Аймак

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата: ТӨРТӨӨНҮН БИРИ ГАНА КАЙТЫП КЕЛГЕН

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата: ТӨРТӨӨНҮН БИРИ ГАНА КАЙТЫП КЕЛГЕН

 2,937 Бардыгы /

   Ноокат районундагы Күнгөй-Кожеке айылында жашаган Улуу Ата  Мекендик согуштун ардагери, көп жыл агартуу тармагында иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан  Гүлжигит Төрөевдин атасы Эрматов Төрө,  атасынын  инилери  Жоро, Карыбек кан майдандан кайтпай калышкан. Аны иликтей келсең, анын узун сабак таржымалы бар.

   Эрматовдордун ичинен биринчи болуп партиялык мектепте окуп жүргөн  Жоро майданга аттанат. Андан кийин Кеңеш аттуу  балалуу болуп калган эң кенже иниси Карыбек фронтко  кетет. Ошол  учурдагы жергиликтүү бийликтегилердин көрсөтмөсү менен аскер комиссариатынан төрт балалуу Эрматов Төрөгө да чакыруу кагазы келет. Ошондо жашы 18ге толо элек улуу баласы Гүлжигит «Инилерим өтө жаш, атамдын ордуна фронтко мени жөнөткүлө» деп суранып, өз ыктыяры менен кан майданга аттанган.

   Улуу  муундагы адамдардын эскерүүсүнө караганда  Төрө аксакал  эч кимден тартынбаган, ар качандан бир качан атка минерлердин кетирген кемчиликтерин  тике айткан адам болгон дешет. Мындай бетке чабар адамды чоңдор жактырчу беле?  Алар Төрөгө өчөгүшүп калган окшойт, анын эки иниси, чоң уулу согушта жүргөндүгүнө карабастан эң кичүү улуу Алан эми гана там-туң басып калганда күтүлбөгөн жерден райондук аскер комиссариатынан  чакыруу кагазы келет. Ошентип  кан майданга үч бир тууган Эрматовдор, Төрөнүн уулу Гүлжигит аттанып, төрт жоокердин үчөө тең туулган жерине кайтпай калган. Алардын ичинен бир гана оор жарадар болгон, кош балдак таянган Гүлжигит (1925- 2001) гана өз айылына келген.

   Гүлжигит жаш кезинен эле билимге кызыккан тетик бала болгон экен. Классташтарынын арасындагы эң жакшы окуган окуучулардын бири эле. 1939-жылы 7-классты «эң жакшы» баалар менен аяктаган. Ал мезгилде мектептерде мугалим жетишсиз болгондуктан РайОНОдон келген өкүл аны өзү окуган мектепке башталгыч класстардын мугалими кызматына дайындап кетет. Гүлжигит Төрөев  бул кызматта 1942-жылы согушка жөнөгөнгө чейин иштеп жүргөн. Фронттон келгенден кийин да мектепте иштөөсүн уланткан. Оор жарадар болгон буту жанын кыйнап жүргөндүгүнө карабастан 1949-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайына кирип, аны 1954-жылы бүтүргөн.

   Мектепте мугалим болуп иштеп жүргөн жылдары Оштогу мамлекеттик педагогика институтунда  сырттан окуп, 1975-жылы биология мугалими адистигине ээ болгон. Агартуу тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

     Маркум Гүлжигит агай болгонду болгондой бетке айткан, кошоматчылыкты  жактырбаган, чынчыл адам болгондуктан айылдаштары аны абдан урматтап, сыйлашчу. Калыстык үчүн ачык  айтыш керек, андан чарбанын, райондун жетекчилери кадимкидей сестенип турушчу. Ичинен канчалык жаман көрүшсө да, бет маңдай келгенде калп эле бөйпөктөп калышчу.

   Жараткан өз пендесин бирдей жаратпайт тура. Ага бул жашоодо кадам сайын күбө болосуң. Кээ бирөө өзүнүн үй -бүлөсүнүн материалдык байлыгын көтөрүүдөн башка нерсеге  көңүл бурбай жашоо кечирсе, айрым адамдар өз өмүрүн жалпы элдин кызыкчылыгы  үчүн  көп убактысын жумшап, кыйналса да, кысталса да ошол ишинен канагаттануу алып өткөрөт эмеспи. Гүлжигит агайды айылдаштары көпчүлүктүн кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон, элдин көйгөйүн жогору тарапка жеткирип, баштаган ишин аягына чейин чыкмайынча артынан түшүп алчу адаты бар адам катары көп эскерет. Жашы өйдөлөп калгандар эл чогулган жерде «Гүлжигит агай Күнгөй-Кожоке, Карабаш айылдарын  каптап кетчү селден сактап калган каналдын казылышына бирден бир себепкер адам болгон» деп көп  айтышат. Бул эки айыл ойдуң жерге жайгашкандыктан, адырдан келген катуу сел  жыл сайын адамдардын турак жайларын, огороддоруна эккен эгиндерин, тиккен  мөмө берчү дарактарын алып кетчү. Чарбанын айдоо жерлерине да көп зыян келчү. Гүлжигит Төрөев бир нече жолу бул көйгөй тууралуу райондун, облустун жетекчилерине кайрылган. Бирок алар бул маселеге олуттуу көңүл бурбагандыктан, айыл адамдардын баарына кол койдуруп, элдин арызын  Москвага чейин жеткирген. Ал мезгилде союз учуру. Москвадан келген көрсөтмө таасирдүү болгондуктан, 1966-жылы селге каршы каналдын курулушу бүткөрүлүп, ошондон кийин эл табигат кесепетинен кутулгандыгын Күнгөй-Кожеке, Карабаш айылдарынын жашоочулары ушул мезгилге чейин айтып, анын ысмын сыймыктануу менен айтышат. Элдин дагы баса белгилеп айтчу нерсеси, 1986-жылы ушул эки айылга таза суу тартылышына агайдын эмгеги абдан зор болгон.

