Аймак

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата: АТУУГА КЕТҮҮ АЛДЫНДАГЫ МЕДАЛЬ (документалдуу аңгеме)

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата:                       АТУУГА  КЕТҮҮ  АЛДЫНДАГЫ  МЕДАЛЬ 			    (документалдуу аңгеме)

 3,678 Бардыгы /

     Улуу Жеңиштин жергебизге келгенине быйыл жетимиш беш жыл болуптур. Жерибизден мекенди коргоого кеткен жүздөгөн адамдар согуштан кайтып келип  киндик каны тамган жерди көрбөй калды. Жеңиш менен келгендерин деле бул жакта деле жыргал турмуш күтүп турбаган, алар тылда да каарман эмгектерин көрсөтүп, бизге ушул жыргал заманды калтырып кетти. Мына ошондой залкарлардын бири Абыдрахман аке Айтмырзаев болчу. Согуш күндөрүн көп эле айта берчү эмес. Сурап калсаң а балдар тынччылык болсун дечү. Бир ирет мага согуштагы күндөрүн чечилип айтып берди.

Иреттүү жыйылгын үйдүн ичинде, калын салынган төшөктүн үстүндө жамбаштап жаткан Абдырахман акенин согуштан тагынып келген болгону эки эле медалы бар. Калганын кийин берди. Ошол эки  медалы ал үчүн өтө ыйык, аны Сталинградды бошотуудагы эрдиктери үчүн берген, ал эми экинчиси, каармандыгы үчүн медалы. Бул медалды да аз жерден тагынбай кала жаздаганмын деп айтып берип олтурду. Абдырахман аке өзү көп сүйлөбөгөн адам эле, бул ирет бир ачылды окшойт же медалына бир сыймыктангысы келдиби? Айтар сөзүн бөлбөй тынч угуп олтурдум.

          -Эмнеге дебейсиңби? –деп кайра өзү сурап  алды да, жообун өзү айтып кирди.

          – Командирдин буйругун аткарбай коюп,-деп билинер-билинбес жылмайып алды.

– Ал кезде ким командирдин  буйругун аткарбай баш тартса, сураксыз эле атууга кеткен.

          -Эмнге аткарбай койгонсуз, дебейсиңби?- дейт кайрадан өзүнө-өзү суроо салып алат.

          -Унчукпай угуп олтура бердим, антпегендечи, согуштан айыкпаган көңүл жарасын тырмап албайын деп ойлойм.  Ал күндөрдү эскерүү алар үчүн жеңил эмес.

          -Сталинградды коргоого катышкам. Эми бир ааламат кыргын болгон. Немисттер да бардык күч аракетин мына ушул шаарды алууга жумшаган. Шаардын ар бир көчөсү, ар бир үйү, ар бир бөлмөсү үчүн күрөшкөнбүз. Ок жамгырдай жаап турган, кыйрабаган курулуш жок, шаардын калкы өлгөнүнөн калганы жер төлөлөрдө, айрым жерлерде немистер да кирип алган, оокат аш жетишпейт. Түнү менен уйку болбойт, чарчаганда окоптуп ичинде топуракты жазданып  жатып  уктап  катып каласын, командирдин үнүн укканда умачтай эле көзүң ачылат. Согушуп жаткан бизден да жарадарларды  ташыган санчастын медсестралары менен врачтарына өтө кыйын. Ок учуп туру, ышкырып келип жаңыңа түшөт же кулагыңдын  түбүнөн  ышкырып өтөт. Ошого деле көнөт экенсиң, ок учуп турса да окоптун ичи менен жүгүрүп снаряддарды ташып турабыз.

          Ошол күнү согуш катуу болду, таң эртең мененден чабуулга өттүк. Көчмө оорукана бизден он чакырымдай алыс калды. Жарадарларды ташыган сан бөлүктүн кызматкерлери да жетишпей жатышты. Жарадарларды ташып жатып да ок жеп калган кызматкерлер бар. Танкалык ротанын салдаттары да, танкалар иштен чыккандан кийин колдоруна куралдарын алып Волга дарыясы тараптан чабуулга кирдик. Аларды биздин ротанын командири жетекчиликке алды. Шаардын Волга көчөсүндө салгылашып жатабыз, ар кайсы үйдүн терезесинен октор учат, ошону багытка алып артилерияга кабар беребиз, снярддар уча баштайт.  Ошол күнкү кармашта биз тараптан 3 эле жоокер калдык, командир Иван Сергеевич, званиясы кенже лейтенант, анан бир катардагы солдат, анан мен, аңгыча эле автоматтан ок жаадырып жаткан солдатка ок жаңылды, ал жүрөгүн кармап барып, кулап түштү. Командир экөөбүз тындырбай атып турук, тушубуздагы имараттын талкаланган терезелеринен улам бир жеринен ок жаап кирет. Бир мезгилде эле командир Алик деп барып көмкөрөсүнөн кулап түштү, атканды токтотуп эле командирге жүгүрдүм, оң колдун колтугунун үстүнө карысына ок тийген, кудай жалгап сырт жагын сыйра коюп өтүп кетиптир, дароо колду эки жеринен бекем таңып, канды токтотуп калыштын аракетин кылдым. Тынчып калгандан пайдаланып, немистин эки солдаты биз тарапка жүгүрүп келе жатыптыр, жанымдагы гранатаны ыргытып калганга жетиштим, тынчып калды.

