Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
3,055 Бардыгы / “Жеткинчек Ош” Кыргызстандын түштүгүндөгү жападан жалгыз балдар лагери. Бул жайга тээ алыскы Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунан бери өспүрүмдөр келишип, мыкты эс алып жатышат. Анваржан ХАКИМОВ “Жеткинчек Ош” балдар лагерин жыйырма төрт жылдан бери үзгүлтүскүз жетектеп келатат. – Бул жерде балдардын ар тараптуу эс алуусуна заманбап бардык шарттар жаратылган. Бассейн күнү-түнү кызматта. Маал-маалы менен […]
3,056 Бардыгы / “Жеткинчек Ош” Кыргызстандын түштүгүндөгү жападан жалгыз балдар лагери. Бул жайга тээ алыскы Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунан бери өспүрүмдөр келишип, мыкты эс алып жатышат. Анваржан ХАКИМОВ “Жеткинчек Ош” балдар лагерин жыйырма төрт жылдан бери үзгүлтүскүз жетектеп келатат. – Бул жерде балдардын ар тараптуу эс алуусуна заманбап бардык шарттар жаратылган. Бассейн күнү-түнү кызматта. Маал-маалы менен […]
“ЖЕТКИНЧЕК ОШ” БАЛДАР СҮЙГӨН ЖАЙГА АЙЛАНДЫ
03.07.2019 / Автор aymak

3,057 Бардыгы /
“Жеткинчек Ош” Кыргызстандын түштүгүндөгү жападан жалгыз балдар лагери. Бул жайга тээ алыскы Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунан бери өспүрүмдөр келишип, мыкты эс алып жатышат.
Анваржан ХАКИМОВ “Жеткинчек Ош” балдар лагерин жыйырма төрт жылдан бери үзгүлтүскүз жетектеп келатат.
– Бул жерде балдардын ар тараптуу эс алуусуна заманбап бардык шарттар жаратылган. Бассейн күнү-түнү кызматта. Маал-маалы менен дискотека жагы уюштуруп турабыз. Мындан тышкары отряддар арасында түрдүү сыныктар өткөрүлүп турат. Иши кылып өспүрүмдөрдү эч качан зериктирбейбиз, – дейт “Жеткинчек Ош” балдар лагеринин директору Анваржан ХАКИМОВ.
– Жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн, согуш жана ооган апаатынын ардагерлеринин балдарына бир катар жеңилдиктер каралган, – деп кепке кошулду Ош облустук өнөр жай, коммуналдык тейлөө жана ишкердүлүк кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун төрагасы Абдилүмүт ОМОШЕВ. – Ар агымда балдар он күндөн эс алышат. Жолдомо наркы 4700 сом. Бирок, эмгекчилердин кесиптик уюмунун атайын фонду 4200 сомду көтөрүп, ата-энелер болгону 500 сом гана казынага төлөшөт. Төрт маал ысык тамак ичиребиз. Буерде ар тараптуу эс алууга заманбап гана шарттар жаратылган. Балдардын коопсуздугун ички иштер кызматкерлери үзгүлтүскүз камсыз кылып турушат.
Бексултан ОСЕКОВ, “Жеткинчек Ош” балдар лагеринин 5-отрядынын өкүлү: – Мен Орусиядан келип эс алып жатамын. Анткени, шарты куп жакты. Анан калса лагерь дагы өтө кооз жерде жайланышыптыр. Бул жерден көп досторду дагы таптым. Баары менен мындан ары кат алышып, же телефон аркылуу сүйлөшүп турмакчымын.
Миртилек АЛИШЕР уулу, “Жеткинчек Ош” балдар лагеринин 2-отрядынын өкүлү: – Түрдүү сынактарга үстөккө-босток катышып, ой-чабытыбызды абдан өстүрүп жатабыз. Ар аймактардан чогулганбыз, бирок, ынтымагыбыз абдан күч. Улуу-кичүүгө карабастан, тез эле тил табышып кеттик. Мында тарбиячылардын дагы мээнети абдан чоң.
Арина Сапарбек кызы, “Жеткинчек Ош” балдар лагеринин 1-отрядынын өкүлү: – Бул жердегидей шарт, чындыгында, үйүбүздө деле жок. Лагерь жетекчисинин жана тарбиячылардын камкордугу алкоого гана арзыйт. Буюрса, эмдиги жылы дагы туугандарым менен кошо келейин деп жатам. Негизгиси: жолдомо иттей арзан экен.
– Жайкы каникулда айылдагы үйүмө барбастан, “Жеткинчек Ош” балдар лагеринде моминтип иштеп жатам, – деп кепке кошулду Ош педагогикалык институтунун студенти Мунира БЕРДИБАЙ кызы. – Анткени, буерде мага кадимкидей эле маяна төлөшөт. Ошол эле учурда болочок кесибиме эмитен даярданып, моминтип өспүрүмдөрдү тарбиялоонун сырларын үйрөнүп жатамын.
– Көпчүлүк аймактарда илгерки балдар лагерлери менчиктештирилип, анан талкаланып кетпедиби. Бактыбыз бар экен, Ош облустук өнөр жай, коммуналдык тейлөө жана ишкердүлүк кызматкерлеринин кесиптик кошууну “Жеткинчек Ош” балдар лагерин моминтип сактап калды. Жыл сайын беш агымда 1250 бала жетишээрлик эс алышат, – дейт “Жеткинчек Ош” балдар лагеринин тарбиячысы
Дамира ДАТКАЕВА. – Бул жерде балдар эс алуу менен гана чектелбестен, аң-сезимин өстүрүрүүгө дагы ыңгайлуу шарттар жаратылган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
19.03.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ОРОЗО АЙТ НАМАЗЫ МЕЧИТТЕРДЕ ОКУЛАТ
-
19.03.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
18.03.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК АДМИНИСТРАЦИЯНЫН ИМАРАТЫ МЕКТЕПКЕ АЙЛАНАТ
-
26.03.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТТИН ОШТОГУ ӨКҮЛҮ ТҮРКСОЙ УЮМУНУН МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
-
-
08.04.2025 / Автор anarkan_kg «OШ ПАНСИОНАТЫ» МЕКЕМЕСИНИН ЖЕРЛЕРИ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17










You must be logged in to post a comment.