Аймак

НАВАЛЬНЫЙ «НОВИЧОК» МЕНЕН УУЛАНГАНЫН ЫРАСТАДЫ

НАВАЛЬНЫЙ «НОВИЧОК» МЕНЕН УУЛАНГАНЫН ЫРАСТАДЫ

 711 Бардыгы /

Химиялык куралга тыюу салуу уюму немис өкмөтүнө орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышы боюнча иликтөөсүнүн корутундусун жөнөттү. Анда Навальный «Новичок» заты менен ууландырылганы аныкталганы айтылат.

Уюмдагы немис өкмөтүнүн өкүлү корутундуну Химиялык куралга тыюу салуу боюнча Конвенцияга кол койгон өлкөлөрдүн баарына жөнөтүүнү жана коомчулук үчүн ачык коюуну суранды.

Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Навальный ооруканадан 23-сентябрда чыккан жана Германияда болуп, дарылануусун улантарын билдирген.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17