Аймак

КАНДУУ КАЛАБАНЫН КАЙГЫ-МУҢУ ДАГЫЛЕ ТҮГӨНӨ ЭЛЕК

КАНДУУ КАЛАБАНЫН КАЙГЫ-МУҢУ ДАГЫЛЕ ТҮГӨНӨ ЭЛЕК

 1,402 Бардыгы /

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-июнда Ош коогалаңынын он жылдыга арналган иш-чараларга катышты. Адегенде ошол улуттар аралык араздашуу маалында каза тапкандарга куран окуп, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл чамбар дагы койду.

Ошко сапар тартаар алдында Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы кайгылуу июнь коогалаңынын он жылдыгына карата мекендештерине ачык Кайрылуу жасады.

– 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн кайгылуу окуя  эгемен мамлекетибиз үчүн эң оор сыноо болду. Биз көптөгөн мекендештерибизден ажырап, кайгы-муңга тушуктук. Каза болгондордун ата-энелерине, балдарына, жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Жабыр тарткандарга кол сунуп, жардам берген жалпы элибизге рахмат айтабыз. Ошол оор күндөрү өлкөбүзгө колдоо көрсөткөн Эл аралык коомчулукка дагы терең ыраазылык билдиребиз. Бул кайгылуу окуя коомдогу ынтымак  баарынан бийик дөөлөт экенин дагы бир ирет ырастады. Улуттар арасындагы биримдик, этностор ортосундагы ынтымак-ырашкерлик  ар дайым өтө аяр мамилеге, дайыма коргоого муктаж экенине   биротоло ынандык. Биздин өлкөбүздө Улуттук саясатты ишке ашыруу абдан кылдаттыкты талап кылаарын дагы даана аңдадык. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн, коомубуздун   тынчтыгын көздүн карегиндей сактоо  ар бирибиздин милдетибиз экендигин акыры эми гана түшүндүк! – деп чындыкты моюндады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Баса, республикабыздын соттору 2010-жылдан 2020-жылга чейин июнь окуясына байланыштуу 470 кишиге карата 254 кылмыш ишин карады. Мунун жыйынтыгында 224 иш боюнча 440 адамдын үстүнөн айыптоо өкүмү угузулду. 28 иш боюнча 28 адамдын кылмыш ишин токтотуу токтому кабыл алынды. Мындан сырткары эки кылмыш ишинин алкагында эки адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулду. Расмий маалыматтарга таянсак, Улуттар аралык араздашууга байланыштуу жүздөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Мындан тышкары этникалык кагылышты уюштурду деген күмөн менен Интерполдун линиясы боюнча 37 адамга эл аралык издөө дагы жарыяланды. Булардын арасында Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары Кадыржан Батыров, Иномжан Абдырасулов, Жалолиддин Салахутдинов жана коомдук ишмер Карамат Абдуллаева өңдөнгөнӨзбек Улуттук маданий борборунун өкүлдөрү жана ири саясатчылар бар. Булардын арасынан Кадыржан Батыров 2018-жылы декабрда Украинанын Одесса шаарында көз жумгандыгы, кийин сөөгү Өзбекстанда жерге тапшырылгандыгы кабарланды. Бирок, калгандары ар кайсы жагдайлардан улам ушул күнгө дейре кармалып, чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга алигүнчө алынып келине элек.

         – Ошол коогалаңдагы кылмыштардын 90 пайызы тыкыр иликтенген жок. Айыптуулардын 90 пайызы ар өлкөгө качып кетишти. Мындан тышкары соттук  жараяндардын 90 пайызы дээрлик калыс өтпөдү. Соттолуп, чечим чыккандары деле, абакка киргенден кийин мунапыс же дагы бирдеме болуп жатып, эптеп эркиндикке чыгып кетишти. Же жазасын жеңилдетип, болбогон бир 3-4 жылдык жаза менен гана кутулушту. Бул кылмыштарды караган соттор гана өлө байышты. Биз билгенден он чакты эле кылмышкер 10-20 жылга кесилгени болбосо, калганынын көбү жеңил гана жазаланашты. Басымдуулугу чет өлкөлөрдөн сөзсүз алынып келинет деп жатышкан. Анан эле алар ошондон ары башпаанек алып, чыгып кетишиптир. Кыскасы, жабырлануучулардан тергөөгө жана соттук иштерге ыраазы болгон кишини көрбөдүм, – деди тызылдады жабырлануучу, «Ош шейиттери» коомдук уюмунун жетекчиси Насипа Жанузакова.

         Ал эми он жыл мурун түзүлгөн Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, коомдук ишмер Бахтияр Фаттахов дагы Кыргыз бийлиги ушул тапта эли-журтуна ачык  отчет берүүсү абзел деп эсептейт.

– Улуттук комиссиянын материалдарын үңүлсөңүз, Кыргыз Өкмөтүнө, Башкы Прокуратурага кылмыш иштерди тыкыр көзөмөлгө алып, сөзсүз аягына чыгарыш керек деген тапшырма болгон. 2010-жылкы июнь окуясынын себептеринин бири тээ 1990-жылдагы коогалаңдын жыйынтыктарын көзөмөлгө албагандыктан эле. Он жыл мурдагы окуя дагы кылмыштардын жыйынтыгы көзөмөлгө таптакыр алынбай, ошол нерсе кайталанып отурат. Бул жоруктарды укук коргоо органдары кагазда калтырып койду, коомчулук дагы аны тыкыр көзөмөлгө алган жок! Мен Ош шаарынын комендантынын орун басары сыңары 4,5 миңдей жеке абыл алып, алардын Кайрылууларын тийиштүү мамлекеттик органдарга ошондо эле жөнөткөнбүз. Ал Кайрылуулардын жыйынтыгы боюнча дагы калайыкка таптакыр маалымат берилбеди. Элге, коомчулукка жана жабырлануучуларга чындык сөзсүз айтылышы кажет! Мындай нерсени аягына чыгарбасак, ушул тапта жаман окуялардын кайра кайталануу коркунучу жаралып олтурат. Кылмыштардын бети ачылбаса, эч ким жазаланбаса, окуядан эч ким сабак албайт! –деп чырылдады Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, коомдук ишмер Бахтияр Фаттахов.

         Айтмакчы, 2010-жылдын 10-декабрына карата Ош шаары, Ош, Жалал-Абад облустары боюнча Ош коогалаңында курман болушкан адам сөөктөрүнүн 426сы табылып, алардын 381и таанылган. 276сы өзбек, 105и кыргыз, 2 адам башка улут өкүлдөрүнөн экен. 45 сөөк  алигүнчө тааныла элек. Күч түзүмдөрү дагы чоң жоготууга учураган. Маселен, ИИМдин 10 кызматкери каза таап, 172си түрдүү даражада жараланган. УКМнын бир офицери көз жумуп, 2 согуш кызматкери жараланган. Денесинен жаракат алган 1930 жарандын 925ине ок жаңылган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17