Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
795 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды. Суу менен камыздоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, ишмердиги, өлкөбүздүн ирригациялык системалар түйүнүнүн жана суу менен камсыз кылуу системаларын реконструкциялоо […]
796 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды. Суу менен камыздоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, ишмердиги, өлкөбүздүн ирригациялык системалар түйүнүнүн жана суу менен камсыз кылуу системаларын реконструкциялоо […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ИРРИГАЦИЯ ЖАНА КАЛКТЫ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
23.09.2019 / Автор aymak797 Бардыгы /
БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды.
Суу менен камыздоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, ишмердиги, өлкөбүздүн ирригациялык системалар түйүнүнүн жана суу менен камсыз кылуу системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча артыкчылыктуу пландары кең-кесири талкууланды. Сооронбай Жээнбеков ирригация жана калкты суу менен камсыз кылуу анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу маселелери экенин өзгөчө белгиледи. 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыздоо боюнча амбициялык тапшырма коюлгандыгын дагы катуу эске салды. Президент 2017-2026-жылдарга карата Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик Программасын ишке ашырууда чечимдерди кабыл алууда натыйжалуулукту жана ыкчамдыкты жогорулатуу үчүн бирдиктүү орган — Суу ресурстары мамлекеттик Агенттиги түзүлгөндүгүн жана анын алдында мамлекеттин суу саясатын жакшыртуу боюнча милдет тургандыгын баса белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков бул максаттарга гранттык каражаттарды тартуу боюнча жумуштарды активдештирип, бардык иштер сапаттуу аткарылышы керектигине токтолду. Ошондой эле кийинки жылга карата ири инфратүзүмдүк долбоорлордун алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына кошумча 1800 гектар сугат жерин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн Арка массивине суу тартууга дюкер куруу зарылдыгы баса белгиленди. Буга керектелген 1,9 миллиард сомдун бир бөлүгү республикалык бюджетке 2020-жылга каралат, калган бөлүгү Эл аралык каржы институттардын каражаттарынын эсебинен тартылат.
Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик Программасына киргизилген 46 ирригациялык обьектилердин арасынан 2023-жылга чейин артыкчылыктуу тартипте 32 обьект биротоло аныкталганын билдирди. Ушул тапта эки ирригациялык обьектиде жумуштар бүткөрүлүп, он төртүндө реконструкция жана курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Анын маалыматына караганда, мамлекеттик бюджеттин жүктөмүн азайтуу үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен өнүктүрүү боюнча иштер жүрүгүзүлүүдө. Калган обьектилер боюнча дарамети күч инвесторлор менен маселелерди кайрадан иштеп чыгуу үчүн документтердин долбоордук-сметасы даяр.
Көкүмбек Таштаналиев Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик Программасынын алкагында 46 ирригациялык обьектинин жыйынтыкталышы менен 65 миң гектар жаңы сугат жерлер, 51 миң гектар сугат жерлердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшыраарын жана 9,5 миң гектар жердин насостук станциялары өзү агып туруучу сугатка өткөрүлөөрүн кошумчалады. Мындан тышкары 245 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт. Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү Департаментинин директору Аскарбек Токтошев таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну өнүктүрүү үчүн Эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Негизинен Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү Банкынан жана башкалардан. Ушул тапта өлкө аймактары боюнча таза суу долбоорлорун ишке ашырууга донорлордон тартылган каражаттар бөлүштүрүлүүдө.
Соңунда Аскарбек Токтошев 2023-жылга чейин өлкөбүздүн бардык айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн каражаттар жетиштүү экендигин, анын ичинен 2018-жылы 653 айылдын 69 айылы таза суу менен камсыздалды, 2019-жылдын аягына чейин дагы 44 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жаткандыгын баса белгиледи.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
08.11.2023 / Автор anarkan_kg АШХАБАД ӨЗБЕК ТЕЛЕКАНАЛДАРЫН БӨГӨТТӨП ЖАТАТ
-
23.11.2023 / Автор anarkan_kg ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДАГЫ ҮЧ ЖЫЛДЫК СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАН БЕКИТИЛДИ
-
04.12.2023 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУ БАЗАРЫНЫН ИШКЕРЛЕРИ ККМ КОЛДОНУУДАН БОШОТУЛДУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.