Аймак

ОРУСИЯДАГЫ МИГРАНТТАР 15-ИЮНГА ЧЕЙИН ПАТЕНТКЕ АКЧА ТӨЛӨӨДӨН БОШОТУЛДУ

ОРУСИЯДАГЫ МИГРАНТТАР 15-ИЮНГА ЧЕЙИН ПАТЕНТКЕ АКЧА ТӨЛӨӨДӨН БОШОТУЛДУ

 1,011 Бардыгы /

Социалдык түйүндөрдө Орусия Ички иштер министрлигинин (ИИМ) мигранттарга жеңилдик берүү тууралуу президенттин жарлыгын түшүндүрүү боюнча методикалык көрсөтмөсүнүн сүрөтү жарыяланды.

ИИМ башчысынын биринчи орун басары Александр Горовой кол койгон документ мекемеге караштуу бардык башкармалыктардын, департаменттердин жана уюмдардын башчыларына жеке колдонуу үчүн жиберилген.

Көрсөтмөдө Орусияда патент менен иштеген мигранттар 15-июнга чейин ай сайын бул документ үчүн акча төлөөдөн бошотулары белгиленген. Мындан тышкары Орусияда жүргөн чет өлкөлүктөр иштөөгө уруксат берүүчү документтери жок болсо да, 15-июнга чейин жумушка орношуп, иштей алары жазылган.

18-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин COVID-19 вирусунун жайылып жаткандыгына байланыштуу чет өлкөлүктөргө жеңилдик берүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Бирок анда эмгек мигранттарын патент үчүн төлөмдөн бошотуу тууралуу так айтылган эмес, мындан улам мигранттардын арасында түрдүү талкуулар жаралган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17