Аймак

МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА ДЕГЕН ЭМНЕ?

МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА ДЕГЕН ЭМНЕ?

 8,477 Бардыгы /

Учурда менталдык арифметика дүйнөгө кулачын жайып, географиясы абдан тездик менен кеңейүүдө. Анткени ал – биздин келечегибиз болгон балдардын билим деңгээлин арттыруудагы эң мыкты усулдардын бири экенин адистер белгилешет. Менталдык арифметиканын пайдалуу жактарын көргөн адистер, педагогдор, ата-энелер ага сөздүн түз маанисинде байланып калды деп айтсак болот. Негизинен менталдык арифметика деген эмне? Кайдан, качан келип чыккан? Балага кандай таасир калтырат, кандай шык-жөндөмгө ээ боло алат? деген суроолор үстүндө төмөндө кеп кылабыз…

Менталдык арифметикаоозеки тез эсептөөнүн негизинде тузүлгөн балдардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүчү уникалдуу усул болуп эсептелет. Бул окутуунун ыкмасынын негизги баалуулугу балдардын мээсиндеги эки жарым шарчасын өстүрүү менен бирге аларды ар тараптуу өнүктүрүү.

Анын биринчи компоненти абакус болуп, кандайдыр бир эсептерди (кошуу, кемитүү, бөлүү, көбөйтүү ж.б) үйрөнүшөт. Экинчи компоненти абакустун сүрөтү тартылган “менталдык карта” деп аталат. Аны менен окуучу картада тартылган шуручаларды элестетүү ыкмасы менен жылдырганды  үйрөнөт. Ал эми үчүнчү компоненти “визуалдык саноодо” бала элестүү санай баштайт.

Бул усулдун бала үчүн пайдалуулугу

-Мээнин эки жарым шары бир мезгилде иштейт, мындай ыкма башка методикаларда жок. Бала образдуу ой жүгүртүп, эс тутуму жогорулап, элестетүү күчтүүсү болот.

-Маселелерди стандарттуу эмес ыкмалар менен чечүүгө үйрөнөт. Интуициясы, чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрү өсөт.

-Көңүлдү бир нерсеге топтоп, өжөрлүк менен тырышып эмгектенет. Башка окуу предметтерди, чет тилдерди тез өздөштүрө баштайт.

-Чечимдерди тез кабыл алганга үйрөнүп, лидерлик сапат калыптанат. Өзүнө болгон ишеним жана өз алдынчалык өсүп, ийгиликтүү окуучу, кийин коомдогу ийгиликтүү, активдүү жаран болуу мүмкүнчүлүгү максималдуу жогорулайт.

Менталдык арифметика менен алектенүүдө эмнелерге көңүл буруу зарыл же эмнелерди жасабоо керек?

Менталдык арифметика менен иштөө баскыч-баскычы менен ырааттуу түрдө ишке ашуусу керек. Анткени ар бир баскыч, ыкма кийинки баскыч үчүн негиз болот. Негизин жакшылап калыптандырбай туруп, кийинки аракеттерге өтүү көп тоскоолдуктарды жаратат. Бул катаны кийин кайра оңдоо мүмкүн болбой калат.

Балдарды күчкө салып кыйнап менталдык арифметикага тартуунун кереги жок, аларды кызыктырып, өзү каалагандарын гана менталдык арифметика менен алектендирүү зарыл. Болбосо балдар стресс алып, психикалык жактан жабыркашы мүмкүн. Өзү кызыкпаган баланы мажбурлап менталдык арифметикага тартуу – бул бала үчүн азап.

Менталдык арифметика менен алектенүүдө аны менен катар кызыктуу, көңүлдүү иш-аракеттерди, дене көнүгүүлөрүн, логикалык, чыгармачыл тапшырмаларды да аткаруу керек. Болбосо бала чарчап, сабактан көнүлү калып калат.

Менталдык арифметика менен алектенүү математика сабагын алмаштырып, баланын ага болгон болгон кызыгуусун жоготпошу керек, тескерисинче ал математика менен эриш-аркак үйрөнүлүшү кажет.

Абакустун тарыхы

Абакус – электр кубатына муктаж болбогон калькуляторго окшош жана балдардын мээсин өнүктүрүүдө ийгиликтүү колдонулган абдан популярдуу арифметикалык курал болуп саналат.

“Абакус” латын тилинен которгондо “эсептөөчү курал” дегенди түшүндүрөт. Аны Байыркы Греция жана байыркы Римден же тагыраагы 2500 жыл мурун Месопотамияда табылган. Анда жашаган адамдар эң биринчи абакусту колдонуп, арифметикалык эсептерди чыгарып башташкан.

Буга байланыштуу “Академия роста” интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун менталдык арифметика сабагынан берген мугалими Канышай Турсунбаева менен байланышып, бул усулдун окутуу ыкмалары, окуучулардын жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды ала алдык.

