Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА АВИАКАТТАМДАРДЫ ТОКТОТУУ МӨӨНӨТҮ 30-ИЮНГА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА АВИАКАТТАМДАРДЫ ТОКТОТУУ МӨӨНӨТҮ 30-ИЮНГА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛДЫ

 1,132 Бардыгы /

Өзбекстан коронавирус пандемиясына байланыштуу башка өлкөлөр менен авиакаттамдарды токтотуу мөөнөтүн 30-июнга чейин узартты. Чечим Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча атайын комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Uzbekistan Airways улуттук авиакомпаниясы жарандар 30-июндан кийин билет ала баштаса боло турганын кабарлады.

Өзбекстанда 30-марттан 20-апрелге чейин жүргүнчү ташыган бардык учактардын иши толугу менен токтотулган. Кийин карантин 10-майга чейин узартылган.

Чет өлкөдөгү өзбекстандыктарды алып келүү үчүн чартердик каттамдар уюштурулган.

Өлкөдө жүк ташуучу авиакаттамдар иштеп жатат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17