Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
832 Бардыгы / Өткөн жумада Швейцариянын Цюрих шаарында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (RFE/RL) президенти Жейми Флай менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолуккан. Анда тараптар «Азаттыктын» тажик кызматынын («Озоди» радиосу) журналисттеринин аккредитация алуу маселесин талкуулашкан. Айрым орусиялык ЖМКлар бул жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу бири-бирине каршы келген маалыматтарды таратышкан. Буга байланыштуу Жейми Флай Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып, […]
833 Бардыгы / Өткөн жумада Швейцариянын Цюрих шаарында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (RFE/RL) президенти Жейми Флай менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолуккан. Анда тараптар «Азаттыктын» тажик кызматынын («Озоди» радиосу) журналисттеринин аккредитация алуу маселесин талкуулашкан. Айрым орусиялык ЖМКлар бул жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу бири-бирине каршы келген маалыматтарды таратышкан. Буга байланыштуу Жейми Флай Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып, […]
«ЭРКИН ЕВРОПА/АЗАТТЫК» РАДИОСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ: ТАЖИК БИЙЛИГИ АККРЕДИТАЦИЯ МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮНҮ УБАДАЛАДЫ
12.11.2019 / Автор aymak

834 Бардыгы /
Өткөн жумада Швейцариянын Цюрих шаарында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (RFE/RL) президенти Жейми Флай менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолуккан.
Анда тараптар «Азаттыктын» тажик кызматынын («Озоди» радиосу) журналисттеринин аккредитация алуу маселесин талкуулашкан. Айрым орусиялык ЖМКлар бул жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу бири-бирине каршы келген маалыматтарды таратышкан.
Буга байланыштуу Жейми Флай Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып, анда «Озоди» радиосунун Тажикстандагы иши талкууланганын билдирди.
— Радио тажик коомчулугунун жашоосунда маанилүү ролду ойнойт жана өлкө жашоочуларынын көбү аны угат. Бирок акыркы жылдары «Озоди» радиосу өкмөттүн басымына кабылууда: айрым журналисттерди коркутуп, башкаларын аккредитациясынан ажыратышты. Мен тажик президентине мындай абал бизге ылайык эмес экенин, тажик аудиториясы объективдүү маалымат алууга, ал эми биздин кызматкерлер коркутуусуз эркин иштөөгө татыктуу экенин түшүндүрдүм. Мындан тышкары биздин кызматкерлер жогорку журналисттик стандарттарды карманарын, коркутуулардан улам алардан баш тартпай турганын айттым. Душанбедеги бюробуз өлкө бийлиги биздин журналисттерге карата мамилесин өзгөрткөндө гана иштейт. Ошондуктан мен президент Рахмондон кепилдик алууга аракет кылдым, — деди Флай.
Ал радионун айрым материалдары тажик бийлигине жакпай жатканын, бирок бул журналисттердин ишинин бир бөлүгү экенин белгиледи.
— Биз бүткүл дүйнө жүзүндө түрдүү көз караштарды чагылдырып, бардык тараптарга пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк беребиз. Менин түшүнүшүмчө, тажик бийлиги биздин тигил же бул теманы чагылдырышыбызды каалабай жатат. Мен президентке редакциялык саясатыбызга кийлигишүүгө жол бербей турганыбызды айттым. Рахмон биздин макалалар тууралуу өз көз карашын айткысы келсе керек. Мындай нерселерди биз журналисттерибиз иш алып барган башка өлкө жетекчилеринен дагы угуп келебиз. Мен журналисттердин бардыгына аккредитация берилишин каалап жатканыбызды белгиледим. Рахмон Душанбедеги бюробузду жабуу ниети жок экенин айтты, бирок чынында бийлик биздин өкүлчүлүктүн ишине тоскоолдук кылууга аракет кылып жатат. Алар өлкөдөгү окуяларды ким чагылдырышы керектигин жана «Озодиге» ким жумушка алынышы керектигин өздөрү чечкилери келип жатат. Мен мындай мамиле жарабай турганын, эгер өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бардык журналисттердин аккредитация мөөнөтүн узартпаса, медиакорпорациянын жетекчилиги Тажикстандагы мындан аркы иши боюнча катаал чечимдерди кабыл алууга аргасыз болорун эскерттим, — деди ал.
Сөзүнүн аягында Флай тажик президенти аккредитация маселесин чечүүнү убадалаганын билдирди.
— Тажикстандын бийлик өкүлдөрү аккредитация боюнча мамлекет башчынын көрсөтмөлөрүнө жараша иш алып барып, 11 журналист иштөөгө уруксат алат деп ойлом. Мындан тышкары аккредитация үч айга жана жарым жылга берилген кызматкерлер үчүн анын мөөнөтү узартылат деп ишенем. Азыр биз өлкө ТИМи өткөн жумада президент Цюрихте берген тапшырманы качан аткарат деп күтүп жатабыз, — деди Флай.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТИН МЭРИЯСЫ ОШ ШААРЫНА 100 ТРОЛЛЕЙБУС БЕРҮҮНҮ ПЛАНДАШТЫРУУДА
-
21.06.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ VAR СИСТЕМАСЫ ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН СПОРТЧУНУ ТОСУП АЛЫШТЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.