          Командир анчада барып эсине келди, бир аз суу ичирип, кан болгон жерлерин тазалап, ок көзөп кеткен жерин карасам кан токтоп калгандай. Бирок кыймылдай албай калды.

Онтоп жатып:

-Рядавой Айтмырзаев приказывыю, мени атып сал да, чоң жерге кабар берип, алдыга жыла бер, жаныңды сакта, мендеги папканы ал да, штабга  кабар бер,- деди.

-Жок жолдош командир, андай буйрукту аткара албаймын, мындай кыйын  учурда  мен командирди таштап кете албайм жана өз командириме ок чыгара албаймын. Азыр ар бир солдат, мекен үчүн кымбат дедим.

-Я приказываю,- деди.

-Жок жолдош командир, мен мындай приказды аткар албаймын,- дедим.

-Аскердик трибуналга кетесин,- деди.

-Ок атышуу, тыныгуу болгондой болуп калды. Иван Сергеевич Петирухин толмочунан келген, абдан чоң адам болчу, салмагы да жүз килограммдан ашык эле, анын үстүнө калың кийимчен,

-Командирдин буйрук берип кыйкырганына карабастан оозуна жүз аарчууну нымдап туруп тыктым да, оозун чүпүрөк менен башына айлантып байладым. Анткени кыжынып кыйкырганын немистер угуп калса мени да жайлайт. Так көтөрүп туруп жонума арта салып, аркага кайтып санчастка карай бет алдым. Аңгыча ок жаай баштады, дубалдан дубалга жашынып өтүп баратам. Эки сөзүмүн бири эле кудай сактайгөр  деп жалынып баратам, бир чакырымча  баргандан кийин жардар командирди жерге жаткырып, бир аз суу бердим.

-Мени атып сал, жанымы кыйнаба, өлүп баратам. Мени куткарам,- деп ок жеп өлөсүн, буйрук берем аткаргын солдат деп кыжынып жатат. Буйрукка баш ийбей, оозун таңып таштап баратам. Танган жеримен кан чыга баштады. Кансырап өлүп калабы деп да корко баштадым, андайда тынгууга убакыт жок, салмагы оор, көтөрүп улам жашынып жүрүп отуруп, көчөнүн башына чыга жаздап калдым. Чыныгы азап алдыда эле, санчастты карай туура баратамбы же адашып туш келгенген тарапка баратамынбы белгисиз. Жол ката онтогон адамдар, өлүп жаткан адамдар, ок жааган токтоп калды, бирок ар бир кадам коркунучтуу.

-Ии, андан ары эмне болду дебейсизби, деп адатынча өзү суроо берип алып, кайра жообун өзү айта баштады.

-Кудай жалгап, аркадан тамдын бурчунан эле бир машина чыга калды, карасам санчастын машинасы жарадарларды жүктөп келе жатыптыр.

-Токто эле токто,- деп кыйкырып баратам. Бир топко барып токтоп эле машинадан бир аскердик кийимче адам чыкты да.

-Сен солдат, башың жайындабы, ок жаңылып өлүп калсаң эмне болот. Бул ким деди?

-Командир,- дедим.

Кансырап сүйлөгөнгө алы келбей калган экен. Жарадар командирди  алды да мени таштап машина жүрүп кетти.

