Аймак

Жөө жүрүүнүн пайдасы!

Жөө жүрүүнүн пайдасы!

 4,806 Бардыгы /

10 миң кадам тууралуу билесизби?!

Изилдөөлөр боюнча акыркы мезгилде адамдар бир күндө 1,5-2 миң кадам жөө басышат. Норма боюнча адам баласы бир күндө 10 миң кадам басышы керек. Дал ушул эрежени сактагандан улам жапон элинин өмүрү узун болгону аныкталган. 10 миң кадам кантип адамдын өмүрүн узартаарын төмөнкү макалада окуй аласыз.

10 миң кадамдын эрежеси

Жөө басуу ден соолугуңузга таасирин берүү үчүн жумасына аз дегенде үч жолу 10 миң кадам басуу керек.

10 миң кадам жаштар үчүн орточо 6-7 километр болот. Ал эми орто жаштан жогорулардын кадамдары кичине болгондуктан 3-4 километр болот. Бул аралыкты дароо жүрө албасаңыз алгач 5 миң кадам менен баштаныз.

Жөө басуу учурунда бир жерге шашып бара жаткандай тез басуу керек. 10 миң кадамды жарым саатта басып өткөндөй болуңуз. Ден соолугуңуз тез басууга мүмкүнчүлүк бербесе, жай басуудан баштаңыз.

Басуу учурунда башыңызды жерге салбаңыз. Башты тик, ийиниңизди түз кармап, колуңузду активдүү шилтегенди унутпаңыз.

Жөө басуу учурунда ичиңизден кадамдарыңызды санаңыз. Алгачкы күндөрү ар бир миң кадамдан кийин эс алып, жүрүүнү кайрадан улантыңыз.

Мурдуңуз менен дем алып, оозуңуз менен демди чыгарыңыз. Дем жетишпей бара жатса дароо токтобоңуз. Жүрүү темпин азайтып, анан токтогонуңуз туура.

Жөө басуунун пайдалары

Рак ооруларынын алдын алат

Кыймылсыз жашоо образын жүргүзгөн адамдарда бул илдетке чалдыгуу коркунучу эки эсе жогору болот. Андыктан, күнүнө 30 мүнөт жөө басуу адамдын рак илдетине чалдыгуу коркунучун азайтат. Өзгөчө ичеги-карын рагынан алыс болоруңуз анык.

Стресстен чыгарат

Стресс учурунда адамда кортизол гормондору пайда болот жана алар адамдын кыжырдануусу менен коштолот. Ойлонуу, ой жүгүртүү мүмкүнчүлүктөрүн азайтат. Бул учурда жарым саат таза абада жөө жүрүш жүз пайыз жардамын берет. Анткени жөө басуу учурунда кортизол гормону чыгып, анын ордуна эндорфин пайда болот. Бул гормон адамдын көңүлүн көтөрүп, мээнин иштешин жакшыртат.

Омуртка тутумун түздөйт

Омуртка тутумунун түз болушу үчүн күнүнө жарым саат басуу оң таасир берет. Жөө басуу учурунда кишинин скелетинин кыймылдашы омурткага массаж болуп, түз болушуна алып келет. Омуртка тутуму түз болсо, ички органдардын туура жайгашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошону менен катар кан да дененин жана ички органдардын баарына бирдей тарайт.

Жаштыкты узартат

Ар дайым жөө жүрүүнү салтка айланткан адам өзүн кыйла жаш сезет. Ар бир кыймыл аракет жүрөктүн согушун мүнөтүнө жетимиштен 100-150гө чейин жогорулатат. Жогоруда айтылган оору-сыркоолордон сактайт. Адам өзүн жеңил сезет жана баскан-турганы, кылган иштери жеңил жасалат. Америкалык окумуштуулар жарым саат жөө басуу эки саатка өмүрдү узартат деп белгилешкен. Андыктан жөө жүрүүдөн ээринбеңиз.

Жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын жана кан басымды нормалдаштырат

Жөө жүрүү учурунда кол жана буттагы кандын ылдамдыгы сексен пайызга жогорулайт. Бул адамдын кан басымын жана жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын азайтып, нормалдаштырууга жардам берет. Ал үчүн бир аптада беш жолу 30-40 мүнөт жөө басуу жетиштүү. Мындан тышкары инсультка кабылуудан сактайт.

