Аймак

ЖУБАЙЫН ЖАНА БАЛДАРЫН КАКШАТКАН АТА ОРУСИЯДА КАЧЫП ЖҮРӨТ

ЖУБАЙЫН ЖАНА БАЛДАРЫН КАКШАТКАН АТА ОРУСИЯДА КАЧЫП ЖҮРӨТ

 953 Бардыгы /

Ноокат районуна караштуу Күңгөй-Кожоке айылынын тургуну Кадича Мойдунова 2003-жылы жыйырма жашында Найзабек Сулаймановго турмушка чыгып, бирок, толук бир жылдан кийин гана мыйзамдуу жарандык никеге турушкан. Анан буларга Кудай дагы берип, катарынан Жоомарт, Нурмаханбет аттуу уулду, Раяна деген кыздуу болушту.

– Абдан ынтымактуу жашачу элек. Анан гөртирликтин айынан биз дагы эл катары Орусияга барып, чогуу-чараан иштедик. Ошентип жүрүп 2008-жылы бул өлкөнүн жарандыгын дагы алганга жетиштик, – деп эскерди Кадича Мойдунова. – Бара-бара болочогубуздун камын жеп, жолдошум экөөбүз чогуу тапкан акчага Ноокаттагы кайын атам Мамат Сулаймановдун катарына заңгыратып үй дагы салдык. Жан үрөп кайын сиңдилеримдин баарын тең окутуп, турмушка татыктуу узаттык. А түгүл колоктоп бош жүргөн кайнагамды акыры үйлөнтүп тындык. Анын келинчегинин калыңын дагы бүт биз төлөдүк. Анан ал киши бизге айылдан үй алып берем дегенде, ишенчээк жаныбыз барпалаңдап 600 миң сомду колуна насыя иретинде  карматтык. Мындан тышкары кайын атама 5500 АКШ дооларына Ауди автоунаасын мингиздик. Ошентип жүрүп, жылкы теппей, жалаан чакпай,  балээнин баары мен Раяна кызымды төрөп, биротоло чыйралайын деп ата-энемдин үйүндө жатканымда башталбаспы. Кайнатама тартуулаган Ауди автоуунабызды күйөөм Найзабек мага бир ооз айтпастан туруп сатып, Орусияга секин качып кетип калыптыр. Жаны жок, көрсө, мени менен эч акылдашпастан туруп, а түгүл бир ооз макулдугумду дагы сурабастан, Бүшахзада Шеркулова дегенге үйлөнүп дагы алыптыр. Ушул тапта шору шорподой кайнап, жаны жок Найзабек бирөөнүн үч баласын багып Орусияда тентип жүрөт.

– Мунусун кызым жашырып мага эч айткан эмес! – деп кепке кошулду Кадича Модуйнованын апасы Тажикан Базарбаева. – Эми гана баары моминтип жанына күч келгенде ачыкка чыгып олтурат. Чоң неберем Жоомарт чоң ата-энесинин колунда. Кол арага жарап калыптыр. Айылдаштарынын айтымында, тигилер жаш баланын психикасын биротоло бузушуп, аны кул катары гана тындырбай иштетишет экен.

Ошентип, Кадича Мойдунованын мыйзамдуу өкүлү Зымырат Абидинова анын жактоосундагы келин ушул тапта эмне үчүн күйөөсү менен кадимкидей соттошуп жаткандыгын төмөнкүчө туюндурду:

 – Атасы Найзабек Сулайманов мыйзамга ылайык чиедей үч баласынын ар бирине он сегиз жашка толгуча жубайы Кадича Мойдуновага маянасынын жана кошумча тапкан   кирешесинин экиден бир бөлүгүн алимент сыңары төлөшү абзел! Ал эми кичинекей кызы Раяна толук үч жашка чыккыча ай сайын дагы 200 миң сом төлөөгө милдеткер! Мындан тышкары Найзабек Сулаймановду сот милдеттендирип, үч баласын тең Кадича Мойдунованын толук кандуу  багууга алуусуна, ошондой эле алардын жетиштүү жашоосуна шарт жаратууга милдеттендирүүгө тийиш! Эң башкысы: Кадича Мойдунова күйөөсү Найзабек Сулайманов менен Орусияда чогуу иштеп жүрүшкөндө таап, кайын атасы Мамат Сулаймановго жеке өзү которгон бир миллион 400 миң сом чыныгы ээсине – Кадича Мойдуновага токтоосуз кайтаралышы кажет!

Кыскасы, өмүрлүк жубайлардын соттошуусу башталды. Фемида талашты кимдин пайдасына чечет? Аман турсак. Муну дагы көрө жатаарбыз. Ошондо бул темага кайрадан сөзсүз кайрылабыз.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ноокат району

          

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17