Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,508 Бардыгы / Ноокат району билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына эң мыкты даярдады. Ушуга улай аймак окутууну электрондук форматта гана жүргүзүүгө дагы абдан бекем ыктады. Демек, Ош облусундагы агартуу мекемелеринин арасындагы өтө катуу таймашта Ноокат райондук билим берүү бөлүмү биринчи орунду ээлегендиги дагы бекеринен эмес! – Баткен мамлекеттик университетин жаңыдан эле бүтүрдүм. Эмгек жолумду минтип […]
2,509 Бардыгы / Ноокат району билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына эң мыкты даярдады. Ушуга улай аймак окутууну электрондук форматта гана жүргүзүүгө дагы абдан бекем ыктады. Демек, Ош облусундагы агартуу мекемелеринин арасындагы өтө катуу таймашта Ноокат райондук билим берүү бөлүмү биринчи орунду ээлегендиги дагы бекеринен эмес! – Баткен мамлекеттик университетин жаңыдан эле бүтүрдүм. Эмгек жолумду минтип […]
КИЧИНЕКЕЙ ЖАПОНИЯДА МУГАЛИМДИН АБРОЮ ИМПЕРАТОРДУКУНАН КЕМ ЭМЕС! БИЗДЕЧИ?
30.08.2019 / Автор aymak

2,510 Бардыгы /
Ноокат району билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына эң мыкты даярдады. Ушуга улай аймак окутууну электрондук форматта гана жүргүзүүгө дагы абдан бекем ыктады. Демек, Ош облусундагы агартуу мекемелеринин арасындагы өтө катуу таймашта Ноокат райондук билим берүү бөлүмү биринчи орунду ээлегендиги дагы бекеринен эмес!
– Баткен мамлекеттик университетин жаңыдан эле бүтүрдүм.
Эмгек жолумду минтип Ноокат районундагы Борбаш орто мектебинде баштап жатамын, – деп аябай толкундангандыгын жашырган жок Даткайым Абдиллажанова. – Жашырып эмне. Маянабыз, чындыгында, өтө эле төмөн экен. Сабып тутуп, эптеп чыдасак, Өкмөт аны бара-бара көбөйтөттүр…
– Заман талабына жараша мектептерде мурдагыга караганда түйшүк аябай эле көбөйдү. Ошого карабастан окуучуларга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия бергенге абдан катуу ыктадык, – деп кошумчалады Ноокат районундагы Тилебалды Айбашев атындагы орто мектебинин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары Бурул Арыкова. – Албетте, маянын төмөндүгү ушул тапта дагы эле башыбызды оорутуп жаткан чагы. Күпчүлүк кесиптештерим патриоттуулугунан эле ушуга деле чыдап-түтүп иштеп келе жатышат. Бирок, “Качанга дейре?” деген чоң суроо ар дайым кулагыбызда жаңырып турат.
– Айыл жеринде жеке турак жай тикелүү абдан эле чоң азапка айланып баратат, – деп ымындай сырын жашырган жок Ноокат районундагы Кара-Кокту орто мектебинин директору Раимжан Касымов. – Соңку жылдарда жарандарга жер тилкелери таптакыр ажыратылбай калды. “Тартыш” деп оңой гана кутулуп келе жатышат. Дал ушуга чыдабай жана маянанын өтө төмөндүгүнүн дагы жапжаш адистерибиз элет жергесиндеги мектептерге дегы эле жолобой калышты. Кыргыз Өкмөтү бир чыгынып, ушул маселелерди кечеңдетпестен ыкчам чечсе, көптөгөн мекендештерибиздин сообуна гана калмак…
Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев дагы саналган кемчиликтерди ачык эле моюндап, ошого карабастан ушул тапта алга карай жылуу аракеттери дагы жасалып жаткандыгын кошумчалады.
– Ноокат районундагы 39 мектепте “Электрондук китепкана”
ишке киргизилди. 76 мектепке 113 даана интерактивдүү доскалар илинди. Буга улай 58 бала бакча заманбап компьютерлер менен камсыз этилип, дагы бешүүнү мыкты видеокөзөмөл орнотулду, – деди Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев. – “Коопсуз мектеп” Программасынын алкагында 37 тектепте туруктуу видеокөзөмөл уюштурулду. Ал эми ушул тапта пайдаланылып жаткан электрондук журнал дагы билим сапатын бара-бара жогорулатууга гана нукура шарттарды жаратты. Ошондой эле Он-Лайн системасы мугалимдерди ар бир сабакты мыкты өтүүгө гана милдеттендирди. Буга жарабагандар биздин талабыбызга ылайык иши жана мектеби менен акыры коштошушат. Билесиздерби? Кичинекей Жапонияда мугалимдердин аброю Императордукунан дагы кем эмес! Чынында, булардан биздин эмнебиз кем, ыя? Соңку күндөрдө дал ушуга бекем умтулуп жатабыз.
Ош облусуна караштуу Ноокат районунда жалпысынан 112 билим берүү мекемеси бар. Булардын 91 орто, 13 толук эмес орто, 8 башталгыч, 67 типтүү, 45 типтүү эмес (мунун ичинен 81 башталгыч) мектептер. Ушулардын бардыгында жалпы жонунан 50 395 окуучу билим алып жатышат.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖКККББнын БЕШ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА 2010-ЖЫЛДАГЫ ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ ЭСКЕРИЛДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.