Аймак

БОЛИВИЯДА ПОЛИЦИЯ ПРЕЗИДЕНТ ЭВО МОРАЛЕСКЕ ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАДЫ

БОЛИВИЯДА ПОЛИЦИЯ ПРЕЗИДЕНТ ЭВО МОРАЛЕСКЕ ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАДЫ

 656 Бардыгы /

Боливия полициясы кызматтан кеткенин жарыялаган президент Эво Моралеске издөө жарыялады. Бул тууралуу “Твиттерге” оппозиция лидерлеринин бири Луис Фернандо Камачо жазды

 

Luis Fernando Camacho@LuisFerCamachoV
 

Confirmado!! orden de aprehensión para Evo Morales!!
La policia y los militares están buscándolo en el Chapare, lugar que se escondió.
Los Militares le quitaron el avión presidencial y está escondido en el chapare, van por el!
¡JUSTICIA!

17,8 тыс. человек(а) говорят об этом
 
 

Полиция жана аскер кызматкерлери Моралести Чапара провинциясында издөөдө. Президенттин борбор калаа Ла-Пастан чыгып кеткен учагы камакка алынды.

Моралес өзүн кармоо тууралуу ордерди мыйзамсыз деп атады. – Кылмыштуу топтор менин үйүмө кол салды. Төңкөрүш мыйзамдын үстөмдүгүн кыйратат, – деп жазган ал “Твиттерге”.

 

Evo Morales Ayma

@evoespueblo

 

Denuncio ante el mundo y pueblo boliviano que un oficial de la policía anunció públicamente que tiene instrucción de ejecutar una orden de aprehensión ilegal en contra de mi persona; asimismo, grupos violentos asaltaron mi domicilio. Los golpistas destruyen el Estado de Derecho.

80,2 тыс. человек(а) говорят об этом
 
 

Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард өлкө Моралеске башпаанек берүүгө даяр экенин билдирди.

 

Marcelo Ebrard C.

@m_ebrard

 

México,de conformidad a su tradición de asilo y no intervención, ha recibido a 20 personalidades del ejecutivo y legislativo de Bolivia en la residencia oficial en La Paz, de así decidirlo ofrceríamos asilo también a Evo Morales.

22,2 тыс. человек(а) говорят об этом
 
 

Күн мурун Боливиянын президенти Эво Моралес кызматтан кеткенин жарыялаган. Мындай чечимди ал оппозициянын бул өлкөдө үч аптадан бери уланып жаткан нааразылык акцияларынан соң кабыл алды.

Моралестин аркасынан вице-президент, парламенттин эки палатасынын төрагалары, бир катар министрлер жана алардын орун басарлары, губернаторлор кызматтан кеткен. Мындан тышкары полиция Жогорку шайлоо сотунун төрагасын жана орун басарын камакка алган. Алар 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга тиешеси бар деп айыпталууда.

Бул өлкөдө массалык нааразылык 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодон соң башталган. Ал шайлоодо Эво Моралес төртүнчү жолу өлкө башчылыгына шайланганы жарыяланган болчу.

Анда Моралес 47 пайыз, анын негизги атаандашы, оппозициячыл саясатчы Карлос Меса 36 пайыз алганы кабарланган.

Меса шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, ошондон кийин анын тарапкерлери көчөгө чыгышкан эле.

Эво Моралес Боливияны 13 жыл башкарган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17