Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
989 Бардыгы / РОСТОВ. Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Орусиянын Ростов облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ростов облусунун губернатору В.Ю.Голубев жана Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысы А.В. Логвиненко менен жолугушту. Кыргызстан менен Ростов облусунун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, туристтик жана башка чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну мындан ары ырааттуу өнүктүрүү, Кыргыз продукциясын, жеңил өнөр жай, тигүү тармактарынын […]
990 Бардыгы / РОСТОВ. Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Орусиянын Ростов облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ростов облусунун губернатору В.Ю.Голубев жана Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысы А.В. Логвиненко менен жолугушту. Кыргызстан менен Ростов облусунун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, туристтик жана башка чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну мындан ары ырааттуу өнүктүрүү, Кыргыз продукциясын, жеңил өнөр жай, тигүү тармактарынын […]
КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ОРУСИЯНЫН РОСТОВ АЙМАГЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
11.12.2019 / Автор anarkan_kg

991 Бардыгы /
РОСТОВ. Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Орусиянын Ростов облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ростов облусунун губернатору В.Ю.Голубев жана Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысы А.В. Логвиненко менен жолугушту.
Кыргызстан менен Ростов облусунун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, туристтик жана башка чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну мындан ары ырааттуу өнүктүрүү, Кыргыз продукциясын, жеңил өнөр жай, тигүү тармактарынын товарларын алып келүүнүн көлөмүн дагы көбөйтүү, Кайчылаш жылдын алкагында 2020-жылы ишкердик форумдарды, маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүү, тараптардын туристтик жана экономикалык дараметин сунуштоо үчүн атайын эфирдик убакыт өз ара бөлүп берүү маселелери катуу талкууланды. Өзгөчө көңүл миграциялык маселелерге жана Ростов облусунун аймагында эмгектенип жатышкан кыргызстандыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу чараларына бурулду. Ошондой эле келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү жана Кыргызстандын облус жана шаарларынын ортосунда, эки тараптын соода өнөр жай палаталарынын ортосунда боордош мамилелерди орнотуу жана кызматташууларды бекемдөө тууралуу бир топ документтерге кол коюу келишимине дагы келишти. Кыргыз Элчиси Аликбек Жекшенкулов кыргызстандыктар соода ишмердигин туруктуу жүргүзүп жатышкан «Темерник», «Восточный» жана «Атлант-Сити» деп аталган шаардык базарларга дагы баш багып, анда эмгектенишкен мекендештери мененжолугушту. Мекендештер Элчиге иш шарттары тууралуу кеңири айтып беришти. Ошону менен бирге эле Кыргыз ЭлчисиКыргыз диаспорасынын активситтери жана жалпы мекендештер менен дагы өзүнчө шартта жолугушту.
Кыргыз Элчиси Кыргыз-Орусия мамилелерин бекемдөө жаатында Элчиликтин ишмердүүлүгү, 2020-жылы эки өлкөнүн ортосунда Кайчылаш жылды өткөрүү, ошондой эле биздин мекендештерибиздин укук жана кызыкчылыктарын коргоо, колдоо боюнча Кыргыз жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу дагы кенен айтып берди. Андан соң жолугушуу катышуучуларын кызыктырган саясий, экономикалык, консулдук жана миграциялык суроолорго дагы ачык жооп кайтарды.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов “Курман болгон аскерлерге” мемориалдык комплекске барып, гүлчамбар койду. Буга удаа жана Ростов-на-Дону шаарындагы өнөр жай ишканасы “Маслоэкстракционный завод Юг-Руси” ЖЧКсына баш бакты. Аталган завод Кыргызстанга ай сайын 1,5 миллион литр күн карама майын жөнөтүп турат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
29.01.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.