          ***    ***

    Курсак ач, үч күнгө деп берген кургак оокат түгөнгөн, бешенемдеги терди аарчып, шаарды көздөй казылган окоптун ичине түшүп бир аз эс алып алсамбы деп турсам эле. Салдат жардам бер деп бирөөнүн үнү чыгат, карасам окоптун ичинде дагы бир солдат жатат. Ок тийген, ара сүйлөйт. Айла канча аны көтөрүп машина кеткен тарапка дагы жөнөдүм, бул ирет окоптун ичи менен баратам. Эптеп жеткирдим. Башкы дарыгер:

-Сен азаматсың солдат, сен болбогондо командириң өлмөк, азыр акыбалы оор, бирок жашап кетер, кан көп кетип калыптыр. Сол колун кесебиз деди. Чатырга кирип көрөйүн десем, макул болбоду. Ага да кайыл болдум, башкысы тамак берди. Курсак тойгондон кийин чарчаганым билинди. Ашканада олтуруп уктап кетиптирмин. Медиктердин айтымында командирди он эки чакырым жерге көтөрүп келиптирмин, кудайдын кудурети, ок тийбегенине, шаардын үстүн кара түтүн каптап турат. Ар кайсыл жерде өрт, талкаланган. Бир дивизия кошумча күн келип, шаарды бошотуптур.

          -Анан эмне болду дебейсиңби?

          -Мен кайрадан бөлөк отрядга буйрук алып, кайрадан согушка кирип кеттим. Бизди Батыш Украина фронтуна жөнөттү. Шаардын атын унутуп жатам. Ошол жерде даярдык жүрүп жаткан. Мени аскердик сотко чакырып жатат дешти. Барсам, бир полковник аскердик чалгындоо башкармалыгынан экен. Суракка ала баштады.

          -Сен эмне жоокерлик антыңды унуткансыңбы? Эмнеге командирдин буйругун аткарбайсын, атууга кеткени жатасыңбы? Сталинграддагы салгылашууда, командирдин буйругун эмнге аткарбай койгонсун? Таак, кана айтчы?- деп мага суроолуу карап, макоркасын кагазга ороп, ары- бери баса баштады.

          -Жолдош полковник, ал жерде эки эле адам калдык, командир жана мен, атышып жатканбыз, командирге ок тийди. Ал мени атып сал деп буйрук берди, мен командирдин сөзүн укпай, жаратын таңып, кыйкыра бергенинен оозуна чачыкты тыгып, анан он эки километр жерге санчастка көтөрүп жеткирип, өмүрү сакталып калган. Мен кантип өзүмдүн командиримди атып салайын деп, билген төрт орусча сөзүм менен эптеп түшүндүрдүм.

          -А, эмне үчүн оозуна чачыкты тыккансың, буйрукту укпастан,-деди.

          -Жолдош полковник, эгер кыйкырган үндү немистер угуп калса, командирди да, мени да дал ошол жерде жайламак, анын үстүнө октон качып, көрүнгөн дубалга жашынып турсак, дедим.

          -А ушундай дечи,- деди макоркасын бурулдата тартып.

          -Так ушундай,- дедим.

          -Командирдин буйругун аткарбай койсо, атууга кетерин билет белең?

          -Билет элем, жолдош полковник.

          -Демек билип туруп, аткарбай койдуң. Ары -бери ойлуу басып жатты. Эмне деген чечимге келет деп, коркуп муундарым калчылдап кетти. Согуш бүтөрдө атууга кетсем, карыган атам менен апамдын көргөн күнү не болот, мына ошол ой мээме ойноп чыкты. Билип туруп аткарбай койгондугуң үчүн деп бөлмөдөгү столдун суурумасын ачканда, чындап коркуп кеттим. Пистолет болсо алып атып салат экен деп. Полковник төрт бурчтуу кичинекей кутуча менен бир барак кагазды алып чыгып, ошол буйрукту аткарбай койгондугуң үчүн «Каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланасың,- деп менин жаныма келип, төшүмө медалды тагып, бооруна бекем кысып кучактап койду.

          -Бирок мындан кийин буйрукту аткарбай коюну ойлонбогун деди. Атууга кетесин!

          -Мекен үчүн, Сталин үчүн кызмат кыламын!-деп кыйкырып жибердим. Сүйүнгөнүмдөн тер басып кетти. Ошентип жазыксыз өлүп калам деп аябай коркконмун. Бул медалды дал мына ошол кызматыма алганмын, деп жүзүнө сыймыктануу белгиси толуп албырып чыкты.

                                        ***

     Улуу Ата Мекендик согуштан келгенден кийин чарбада көп жылдар бою жетекчилик кызматтарда эмгектенди, уул –кыздарын үйлөп, өз тууруна кондурду. Согуштагы жана тылдагы эмгеги үчүн өзү туулуп өскөн Мукур айылынын борбордук көчөсүнө аты берилген. Көзү өтүп кетти. Чыныгы эл уулу болчу. Өмүр өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин деген ушул.

Абдымомун КАЛБАЕВ, акын –жазуучу, Аксы району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17