Аймак

СОГУШ АРДАГЕРИНИН ӨЛҮМҮНӨ ДАРЫГЕРЛЕР КҮНӨӨЛҮҮБҮ?

СОГУШ АРДАГЕРИНИН ӨЛҮМҮНӨ ДАРЫГЕРЛЕР КҮНӨӨЛҮҮБҮ?

 2,796 Бардыгы /

Жалал-Абад областтык биргелешкен ооруканасынын анестезиология жана реанимация бөлүмүнүндөгү дарыгерлердин мамилесине нааразы болгон Любовь Шик редакциябызга келип арыз-муңун айтып кетти. Анын айтымында согуштун ардагери маркум Нина Иноземцевага аталган бөлүмдөгү дарыгерлер шалаакы мамиле жасашкан. Ооруканага түшкөнүнөн көп өтпөй эле апасы кайтыш болуп калган. Ал окуяны төмөнкүдөй баяндайт.

-Апам Нина Иноземцова 20-январда реанимацияга түшүп калды. Ал жерде эки күн жаткандан кийин, 22-январда неврология бөлүмүнө которолу деп жатканбыз. Бирок неврология бөлүмүндөгү дарыгер  “Бизде орун жок, эртең алып келиңиз. Бүгүнчө реанимацияда жата турсун” дешти. Мен реанимация бөлүмүнүн башчысына барып сүйлөшсөм “макул, бүгүн калтырабыз” дегенинен дагы бир күнгө калтырганмын. Мен кеткен соң “бүгүн операция кылчу күн, орунду бошотуш керек” деп апамды реанимациядан чыгарып, неврологияга которуп койгон. Көтөрө турган эч ким жоктугунан көчөдөгү эле бирөөлөрдү чакырып, палатага көчүрүптүр. Апамдын абалы туруктуу оор болчу, эмнеге алар абалы оор адамды реанимациядан чыгарып коюшат? Реанимация негизи оор абалдагы бейтаптар үчүн ылайыкталат эмеспи?! Мен кийин билдим ошол түнү да  3 орундук бош болгон экен. Апамдын айтканы боюнча аны палатага көчүрүп жатып, ар жерге ургулап, а түгүл полго да таштап жиберишкен. Алар аны капка окшотуп эле жеткирип койгонун, ыргытып салганын айткан. Реанимацияга чейин эч жери оорубайт эле, андан кийин бардык жери ооруп калганын сөз кылган.  Мен ушул нерсеге ыза болдум. Эмне үчүн мындай кылышат, апам кароосуз калган эмес. Андай кыла турган болсо, мага дароо чалып айтышса болот эле. Көтөрүп экинчи бөлүмгө которгону да адамдарды даярдап койгон болчум.  Мен болгону апама бейтап катары дарыгерлер орой жана шалаакы мамиле жасаганына нааразымын.

Апамдын денесинде урулгандай, бир жерге тийгендей издер бар эле.  Мен баарын сүрөткө жана видеого түшүрүп алгам. Аны дарыгерлер көп жаткандан деп коюшту, эки күндө кантип көп жаткандай издер түшүп калат? Апам мурун да көп жатпай, олтуруп же сейилдегени аракет кылчу. Өзү кийинип, тамак жеп, коляскага да өзү олтурчу. Кошуналар менен да жакшы мамиледе болуп, кыргызча таза сүйлөчү. Ооба, мен нааразы болгонум менен апам тирилип келбейт. Бирок башкаларга да дарыгерлер кайдыгер мамиле жасабашын каалайм. Апам 24-январда неврология бөлүмүндө комага түшүп, 26-январда көз жумган. Мунун баары шалаакы жана орой мамиленин кесепети болду.

Бул окуянын чоо-жайын билүү үчүн экинчи тарап Жалал-Абад областтык биргелешкен ооруканасынын анестезиология жана реанимация бөлүмүнө кайрылдык.

