырыла элек. Эскилиги жетип колдонууга болбой калган. Европа өнүктүрүү банкы аркылуу 24 айыл таза суу менен камсыздалып жатпайбы. Алардын катарында биз да барбыз. Буюрса кагаз иштери жүрүп жатат. Долбоорго кирген, майда- чүйдө түзөтүү иштерин айыл өкмөт аткарышы керек. Өзүбүзгө тиешелүү иштерди аткарып жатабыз. 2023-жылга чейин таза суу менен камсыз болуп калабыз деген планыбыз бар, үмүтүбүз чоң.

Гулмира ЗУЛПУКАРОВА, Шайдан айылынын тургуну:

“КУДУККА СУУ КУЮП АЛАБЫЗ”

-Биздин айылда көпчүлүгү эле кудук куруп алышкан. Район борборунан суу ташуучу унааларды чакырабыз. 5 тоннадан 7 тоннага чейинки суу батат, бир жолу куюп бериши 700 сомдон 900 сомго чейин болот. Айрым жаш же шарты жок үй-бүлөлөр агынды сууларды тундуруп ичүүгө аргасыз. Айрымдар болсо бир эки үй-бүлө биригип суу куюшат. Бирок канча көп адам пайдаланса, ошончо тез түгөнөт. Кайра эле акча төлөп куюш керек. Таза суу менен камсыздоо деп телевизордон көрүп, угуп жатабыз. Балким башка айылдарда иштер болуп жаткандыр. Биздин айылда дагы жакшы иштер башталса керек, азырынча байкай элекмин.

Жоро ЗУЛПУКАРОВ, Тайгара айылынын тургуну:

“ӨЗ АРАБАБЫЗДЫ ӨЗҮБҮЗ ТАРТЫП БАШТАДЫК”

-Шаарга кошулгандан суу дагы биригип, кийин көйгөйлөр менен кайра бөлүнүп, айтор ушундай эле болуп келе жатат. Тайгаранын тунук суусу деп угуп жатсаңыздар керек. Тайгаранын кулуну Талант Баев өзүнүн жанынан бир скважина куруп берген. Кийин арабдардан демөөрчүлөрдү тапты эле, долбоору АРИС аркылуу ишке ашат деп, кийин алар келип силер шаарга карайт экенсиңер болбойт деп кетип калган. Ошентип токтоп калды. Азыр эми дагы ушул чыгаан уулдарыбыз демөөрчүлөрдү таап келишиптир, иштер башталат деп жатат. Мэрия аралашпай эле турса, элдер колдоп буюрса таза суу маселеси чечилип калгыдай.

 

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17