Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4,334 Бардыгы / Аймактык билим берүү институту – жаңы билимдерди түзүүгө, жайылтууга, топтоого жана кабыл алууга жөндөмдүү, заман бап технологияларды колдонуу менен илимий-билим берүү кызматтарын көрсөткөн, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоону ишке ашырган, мамлекеттин, коомчулуктун, иш берүүчү менен керектөөчүлөрдүн талаптарына дал келген, практикада туруктуу өнүгүүнүн саясатын ишке ашырган, эл аралык билим берүү чөйрөсүн кеңейтүүгө умтулган ачык типтеги […]
4,335 Бардыгы / Аймактык билим берүү институту – жаңы билимдерди түзүүгө, жайылтууга, топтоого жана кабыл алууга жөндөмдүү, заман бап технологияларды колдонуу менен илимий-билим берүү кызматтарын көрсөткөн, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоону ишке ашырган, мамлекеттин, коомчулуктун, иш берүүчү менен керектөөчүлөрдүн талаптарына дал келген, практикада туруктуу өнүгүүнүн саясатын ишке ашырган, эл аралык билим берүү чөйрөсүн кеңейтүүгө умтулган ачык типтеги […]
АРАЛЫКТАН ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ УЧУР ТАЛАБЫ
20.04.2020 / Автор anarkan_kg

4,336 Бардыгы /
Аймактык билим берүү институту – жаңы билимдерди түзүүгө, жайылтууга, топтоого жана кабыл алууга жөндөмдүү, заман бап технологияларды колдонуу менен илимий-билим берүү кызматтарын көрсөткөн, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоону ишке ашырган, мамлекеттин, коомчулуктун, иш берүүчү менен керектөөчүлөрдүн талаптарына дал келген, практикада туруктуу өнүгүүнүн саясатын ишке ашырган, эл аралык билим берүү чөйрөсүн кеңейтүүгө умтулган ачык типтеги жогорку окуу жайы.
Аймактык билим берүү институтунун миссиясы – өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон билим берүүдөгү сапаттуу илимий-усулдук компетенцияларга ээ, атаандыштыкка жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.
АББИнин өзгөчөлүктөрү
Институттун башка жогорку окуу жайлардан айырмаланган өзгөчүлүгү катары, анын ыңгайлуу географиялык жайгашуу абалы эсептелет, ал Жалал-Абад областына караштуу Аксы,Ноокен, Токтогул, Ала-Бука жана Чаткал райондоруна, Кара-Көл, Кербен, Кочкор-Ата шаарларына жакын жайгашуу менен ал жердеги калктын билимге, илимге умтулуусун колдоо менен энергетика, экономика, педагогика жана маалыматтык технологиялар багытындагы жогорку квалификациялуу, компетенттүү адистерди даярдоосу эсептелет. Институттун приоритеттүү багыттарынын катарына илим менен өндүрүштүн байланышын өнүктүрүү жана чыңдоо, педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жогорудагы багыттарда колдонууну кеңейтүү менен билим берүү борборунун өзөгүн түзүү кирет.
АББИнин баалуулугу
Өлкөбүздүн, коомдун жана замандын талабына дал келген адистерди жогорку деңгээлде даярдоо; бардык деңгээлдерде жана баскычтарда айкындуулукту камсыздоо менен кызматташууга даярдыгы; ар бир кызматкер менен студентти инсан катары сыйлоо; инженердик, экономикалык жана педагогикалык багыттарга умтулган жаштарды даярдоодо өзгөчө маани берүү экендигин сезе билүү. Институттун ийгиликтүү өркүндөп өнүгүшү үчүн жалпы профессордук-окутуучулар курамы, кызматкерлери жана студенттери жаңыча ой-жүгүртүүгө умтулуу жана жаңыча көз-караш менен илим менен билимдин борборун түзүүдө негизги кепилдикти камсыздашат.


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 14-мартындагы №282/1, 2020-жылдын 16-мартындагы №289/1 жана 2020-жылдын 24-мартындагы №324/1 буйруктарын жетекчиликке алуу менен Институт дистанттык билим берүү технологияларын жана онлайн курстарды колдонуу менен окуу процессин так жана сапаттуу уюштуруу менен жүргүзүп келе жатат.


Институттун ректору Т.Р.Барпыбаевдин жетекчилиги алдында институтта он-лайн режимде Окумуштуулар кеңеши кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Видеоконференцияда бүгүнкү күндө институтта дистанттык түрдө жүргүзүлүп жаткан окуу процессине байланышкан маселелер каралды. Катышуучулар тарабынан дистанттык окутуу технологияларын жана он-лайн режимде сабактарды өтүүнү өркүндөтүү боюнча алгылыктуу сунуштар айтылып, талкууланды. Ошондой эле түзүлгөн абалга карата туура мамиле жасоо боюнча институттун ректору профессордук-окутуучулар курамына, кызматкерлерге жана студенттерге атайын кайрылуу жасады. Кайрылууда окутуучулардын педагогикалык ишмердүүлүгүнө чеберчиликти жана жоопкерчиликти, компьютердик технологияларды колдонуу менен студенттердин ортосундагы кайтарым байланыштарды жаратууну, жамааттык ынтымакты, ал эми студенттерге маалымат алмашуу аянтчасында активдүүлүктү каалады. Окутуучулар менен студенттердин ортосундагы кайтарым байланышты өнүктүрүү үчүн Zoom, Skype, Bondicam, You Tub, WhatsApp Web, Telegram тиркемелерин колдонуу сунушталды.
Турдумамбет БАРПЫБАЕВ, Аймактык билим берүү институтунун ректору, химия илимдеринин кандидаты


Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
23.01.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫН АЙЛАНЫП ӨТҮҮЧҮ ЖОЛДУН КУРУЛУШУ БЫЙЫЛ БАШТАЛАТ
-
30.01.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕ БЫЙЫЛ ҮЧ СТАДИОН КУРУЛАТ
-
08.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШ ШААРЫНДА ЗАМАНБАП ЖАҢЫ КӨПҮРӨЛӨР КУРУЛАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.