Аймак

“Жалал-Абад жаштар коому” энелерди кубантышты!

“Жалал-Абад жаштар коому” энелерди кубантышты!

 1,974 Бардыгы /

“Жалал-Абад жаштар коому” шаарыбыз үчүн өз ишин 2014-жылдан бери улантып келет. Ушул жылдын 25-сентябрь күнү Жалал-Абад жаштар коомунун курамын жаңыдан толуктап, өз ишитерин энелердин  батасы менен баштоону туура көрүшүп, 27-сентябрь энелерге Айтындай апама орден, күбөлүк жана коомдун ыраазычылык баракчаларын тапшырышты.

Күтүүсүз жерден энелерге белек бекчектерин алып барган мырзаларды көргөн энелер аябагандай кубанышып, айрым энелер кубанганынан көз жаштарын жашыра алышкан жок! Энелер Жалал-Абад жаштар коомуна мыты каалоо айтышып, баталарын беришти!

“Омиин эми ушул күнгө жеткирип, ушул күнгө жеткирип, ушундай акыл-эс берип, ушундай ырыскы берген Алла Талаага эң биринчи мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз (С.А.В) көптөгөн салам салаваттар болсун. Өмүрүңөр узун, берекелүү болсун, келечегиңер кең болсун! Келечекте жакшы-жакшы кызматтарда иштегиле, ак таап, ак ичип, ата-энеңерди баккан, акыл-эсиңерди тапкан, Исламда жүргөн балдардан болгула. Качан? Кай жерде болсоңорда Аллахым түз жолуңардан адаштырбасын. Ылайым баштаган ишиңер байсалдуу болуп, бар болгула силергеда чоң рахмат! Ар дайыр жолунар ачык болсун, силерди тарбиялаган ата-энеңергеда чоң рахмат. Иштеринерди ийгиликтер коштосун!”-деп баталарын беришти кубанган энелер.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17