Аймак

АВТОУНААЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУДА ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТАҢЫЗДАР!

АВТОУНААЛАРДЫ  ПАЙДАЛАНУУДА ӨРТ  КООПСУЗДУГУН САКТАҢЫЗДАР!

 1,323 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. КР ӨКМин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы райондук, шаардык бөүмдөрү менен биргеликте облус аймагындагы чарбалык обьектилерде жана турак жай секторунда өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүп келишет.

Аткарылган иш-чараларга карабастан 2020-жылдын ушул күнгө чейин облус аймагында 90 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 3 млн. 762 миң 487 сомду түздү. Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам 2 атуул  жана 47 млн. 377 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынган.

Өткөн 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 37,5 % азайган, өрттөн келтирилген материалдык зыян 75 % азайган. Тактап айтканда 2019-жылдын ичинде 144 өрт кырсыгы катталган.

Жогоруда катталган өрт кырсыктарын ичинен 12 өрт кырсыгы  (2019-ж. 13 өрт) автоунаалардан жана автоунаа коюучу жайлардан келип чыккан, келтирилген материалдык зыян 706 529 сомду  (2019-ж. 1 591 191сом) түзөт.

Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары жогорудагыдай өрт кырсыктарын алдын алуу, адам өлүмдөрүн, жарат алууларын болтурбоо максатында күнүмдүк турмушта жана автоунааларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелерин сактоону КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы эскертет.

Р.КААРОВ, КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ӨӨААжАКИБнүн башчысы, майор                                                               

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17