Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ПАТРУЛДУК МИЛИЦИЯ — МАМЛЕКЕТ МЕНЕН ЖАРАНДЫК КООМДУН БИРГЕЛЕШИП ЖАСАГАН ИЙГИЛИКТҮҮ ДОЛБООРУ»

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ПАТРУЛДУК МИЛИЦИЯ — МАМЛЕКЕТ МЕНЕН ЖАРАНДЫК КООМДУН БИРГЕЛЕШИП ЖАСАГАН ИЙГИЛИКТҮҮ ДОЛБООРУ»

 721 Бардыгы /

БИШКЕК. «Патрулдук милиция — мамлекет менен жарандык коомдун биргелешип жасаган ийгиликтүү долбоору!» —деп өзгөчө белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы санариптешкен командалык борборуна барган маалында.

Ошентип, бул аянтта Бишкек шаары боюнча Патрулдук милиция кызматынын пилоттук долбоорунун бет ачаары болду. Анда Президент Сооронбай Жээнбеков жол жана коомдук коопсуздукту камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунушту белендеген жана жүзөгө ашырган эксперттик топко дагы чоң ыраазычылыгын билдирди. Буга улай 2018-жылдын июлунда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда жол коопсуздугун камсыз кылган милициянын түзүмдүк бөлүмдөрүн сөзсүз реформалоо боюнча сунуш келип түшкөндүгүн дагы кайрадан эске салды. Кийинчерээк эксперттик жумушчу топ түзүлүп,ага жарандык коомдун өкүлдөрү дагы кирген. Жумушчу топ бир катар ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн үстүндө абдан жигердүү иштеди. Ошентип, биринчи жолу ачык-айкын сынак аркылуу патрулдук милиция кызматкерлери иргелип, минтип ишин кайрадан баштап жатат. Президент пилоттук долбоорду ишке ашыруу жол коопсуздугун камсыздаган милиция кызматкерлерине карата нараазычылыктарды эске алуу менен пилоттук долбоорду ишке ашыруу башталгандыгын эскертти.

– Азыр эң башкы талап — бул коомдук тартипти сактоо, жарандар менен натыйжалуу мамиледе болуу, жемкорлук көрүнүштөрдү болтурбоо, алар менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту бекем сактоо. Эң башкысы —жарандардын милицияга карата ишенимин кайрадан кайтаруу! —деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын аягына дейре аталган долбоор Бишкек шаарын толук камтый тургандыгын дагы кошумчалады. Келерки жылы Ош шаарында жана андан кийин бүтүндөй өлкө боюнча ишке ашырылаарын кошумчалады. Президент Командалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, борбор ички иштер органдарын реформалоо алкагында түзүлгөндүгүн дагы баса белгиледи. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев маалымдагандай, борбор жарандарга ыкчам маалыматтарды берүүнү камсызкылып, кылмыштынбетиныкчамачуунужогорулатат. Борбор коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мониторинг дагы жүргүзөт. Ошондой эле жарандардын билдирүүлөрүнө ыкчам жооп берүүнүн жогорулатууга, жарандардын арыздарын, кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачууну көбөйтүүгө гана багытталган. Жарандардын өздүгүн аныктоо жана жүзүнөн таануу системасы, анын ичинде издөөдө жүргөн жана булл технологияларды колдонуу менен таанылган жаранды кармоо дагы көрсөтүлдү.

Белгилей кетчү жагдай: гранттык каражаттарды тартуунун эсебинен Бишкек шаарында жүзүнөн таануу системасы менен 20 видео камера орнотулду жана ушул тапта борбордун коомдук жайларында ийгиликтүү иштеп жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17