Абдыганы ИМАНКУЛОВ, бөлүм башчы:

Бейтап Нина Иноземцева биздин бөлүмгө 20-январь күнү инсульт менен саат 16:15те түшкөн. Неврология бөлүмүнө 22-январда саат 12:00до которулган. Ошол күнү невролог менен байланышып, алар келип бейтапты көрүшкөн. Которгонго макул болгонбуз, бирок орун кечирээк бошойт дешкен. Кызы келип дагы бир күн жатып турса болобу деп суранып калды. Анда мейли деп бир күнгө калтырып койдук. Неврология бөлүмүнөн орун бошоп, ал жактан которгула деп чалышыптыр. Ошондо туугандарын издеп таппай медайымдар бул жакта жаткан бейтаптардын туугандарынан көтөрүшүп коюну суранышкан. Бейтап эсинде болчу, кичине сүйлөп жаткан. Абалы оорлошо турган белгилер жок болгондуктан которуп койгонбуз. Кызынын айтымында көтөрүп бараткан кишилер эптеп ар жерге ургулап жеткирип коюшкан. Бирок медайымдар андай болгон эместигин айтат. Биз өзүбүзчө териштирип, ар бир кадамына чейин тактадык. Кызы менен кийин жолукканда силерге эч кандай доом жок. Көтөрүп келе жатканда шалаакы эле жеткирген деген болчу. Кандай адам болгондо да аны эч ким урбайт да, бул адамгерчиликке деле жатпайт. Бирок көтөрүп бара жаткан балдардын бирин таап, андан да сурадык. Негизи бейтап салмактуу болгондуктан бара жатканда бир жолу дем алышкан.

Бөлүмдө 6 эле орун бар, күндө эрте менен бошотобуз кайра кийинки таңга чейин орундар толуп калат. Аппаратта же эсине келбей жаткандарга караганда маркум бейтаптын абалы бир топ канаатандырарлык эле. Бул жерде болгону эки күн жатса дагы дарылоо иштери толук жүргүзүлгөн. Бизге түшкөнгө чейин эки-үч күн үйдө жаткан экен. Кызынын айтышы боюнча бейтаптын денесинде тактар болчу экен. Ал көп жаткандан болгон, бейтап буга чейин деле көп жаткан, эки күндө эле так болбойт.

Туруктуу оор абалдагы адамдын абалы орточо болот. Эсине келбей же аппаратта жаткандар эми өтө оор болгондор. Ал эми канааттандырарлык абалдагылар өздөрүн кыйла жакшы сезип калгандар болот. Бейтаптар ар тараптан ушул бөлүмгө келип түшөт. Абалы жакшырып калгандан кийин аны тиешелүү бөлүмгө которуп коебуз. Которуунун алдында сөзсүз түрдө бөлүмдүн дарыгерлери менен макулдашабыз.

Неврология бөлүмүнө маркум Нина Иноземцеваны которууда аталган бөлүмдө иштеген медайым кошо барган. Анын айтымында которуунун алдында маркумдун кызына телефон чалып, бирок байланыша алышкан эмес. Атын атагысы келбеген медайым төмөнкүлөрдү билдирди.

-Бейтаптын кызына 22-январда эрте менен чалганда ал “азыр жээндерим келсин, анан которобуз” деген эле. Бөлүмдө эрте менен бейтаптар көбөйө баштаганда Любовь Шик келип, неврологияда орун жок экенин айтты. Биз анда эшикке чыгып туруңуз деп чыгарып койгонбуз. Кийин кайра чалсак телефону өчүк экен. Сыртта турган бейтаптардын туугандарынан экөөнү чакырып,көтөрттүк. Өзү шейшеп менен эле ороп башка бөлүмгө которобуз. Бирок Иноземцева жука көйнөкчөн болгондуктан, шейшеп жана төшөктөргө ороп алып барганбыз. Жолдо баратып бир жолу дем алып, ооруп калбасын деп тезирээк жеткирдик. Неврологияда палатаны даярдап коюшкан экен. Бир буту жоктугуна байланыштуу абайлап 4-5 адам көтөрүп жаткырганбыз. Кийинки күнү кызы бизге арыз жазган ал боюнча башкы дарыгер болуп кечирим сурап, дары-дармектерин акысыз алып бергенбиз. Кийин бейтаптын кызы Любовь  мага чалып “сен котордуңбу, мен сени өлтүрөм” деп жүргөн. Тынбай чала бергенинен мен албай койгонмун. Андан кийин мен жокто келип, санитарка кызды мага окшотуп жулкулдатып, уруп кетиптир.

Маалыматына ылайык, Нина Иноземцова 1931-жылы 30-мартта Орусиянын Белгород облусунда төрөлгөн. Ал согушта медайым болуп, андан кийин Кыргызстанга келип жашап калган. Согуштун ардагери үстүбүздөгү жылдын 26-январь күнү көз жумган.

Ал эми маркум жаткан неврология бөлүмүнүн башчысы окуя катталганда эмгек өргүүдө болгон. Дарылаган дарыгер учурда Индияга окууга кеткендиктен байланышууга мүмкүн богон жок.

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17