Менталдык арифметиканы Кыргызстанга алып келген Сайкал Асылбекова 5 мамлекетке барып, ушул усулду үйрөнүп келген. Башында бул усул боюнча биздин балдарга ылайыкташтырылып китептер иштелип чыккан. 4-6 жаштагы балдарга “Kids” деген китеп, 7-9 жаштагыларга “Junior”, ал эми 10-15 жаштагы жеткинчектерге “Senior” деген китептер бар. Экинчи жана үчүнчү китептин 4 бөлүгү болуп, катары менен окуп кетишет.

Балдарды биринчи келгенде атайын маектешүүдөн өткөрүп, ага ылайык этапка жайгаштырабыз. Бир эки мисалдарды берип, текшерип көрөбүз. Алар окуу процессинен калып жатса, өзүнчө алып калып сабак өтөбүз. Менталдык арифметиканы биринчи абакуста шуручаларды колу менен жылдарып кошконду, кемиткенди үйрөнөт. Экинчи этапта менталдык картанын жардамы менен шуруларды жылдырып жатканын элестетип эсептешет. Мында баланын сезимталдуулугу, эске тутуму өрчүйт. Ал эми үчүнчү этапта элестетүү менен картаны же абакусту колдонбой эле чыгарып башташат. Ошондуктан абакусту туура пайдаланууну өздөштүрүп, колдорун да туура башкара билүүсү зарыл. Антпесе,  башынан туура эмес багытта баштап алса, кайра ал катачылыкты оңдоо кыйын болот. Кийинки этаптарда да ошол тоскоолдуктардын айынан бир топ кыйналат.

Өзүбүздөгү методикага ылайык үйгө дагы көп тапшырма бербегенге аракет кылабыз. Балдардын дараметине, кабыл алуусуна ылайык тапшырмаларды беребиз. Анткени бул математикадай эле сабак болгондуктан ар бир бала менен жеке иштешүү зарыл. Кээ бир балдарга ашыкча аткарба деп турсаң да үй тапшырмаларды ашыгы менен аткарып келишет. Бирок кийин таасир берип, сабак көңүлүнөн калып кетиши толук ыктымал. Андан сырткары сабактардын арасында дене көнүгүүлөрүн аткарып, ай сайын тест алып турабыз. Усулдун негизги пайдасы баланын өзүн-өзү таануусуна терең өбөлгө түзөт.

Менталдык арифметика боюнча окуучуларыбыз Кыргызстанда эле эмес, башка мамлекеттерге да олимпиадаларга катышып келүүдө. Буга чейин Египетке 2 окуучу кыз барып,бири 1-орунду,экинчиси 3-орунду алып келишкен. Жакында эле Базар-Коргондо областык олимпиада болуп, окуучуларыбыз чемпион жана суперчемпион кубокторуна ээ болушту.

Менталдык арифметика боюнча окуп, олимпиадаларга катышып жүргөн окуучулардан да бул усул тууралуу учкай кеп салдык.

Дуулатбек АМАНБАЕВ, окуучу:

“ОРУС ТИЛИН ДА БАТ ӨЗДӨШТҮРДҮМ”

-14 жашымдан баштап менталдык арифметика сабагын окуп келем. Бул сабактын мен үчүн пайдасы аябай көп тийди. Анткени мурун мектептеги сабакты анча түшүнө албайт элем, азыр аябай жакшы түшүнөм. Эс тутумунду дагы жакшы калыптандырып, тапшырманы кайра айтып бергенди үйрөнө алдым. Кыргыз мектептен орус мектепке көчкөнүм үчүн орус тилин да бат өздөштүрдүм. 2019-жылы Ысык-Көлгө барганымда орунга илешпей калдым, бирок күчтүү мотивация алдым.  Андан кийин супер чемпион болом деп катуу даярданып, эми ага да жетиштим. Биринчи супер чемпион болгонума ишенбедим, аябай сүйүндүм. Мектеп окуучуларына менталдык арифметика сабагын окууну сунуштайм, анткени көп ийгиликтерге жетишишет. Учурда 15 жаштамын, 9-класста окуймун. Буйруса, окууга экономика тармагына тапшырайын деп жатам.

Айзирек КАЛМЫРЗАЕВА, окуучу: “МЕКТЕПТЕ САБАКТАРЫМА АЯБАЙ ЖАРДАМ БЕРДИ”

Базар-Коргон району №11-Маматжан Алымкулов атындагы гимназия мектебинде 8-класста окуйм. Менталдык арифметикага 6-классымдан бери катышып баштадым. Анын пайдасы мектепте сабактарыма аябай жардам берди. Анткени көбөйтүү, бөлүү деген амалдарды аткарууда эч кыйынчылыксыз чыгарууга жетише алдым. Былтыры Ысык-Көлдө өткөн олимпиадада биринчи орунду алып келгенмин. Ал эми жакында өткөн областтык олимпиадада чемпион болдум. Биринчиликти алганда да аябай сүйүнгөнмүн, дайыма олимпиадалардын жыйынтыгы мен үчүн ийгиликтүү болуп жатат. Алдыда менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышып, орундарга ээ болсом деген тилегим бар. Окуучулар менталдык арифметиканын жардамы менен башка мамлекеттерди да көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Ал үчүн балдар кичине жашынан келсе жакшы болот. Анткени чоңойгондор бул сабакты анча өздөштүрө албай кыйналышы мүмкүн.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

 

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17