Аймак

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата: Жалал-Абад ОИИБи: МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕ БЕЛЕК БЕРҮҮ УЛАНУУДА

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата:  Жалал-Абад ОИИБи: МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕ БЕЛЕК БЕРҮҮ УЛАНУУДА

 2,007 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 9-май Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата Жалал-Абад областынын ШРИИБдери тарабынан ардагерлерге куттуктоолор айтылып, белектер берилүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Жеңиш күнүнө карата Аксы районунун  Кербен шаарындагы борбордук эс алуу багында түбөлүк оттун жанында 1941-1945-жылдары согушта курман болгондорду эскерүү митинг-реквием өткөрүлдү. Митинг-реквиемге Аксы РИИБдин начальниги, милициянын полковниги Шекербек Таңгиров жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, жеңүүчү аскердин айкелине гүлчамбар коюшту. Андан соң Аксы РИИБдин начальниги Авлетим айылында жашаган согуш ардагери Момунов Аваз аксакалдын үйүнө барып, жеңиш күнү менен куттуктап, белектерин тапшырды.

Майрамдык белек тапшыруу Ала-Бука милициясы тарабынан да көрсөтүлдү. РИИБнин начальниги, милициянын полковниги Райымбек Сулайманов баштаган топ Баймак айылынын тургуну 99 жаштагы Аскар Хайдаровдон кабар алышты. Аскар аксакал согуш мезгилиндеги кыйынчылык күндөрү азыр да көз алдына тартылып тураарын белгилеп, мындан ары андай апаат күндөр болбосун деп тиледи. Согуштун ардагери милиция кызматкерлери жанына келип майрамы менен куттуктап, белек-бечкектерин тапшырып, сый-урмат көрсөтүп жатышканына ыраазычылык билдирип, ак батасын берди. Ошондой эле буга чейин да милиция тарабынан колдоо көрсөтүлүп келгенин белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалады.

Ал эми Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери 97 жаштагы оруктун ардагери Тагаева Орозкул эне менен жолугушту. Орозкул эне согуш жылдарындагы ачарчылык, тылдагы кыйынчылыктар, эркектер согушка аттанып, кыз-келиндер оор жумуштарды аткаргандыгы тууралуу оор улутунуу менен айтып берди. Милиция кызматкерлери Орозкул апага бекем ден соолук каалашып, алып барган белектерин тапшырышты. Өз учурунда Орозкул эне ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.

Ошондой эле Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик менен 95 жаштагы Абдуллаев Ташбулат аксакалдан кабар алышты. Милиция тарабынан согуш ардагерине тынчтык заманды алып келгендиги үчүн алкоолор айтылып, белектер тапшырылды. Ташбулат аксакал майрам күнү формачандарды көрүп кубанып турганын айтып, көзүнө жаш ала ыраазычылык билдирди.

Эске салсак учурда Жалал-Абад областынын аймагында согуштун жана оруктун 31 ардагери бар.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17