Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
745 Бардыгы / «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 18-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Конституция өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесине комментарий берип, анын процедураларына токтолду. Ал Баш мыйзамга ылайык өзгөртүү боюнча 80 депутат демилге көтөрө ала турганын тактады: «Бүгүнкү Конституцияга ылайык, өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизүү укугу 80ден кем эмес депутаттарга таандык. 10 депутат, президент, өкмөт киргизе […]
746 Бардыгы / «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 18-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Конституция өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесине комментарий берип, анын процедураларына токтолду. Ал Баш мыйзамга ылайык өзгөртүү боюнча 80 депутат демилге көтөрө ала турганын тактады: «Бүгүнкү Конституцияга ылайык, өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизүү укугу 80ден кем эмес депутаттарга таандык. 10 депутат, президент, өкмөт киргизе […]
ТЕКЕБАЕВ: 80 ДЕПУТАТ ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ КАБЫЛ АЛУУ БОЮНЧА ДЕМИЛГЕ КӨТӨРӨ АЛБАЙТ
19.11.2020 / Автор orozalieva

747 Бардыгы /
«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 18-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Конституция өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесине комментарий берип, анын процедураларына токтолду.
Ал Баш мыйзамга ылайык өзгөртүү боюнча 80 депутат демилге көтөрө ала турганын тактады:
«Бүгүнкү Конституцияга ылайык, өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизүү укугу 80ден кем эмес депутаттарга таандык. 10 депутат, президент, өкмөт киргизе албайт. Бирок 80 депутат өзгөртүү гана киргизе алат. А сиздер өзгөртүүнү эмес, жаңы Конституцияны киргизип жатасыңар. Керек болсо 120 депутат да жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча демилге көтөрө албайт. Өзгөртүү гана кыла аласыңар. Бул бир. Экинчиден, өзгөртүүлөрдү киргизип жатканда Конституциялык палатадан: «Биздин демилгебиз конституциялык нормалар менен жүрүп жатабы, бирдемени бузуп албадыкпы?» деп сурашыңар керек. Сурадыңарбы? Жок. Анткени Конституциялык палатада азыр кворум жок, алар жакынкы бир айда иштебейт. Эгерде ал жакка берсе булар 10-январга үлгүрбөй калат. Ошондуктан мыйзамды бузуп, Конституциялык палатага кайрылбастан, зордук менен, алдамчылык менен парламенттен алып өтүп кетебиз деп жатышат. Булар коомдук талкууда өзгөртөбүз деп жатышат, бирок талкуу убагында ага өзгөртүү киргизе алышпайт. Өтөт же өтпөйт».
Берүүгө катышкан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев мурда кабыл алынган Конституция догма эмес экенин, аны өзгөртүүгө болорун билдирди. Ал Конституциянын коомдук талкууга чыгарылган жаңы долбоорунун авторлору – парламенттин 80 депутаты экенин да белгиледи.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрь кечинде жарыяланды. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.
Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.
Укук коргоочулар жана айрым саясатчылар эгер бул долбоор кабыл алынса Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын айтып жатышат.
Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен.
WWW
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
13.11.2024 / Автор anarkan_kg КҮЗ МАЙРАМЫ – МЕКТЕПТЕ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.