Варикоздон сактайт

Жөө жүрүүдө булчуңдар активдүү иштеп, венанын көөп кетишинин алдын алат. Анткени кандын өйдө көздөй жүрүшүнө шарт түзөт. Андыктан жөө жүрүү варикоздун алдын алуунун эң ыңгайлуу жолу болуп саналат.

Органдардагы керексиз заттарды чыгарат

Жөө басуу кычкылтектин органдардын баарына бирдей тарашына шарт түзөт. Бул организмдеги клеткаларды каптаган ууларды, шлак жана тузду жок кылат. Активдүү жашоо образын бир калыпта улантсаңыз, керексиз заттардын организмди капташынын алдын алат.

Арыктоого шарт түзөт

Жөө басуу учурунда бир мүнөттө 5 калл жок болот. Бул көп болбосо дагы толук адамдар үчүн ыңгайлуу болуп саналат. Анткени жөө басуу чуркоо сыяктуу оор эмес жана муундарды чарчатып, көп күчтү талап кылбайт.

Сөөктөрдү бекемдейт

Басуу учурунда сөөктөрдү каптаган булчуңдар тартылып, сөөктүн бекем болушуна шарт түзөт. Бул учурда сөөктүн кальций алуу процесси дагы тез жүрөт жана адам кокустуктан кулаган мезгилде сөөктүн сынуу коркунучун азайтат.

Эмне үчүн 10 миң кадам?

Жөө жүрүү ден соолукка пайдалуу экенин баарыбыз эле билебиз. Бирок анын ден соолукка оң таасирин бериши үчүн 10 миң кадамдан кем эмес болушу керектиги швециялык окумуштуулар тарабынан аныкталган. Бул иизилдөөгө үч миңден ашык 18 жаштан 80 жашка чейинки ыктыярчылар катышкан. Анын негизинде жөө жүрүү уюштурулуп, бардыгы ар кандай аралыкта басып өткөнү аныкталган. Бирок бардыгы 10 миң кадамдан ашык жолду басып өтүшкөн. Мындан улам жөө басуунун нормасы 10 миң кадам деп белгиленген. Башкача айтканда адамдар андан дагы узак жолду жөө басып өтө алышат, бирок баарынын колунан келген аралык 10 миң кадам деп табылган.

Кызыктуу фактылар

Окумуштуулардын эсептөөсү боюнча жыйырманчы кылымдын башында адам баласы өмүрү өткөнчө орточо 75 миң километр жөө басчу. Ал эми учурдун адамдары орточо эсеп менен 24 миң км басышат.

Жарым саат чуркаган айымга салыштырмалуу жарым саат жөө баскан айым тез арыктаары окумуштуулар тарабынан аныкталган. Мунун себеби чуркаган айымдар көп энергия жоготуп, бат ачка болору жана чуркагандан кийин кыймылсыз абалда эс алууну тандашары аныкталган.

Жөө басуу учурунда мээнин иштеши эки эсе күчөйт.

АЙРЫМ КЕҢЕШТЕР

● Басканда денеңерди, ээк-башыңарды түз кармап, 6 метрчелик алды жагыңарды карагыла.
● Орточо ылдамдык алгыла. Энтиге сүйлөп калганчалык ылдам басуунун зарылдыгы жок.
● Арышыңарды атайылап кербегиле. Тезирээк басыш үчүн бат, кыска арыштагыла.
● Чыканагыңарды денеңерге жакыныраак кармап, колуңарды эки жакка эмес, алга-артка шилтегиле.
● Жерге таманыңарды тегиз койбогула. Кадам жасаган сайын салмагыңарды согончоктон буттун учуна оодарып, ошондо гана бутуңарды жерден көтөргүлө.
● Өзүңөрдү кошумча жүк көтөрүп басууга мажбурлабагыла: көнгөн кадамыңардан жазып, булчуң байламталарын же тарамыштарыңарды чоюп алышыңар ыктымал.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17