Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
678 Бардыгы / БИШКЕК. Айеркен Саймаитинин тегерегиндеги жарыялоолор жана журналисттик иликтөөлөр туурасында укук коргоо органдарынын иши Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында ачыктады. Дамир Сагынбаев баса белгилегендей, «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын акыркы жарыялоолору боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында белгисиз адамдар бир нече жолу Айеркен […]
679 Бардыгы / БИШКЕК. Айеркен Саймаитинин тегерегиндеги жарыялоолор жана журналисттик иликтөөлөр туурасында укук коргоо органдарынын иши Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында ачыктады. Дамир Сагынбаев баса белгилегендей, «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын акыркы жарыялоолору боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында белгисиз адамдар бир нече жолу Айеркен […]
КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КАТЧЫСЫ ДАМИР САГЫНБАЕВ: «АЙЕРКЕН САЙМАИТИНИН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНЫН ИШИ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КАТЧЫЛЫГЫНЫН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ ТУРАТ»
26.11.2019 / Автор aymak680 Бардыгы /
БИШКЕК. Айеркен Саймаитинин тегерегиндеги жарыялоолор жана журналисттик иликтөөлөр туурасында укук коргоо органдарынын иши Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында ачыктады.
Дамир Сагынбаев баса белгилегендей, «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын акыркы жарыялоолору боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында белгисиз адамдар бир нече жолу Айеркен Саймаитини өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ошондуктан, ал Түркияга качып кетүүгө аргасыз болгон. Укук коргоо органдары төмөнкүдөй маалыматтарды беришти.
«Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы 2019-жылдын 22-ноябрында жогоруда көрсөтүлгөн фактыны текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 39-130-беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча (адам өлтүрүүгө ниеттенүү) материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган. Аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш УКМК Тергөө Башкармалыгына тапшырылды жана ошол эле күнү Башкы прокуратура тарабынан курамына УКМКнын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана ИИМдин тергөргөөчүлөрүнөн куралган Ведомстволор аралык Тергөө Тобу түзүлдү. Азыркы кезде кылмыш иши боюнча зарыл болгон бардык ыкчам тергөөиш-чаралары жүргүзүлүп жатат, — деп ишендирди Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.
Айеркен Саимаити Кыргыз Республикасынын жараны эмес экендигин Дамир Сагынбаев дагы өзгөчө баса белгиледи: – Мурдараак укук коргоо органдары маалымдашкандай, Айеркен Саимаити мыйзамсыз түрдө Эркин Самятовдун атына паспорт жана ID-картаны алган. Ал бул документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак району боюнча түзүмдүк бөлүмүнөн 2014-жылы алган. Бул факты 2019-жылдын июлунда гана ачыкталып олтурат. Күнөөлүү тарап — Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери экени дагы аныкталды. Азыр кылмыш иши Сузак райондук сотунун кароосунда турат. 2019-жылдын сентябрында Айеркена Саимаитиге байланыштуу материалдар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз колдонуу фактысы боюнча (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 330-беренеси) өзөүнчө өндүрүшкө алынды.
Коопсуздук Кеңешинин катчысы ошондой эле «Азаттыктын» биринчи иликтөөсүндө көрсөтүлгөн 700 миллион АКШ долларынын өлкөдөн ар түрдүү банктар аркылуу чыгарылып кеткендиги боюнча дагы материалдарды үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексиинин 215-беренесинде каралган (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) кылмыш белгилери боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын баса белгиледи.
– Каржы Полициясы тарабынан Айеркен Саимаитинин акча которуулары боюнча документтери алынган. Андан кийин салык инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, мунун натыйжасында Айеркен Саимаитинин иши боюнча 2013-2017-жылдар үчүн 2 милиард 602 милион сом кошумча түрдө киреше салыгын төлөтүү чечими чыккан. Август айында салыктарды төлөөдөн качкандыгы үчүн Айеркен Саимаитиге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Августтун аягында Айеркен Саимаити Кылмыш жана Жаза кодексинин 231- беренесинде каралган (өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу) кылмышты жасаган деп шектелгендиги жөнүндө сыртынан эскертүү чыккан жана Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 5-сентярындагы токтому менен ага карата камакка алуу (сыртынан) чарасы тандалып алынган», — деп кошумчалады Дамир Сагынбаев.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
-
28.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ ӨТТҮ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.