  Башка айылдарга мектеп курулуп, эки айылдын балдары башка жердеги мектептерга каттап окуп, кыш күндөрүндө кыйналып жүргөнүнө жүрөгү ачышкан Гүлжигит агай башка ишин таштап коюп, анын артынан түшүп жүрүп,1986-жылы айылга 8 жылдык мектептин имаратын курдургандыгы  да элдин эсинен чыга элек. Башка айылдарга каттаган автобустар биздин айылга токтобой, эл ары-бери  каттоодон кыйналганда агай тиешелүү жерлерге кайрылып жүрүп, 1990-жылы айылга атайын маршрут ачтыргандыгын үчүн агайга ыраазылыгын ушул күнгө чейин айтып жүрүшөт.

Биз жакында Гүлжигит Төрөевдин уулу Үсөнгө жолугуп, агай тууралуу  маектешип калдык.

–  Менин жашым бир топко барып, неберелердин чоң атасы болуп калсам да, өз атамды көп эстейм. Атабыздын  айтуусунда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда миллиондогон адамдар курман болгон. Канчалаган энелер балдарынан, балдар аталарынан ажырап, алардын жүрөктөрүндө кылым бою өчпөс так калган. Кошчан деп аталган (азыркы Н.Исанов) айылдык кеңешинин аймагынан эле 400 жүздөн ашык кырчындай жигиттер фронтко кеткен экен. Кээ бир үй-бүлөдөн эч ким фронтко барбаса да, айрым үйдөн экиден, үчтөн адам кеткен учурлар да болгон экен. Ал кожекелик Абдираимдорду, Жариевдерди, чечтөбөлүк Сулаймановдорду,  аликелик  Эшматовдорду мисалга алып калчу. Алардын жарымынан көбүнө  туулган жердин топурагы буйрубай, сөөгү башка жерде калган. Майдандан кайтпай калган айылдаштарынын алардын катарындагы үч бир тууган Эрматовдордун рухуна арнап куран окуй турган.

   Ал бизге Улуу Ата Мекендик согуш учурунда  Севастаполь, Керч, Новороссийск сыяктуу шаарларды коргонуу учурунда баштан өткөргөн кыйынчылыктарды, санына тийген снаряддын калдыгы көп азап чектиргендигин, жарадар бутуна аскердик госпиталда, областтык ооруканада көп жолу операция жасалгандыгын айтып берип, фронттон кайтпай калган жакындарын эстегенде: «Карыбек акемден Кеңеш бар,  Жоро акемден урук калган жок…» деп көзүнө жаш алып, каңырыгы түтөп кетчү.  

   Биз 10 бир тууган  атамдын көзү тирүү мезгилде жыл сайын  9-майда чогулуп, аны куттуктап турчубуз.

   Бир топ жыл мурда айылдагы көчөлөргө ысым берүү демилгеси көтөрүлүп, ошондо да айылдын атка минерлери өздөрүнүн жакындарын ысмын берүүгө аракеттенип, тилекке каршы айрым көчөлөргө Ата Мекен, айылы, эли үчүн эч кандай сиңирген эмгеги жок адамдардын аты коюлуп калганына атам өтө капа болуп, өзүбүздүн көчөбүзгө Улуу Ата  Мекендик согуштун катышуучусу Эрматов Жоронун ысмын ыйгарууну сунуш кылган. Ага бир да адам каршы болгон жок, баары: «Агай туура айтат, жогорку көчөлөргө аты коюлган адамдар  жаш курагы жетип турса, Улуу Ата Мекендик согушка барбай, тоо-ташты аралап качып жүргөн адамдар эле. Аны туугандарынын абийирине коелу.  Күжүрмөн «Кызыл Жылдыз» орденин кавалери  Жоро абабыздын ысмы көчөгө коюлса биз үчүн сыймык, аны көргөн балдарыбыздын «эли, жери курман болгон баатырлар урматталып, даңкталат тура» деген патриоттуулук сезими ойгонот»  деп атамдын сунушун колдоого алышкан.   Айылдаштарыбызды ошол учурду да көп эскеришет.

     Атам апабыз Апиза экөө 10 баланы тарбиялап өстүрүштү. Кудайдын көзү түз болсун, бир тууган эжелерим, инилерим очор-бачар болуп, баары үлгүлүү үй -бүлө ээлери. Көпчүлүгү жогорку окуу жайларында окушуп,  эл керегине жараган уул, кыздар.

    Жакында Улуу Жеңиштин 75  жылдыгы зор салтанат менен өткөрүлмөк.  Бирок бүткүл дүйнөнү дүрбөлөңгө салган азыркы жагдайга байланыштуу бул дата белгиленбей калды. Бирок билген, түшүнгөн адамга анын баасы өтө эле кымбатка турган. Биздин муундагылар согуштун оор кайгы экендигин түшүнөбүз. Бирок өкүнүчтүү жери кийинки балдар убакыт өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согуштун маанисин мурдагы муундай сезбей баратат. Биз жаштарга Улуу Ата Мекендик согуштун кыйынчылыгын, Советтик жоокердин каармандыгын, ооруктагы эмгекчилердин Жеңишке кошкон салымын, Улуу Жеңиштин маани- маңызын түшүндүрүп берүүгө милдеттүүбүз.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы,
Ноокат району

Сүрөттөрдө:

1.Улуу Ата  Мекендик согуштун ардагери  Гүлжигит Төрөев,

2. Гүлжигит Төрөевдин күжүрмөн сыйлыктары.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17