Аймак

4 АЙЫ ИЧИНДЕ ОБЛУС АЙМАГЫНДА 88 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛГАН

4 АЙЫ ИЧИНДЕ ОБЛУС АЙМАГЫНДА 88 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛГАН

 1,354 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы райондук, шаардык бөүмдөрү менен биргеликте облус аймагындагы чарбалык обьектилерде жана турак жай секторунда өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүп келишет.

Аткарылган иш-чараларга карабастан 2020-жылдын 4 айы ичинде облус аймагында 88 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 3 млн. 748 миң 208 сомду түздү. Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам 2 атуул, 3 автоунаа жана 47 млн. 097 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынган.

Өткөн 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 36,2 % азайган, өрттөн келтирилген материалдык зыян 70 % азайган. Тактап айтканда, 2019-жылдын ичинде 138 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 12 млн. 483миң 644 сомду түзгөн.

Жогоруда катталган өрт кырсыктары негизинен электр жабдыктарын колдонууда эрежелердин бузулушунан (40 өрт), мештерди колдонууда эрежелердин бузулушунан (12 өрт), отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан (9 өрт), жаш балдардын от менен ойноосунан (11 өрт), автунааларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан (3 өрт) келип чыкса, 61 өрт (жалпы өрт кырсыгынын 70,3 % түзөт) турак-жай секторунда, 12 өрт автоунаада, 6 өрт ачык аймакта, 4 соода жайларда, 2  чарба обьектилеринде, балдар бакчасында 1 жана 2 кампада катталган.

Турак жайларда катталган өрт кырсыктарынан келтирилген материалдык зыян  2 млн. 800мин 989 сомду түзүп, жалпы чыгымдын 69,6 % түздү.

          Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары жогорудагыдай өрт кырсыктарын алдын алуу, адам өлүмдөрүн, жарат алууларын болтурбоо максатында күнүмдүк турмушта, электр жабдууларын колдонууда, автоунаа менен жүрүүдө жана турак жайларда өрт коопсуздук эрежелерин сактоону КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы эскертет.

К.КАРАБЕКОВ, КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ӨӨААжАКИБдин улук офицери, майор                                                             

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17